Отунбаева оюн айтты, Атамбаев угабы?

Ачыгын айтканда кыргыз-казак чек арасында кырдаал кыйла оорлошуп турганы ырас. Эки дөөнүн кармашынан кара чымын кырылат болуп, эки өлкөнүн ажолорунун чукчуңдашканынан карапайым калк эле азапка малынууда.

Бул кырдаал боюнча саясаттагы лөктөр ар кандай пикирлерин айтышууда. Соцтармактарда болсо эл эки жаат болуп кырдаалды талкууга алып жатат. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева маселе өкмөттүк деңгээлде чечилбейт деген оюн айтып, “Эң маанилүүсү, азыр президенттен кадам болушу керек. Президент билет бекен, сезет бекен өзүнөн кеткенин? Ал кеминде кечирим айтылбаса да кандайдыр бир ыгын таап казак президентине кайрылышы керек”,- деди. 10-октябрда Кыргызстандан Казакстанга каттаган адамдар менен автоунаалар чек арадан өтө албай, тыгын, нааразылык пайда болгон. Муну казак тарап катардагы текшерүү операциясы деп атаган. Президенттик аппарат чек арадагы абал боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *