Өзбек чек арачыларынын огунан жаракат алган жаран Бишкекте дарыланмай болду

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында октон жаракат алып, Намангандагы ооруканада дарыланып жаткан кыргызстандыкжаран 31-ян­варда кайтып келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.«Достук – унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктуна аны тосуп aлуy үчүн туугандары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, УКМКнын жана ИИМдин аймактагы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана дарыгерлер барышкан. А.У медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дароо Ош облустук аймактык ооруканасына жеткирилип, туугандарынын чечими ме­нен дарыланууну Бишкек шаарынан улантмай болду. Учурда анын абалы канааттандыраарлык. Мамлекеттик чек арада ок атылып, адамдын жара­кат алышына байланыштуу эки мамлекеттин тиешелүү органдары териштирүү, тактоо иштерин улантып жатышат. Эскерте кетсек, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында 27-январда саат 18:30 чамасында атылган октон Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун тургуну- 1979-жылы туулган А.У бутунан жаракат алган. Ал мал багып жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасынан өтүп кеткенин байкабай калган.

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *