Өзбек туугандар тарабынан сыйланган Айитбаев

Өзү Өзбекстандын Анжиян облусунда төрөлүп, кийин Кыргызстанда жогорку билим алган жана учурда Ош облусунда жашап жүргөн Идрис Айитбаев төкмөлүк, тамадалык өнөрү, айрыкча беш тилде ырдагандыгы менен таанымал болчу. Бирок мындан эки жума мурда ал кыргыз-казак акындарынын айтышына катышып, калыстар тарабынан ар кандай кынтык табылып, анын ичинде “англисче ырдады” деген күнөө коюлуп, 3-орунду алып, шаабайы сууп турган болчу. Кудай жалгап, өткөн жумада өлкөбүзгө расмий иш сапар менен келген Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев катышкан кыргыз-өзбек мамлекеттик делегациясынын урматына кыргыз президенти А.Атамбаев тарабынан берилген сый тамак учурунда ушул И.Айитбаевге эки элдин достугун даңазалап ырдоо сунушу түшкөн экен. Ал кыргыз, өзбек тилдеринде алты жылдан бери Анжияндагы ата-энесин көрө албай жүргөндүгүн жана башка арманын кошуп ырдайт. Комуздун коштоосундагы мындай жүрөк титиреткен ырларга жүрөгү жибиген Ш.Мирзиёев ордунан тура калып кол чаап, ошол замат Анжияндан үч бөлмөлүү үй, акыркы үлгүдөгү “Шевроле Малибу” автоунаасын белек кылды. Ошондой эле ырчыбызга бул белектерди Анжияндын хокими тапшырып жатып, жакында Идриске “Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын берүүгө даярдык көрүлүп жаткандыгын да жар салды. Албетте, А.Атамбаев да өзбек кесиптешинин белегинен кийин Идристи кучактап, “Менин сөөгүмдү агарттың”,- деп ыраазы болгон. Эми кыргыз “жылдыздарына” тартууланган бир наамды ыйгарып коёр бекен?…

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *