Думана аке

“Өз ата-бабаларыңдын атактуу экенин айтып гана койбой, мактануу да керек. Аларды сыйлабоо – уят келтирерлик наадандык” – Пушкин

Арбагы ыраазы болсун! Думана Аке. Жүздөгөн жылдар өтсө да атагы менен муундан-муун алмашкан журт ичинде оозго алынган өз кезегинин касиет жылоологон бул инсанынын өз аты Козубек. Атасынын аты Алымбек. Эмесе, бул сапар бабабыз Алымбек уулу Козубек жөнүндө төмөндө сөз учугунан кеп кылууну эп көрдүм.

Алымбек уулу Козубек бизге жеткен маалыматтарга караганда, 1720-жылдары азыркы Кочкор өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Жаңы-Алыш айылында Ийри-Суу жайлоосунун этегиндеги Каракол суусунун жээгине жакын аймакта жарык дүйнөгө келген экен. Бабабыз аталган аймактагы айтылуу Кемпирек уруусунан чыккан, ошол тукумдун көчүн улаган урпактарынан болот. Атасы Алымбек орто чарбалуу, өз оокатына тың, эч кимдин эмгегин жебеген карапайым адам болуптур. Энеси да жоош, момун, көп тыңшап, аз сүйлөгөн киши экени ушул кезге чейин урпактарынын арасында сөз болуп келет. Ал өспүрүм курагынан эле мүнөзү оор басырыктуу, токтоо өсүп, болочокто боло турган окуяларды алды ала баян эте койчу дешет. Алымбек уулу Козубек жаш чагынан эскиче сабаты жоюлуп, динди бек туткан, намаз окуган бала болуптур. Анын касиети күчтүүбү же Кудай Таалам тарабынан ага ушундай жышаан берилгенби, айтор, бир эле убакта ошол өрөөндөгү бир канча адамдардын көзүнө көрүнө калчу дешет. Бул киши өз кезегинде ар кандай кырсык тооруган, иши оңолбогон, балалуу боло албагандар менен оору-сыркоодон арылбагандарга түз батасын берсе, анын батасын алгандар кадимкидей иши оңолуп, баласыздар балалуу болушуп, түрдүү дартка кабылгандар куландан соо сакайып, кайрылгандардын кимиси болбосун баарына каарманымдын касиети кадимкидей таасир этчү экен. Козубек атабыздын кандайдыр бир колдоочусу болгонбу, азыркы Дөң-Алыш айылынын күн батышындагы Каракол суусу ээ-жаа бербей кирип турган учурда суунун аркы өйүзүнө көзгө илешпей (эч кандай көпүрөдөн же сууну кечип өтпөстөн) өтүп кеткендиги ушул кезге чейин эл оозунда айтылып жүрөт.

Эң алгачкылардан болуп ошол Каракол суусунан арык чаап, өзү жашаган түзөңгө суу чыгарып, дыйканчылык кылып эгин эгип, түшүм алчу экен. Алтургай Каракол суусунун жээгине суу тегирменин салдыргандыгы (азыркы убакта да ошол тегирмендин ордунда Токтогул аксакалдын тегирмени иштеп келип, кийинки эле жылдары иштебей токтоду), тегирменинен бей-бечаралар келип ун салдырса, алардан кала алчу эмес экен. Дагы бир угушубузда, балдары күнөө иш жасап коюшса “ун-талкан салдырганы келген элден жети күн бою кала албагыла” деп буюруп, жети күн өткөн соң “сенин күнөөң эми арылды” дечү тура. Кудай Таалам ыроологон куттуу касиетке ээ инсандын замандын алдын ала эмне болорун көрө билген олуязаадалыгы арадан канча убакыт алмашса да урпактары арасында ушул кезге чейин ооздон-оозго айтылып, сөз болуп жүрөт. Өзгөчө табияттын кандайдыр бир кырсыгы же жылдын кургакчылыгын алдыртан туюп, аны элине айтып, түлөө өткөздүрүп, ошону менен жамы журт ар кандай жамандыктардын алдын алып, кутулуп кетишчү экен. Мына ушундай касиетинен улам бул инсанды жалпы эл Козубек деп атынан атабастан, “Думана аке” деп атап калышат. Думана аке кыштын кыраан чилдеси түшкөндө өзү жашаган тегирмендин жанына үч чуңкур каздырып, кырк күн, кырк түн суу гана ичип, ошол чуңкурларда чилтенге түшүп, суукта түнөп отурган экен (ошол кезде казылган үч чуңкурдун нугу азыр да бар). Ушундан эле Думана акебиз жөн киши эмес, касиеттүү инсан экенин толук баамдасак болот. Тикелей урпактарынын айтымында, өз кезегинде кадимки Шабдан баатырдын эки жигити олуязаада акебиз жашаган өрөөндөн өтүп баратышып, алдындагы аттары жүрбөй калганбы, айтор, Думана акенин откозуп жүргөн атын өкүмзордук менен тартып алышып, суранганына карабастан минип алып баса беришет.

Азыркы Шамшынын белине баягы жигиттер чыга бергенде Думана аке кайдан-жайдан жетип барганы белгисиз, алдын торой жолугуп, экинчи жолу атын кайтарып берүүсүн өтүнөт. Көпкөн жигиттер кулак салбай, орой мамиле кылып короңдоп баса беришсе, касиет даарыган Думана акебиз Шамшынын белинин башынан кайрадан жетип барып, үчүнчү ирет атын берүүсүн суранган экен. Буга да көнбөгөндө каарманыбыз көпкөлөң тарткан жигиттерге нааразы боло тескери бата берген дешет. Олуязаада инсандын тескери батасына кабылышкан ошол жигиттер Шамшынын белинен Токмокту көздөй түшө берип, бир үйдөн козунун этин жеп отурганда бирисинин тамагына сөөк тыгылып, отурган жеринен жан бергендиги, экинчиси да көп узабай оорукчан болуп калгандыгы азыр да эл ичиндеги эскиден кабары бар ага-туугандарыбыздын арасында кызуу кепке айланган. Ушундан улам Думана акенин жөн киши эместигине кантип ынабай коёбуз? Дагы бир укканыма караганда, Думана акебиздин үйүндө эки кочкору болуптур. Бир күнү капысынан үй-бүлөсүнө олуязаада инсан эки кочкорунун бирин союп жеп, азык кылып алышын айтса, балдары эки кочкорду тең сойбой, мал кыла турушкандыгын кыйытып, атасынын кебине кулак салбай коюшат. Балдары сунушуна моюн толгоп койгон соң Думана аке “ай болбостур, өзүңөр билгиле”  дегендей колун шилтеп койгон экен. Ошол эле күнү кечинде баягы эки кочкор сүзүшүп, бирисинин бели сынып өлүп калыптыр. Негизи эле бул акылмандын айтканы айткандай, дегени дегендей чыкканы анын жөн киши эмес экенин айтып турат. Думана аке өзү 80 жаштан өтүп каза болот. Сөөгү керээзи боюнча бир кездери өзү суу чыгарган түзөңчөгө коюлат. Улуу кишинин көзү өткөн соң касиетинин күчтүүлүгүн ушундан бил, каза болгондон кийин да Думана акени ак тайлак минип учуп кетип бара жатканын өз учурунда көргөндөр болгон экен. Анысы күнү бүгүн да кадимкидей сөз болуп, айтылып келет. Буга анын тирүү кезинде эле адамдардын көзүнө учуп жүргөндөй көрүнгөнү менен атын тартып алышкан Шабдандын жигиттеринин артынан белдин башына чейин барганы далил болгонсуйт. Болбосо жөө жүргөн адам атчан кишиге белдин ашуусунан эмес, түз жерден да жөө-жалаңдап жетпейт эмеспи.

Башта Думана аке тирүү кезинде балалуу боло албагандар, дартка чалдыккандар андан бата сурап, иши оңунан чыкса, көзү өткөндөн кийин да олуязаада атабыз коюлган бейитинин башына Куран окуп, рухуна таазим этип кеткендердин көп өтпөй максат, тилек мүдөөлөрү аткарылганына, мойнундагы кысталыштарынан кадимкидей арылгандарына Думана акенин касиети таасир этерин ара-тородо айылга барып калганымда аксакалдар азыр деле сөз кылып турушат. Ошондой эле Думана аке жаткан бейитинин жанынан ары-бери өткөндөр ал кишиге карата туура эмес сөз айтса көп өтпөй жаман абалда калышып, кээлери дартка чалдыгып калышары кеп болуп жүрөт.

Ысык-Көлдөн чыккан Тилекмат аке, Мойт аке баштаган жети акеден тышкары түндүк Кыргызстандан жалгыз ушул Думана акебизге эл “Аке” деген бийик ысымды жогоруда баса белгиленген олуязаадалыгы менен касиеттүү даанышман инсан экендигинен, бей-бечаралар менен карапайым элге карамдуу, журтуна күйүмдүү, адилеттүүлүктү тутунган, оозго алынган жөн адам эместигинен улам көпчүлүк ыйгарып алышкан экен. Ошондуктан, мындай инсанды Ысык-Көлдөн чыккан Сарт аке, Кыдыр аке баштаган акелердин деңгээлинде эсептесек болот. Көл калаасынан чыккан жети акеге урпактары тарабынан ушул кезге чейин ызаат көрсөтүлүп, аларга арналып күмбөздөрү салынып, ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында тиешелүү жерлерге ыйгарып алышкан. Бул албетте, көңүл сүйүнткөн көрүнүш. Өкүнүчтүүсү, Ысык-Көлдөн чыккан жети акенин деңгээлиндеги Думана акебиздин ысымын кайсы бир жайларга ыйгарышты мындай кой, ага атайын арналып тургузулган күмбөз жок. Өзү туулуп өсүп, байырлап, кийин сөөгү коюлган Кочкордун Дөң-Алыш айылынын күн батыш өрөөнүндөгү (мурунку Жаңы-Алыш аймагы) талааны эл “Думан Аке участкасы” деп атап алышкан. Анын ысымы андан башка деле жайларга ыроолонбоду. Думана акенин сөөгү коюлган мүрзөдө чоң күмбөз жайгашкан. Чындыгында ал Думана акеге арналып тургузулган күмбөз эмес. Күмбөз даанышман акенин жакын тууганы болгон Абыке уулу Шарыпбекке арналып тургузулган. Ошол күмбөздүн жанында Думана акенин сөөгү илгерки коргондордун ичинде жанаша коюлган. Көпчүлүк эл ары-бери өткөндө Абыке уулу Шарыпбекке арналып салынган күмбөздү “Думана акенин күмбөзү” деп кабылдашып, өткөн-кеткенде Куран окуп турушат. Аныгында андай эмес. Думана акебизге арналып атайын күмбөз деле салынган эмес (илгери коргон салынса керек, азыр анын нугу эле калган). Ошондуктан, өз кезегинин мындай акылман, олуязаада инсанына, анын арбагына арналып, атайын күмбөз салынса эмнеге болбосун? Сөөгү жаткан жайдан Думана акебизге арналып түбөлүк күмбөз турса, Куран окуганы алыс-жакындан келишкен эл үчүн атайын күмбөздүн жанына отургучтар орнотулуп, айланасына бак тигилсе жаман болбос эле го? “Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөй барк албайт” дейт. “7-8-ноябрь көзү өтүп кеткен ата-бабаларды эскерүү күнү” деп экс-президент Атамбаев жакшы саамалыкты салт кылып белгилеп кетти. Идиректүү жигиттер өздөрү чыккан тукумдагы атактуу инсандарды алдарынын жетишинче алкап, эскерүү иш-чарасын өткөрүп, Куран окутуп жатышат. Мындай саамалыкты Думана аке чыккан Кемпирек уруусунун учурдагы урпактары аркалаганга неге болбосун? Аталган тукумдун уучу деле куру эмес го? Кудайга шүгүр, сыртта ачарчылык же жокчулук заман болбогон соң ар ким алына жараша колдон келген материалдык жардамдарын кылса, тамчыдан көл куралган сыяктуу көрүнүш болот эле да, туурабы? Эң эле болбоду дегенде даанышман акенин эки жылдан соң 300 жылдыгына карата деле бул ишти алдыртан жандандырып койгонго толук мүмкүнчүлүк жаралууда. Мындай шартта урпактары менен айылдаштарымдын болгону демилгелүү эрки керек болуп туру. Эмесе, мээ чөйчөгүмдөн чыккан ушундай идеямды алдыңарга жая турайын. Калган сөз дагы болоор.

P.S. Азырынча ушундай идеяны сунуштап койдум. Макаланы окуган соң эң оболу Кемпирек уруусунан чыккан ага-туугандарым, арылатканда айылдаштарым деле бул ишке кайдыгер карашпаса керек. Кудай-арбак үчүн сунушталган идея ишке ашып, аягына чыгып кетсе, ата-бабаларыбыздын алдындагы урпактык милдетибизди өтөгөн болоор белек?       

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *