Өзбекстан Кыргызстандан картошка сатып ала баштады

Өзбекстан Кыргызстандан картошка сатып ала баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, октябрь айынын ортосундагы эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өзбек тарап Кыргызстандын 17 компаниясына картошка алып кирүүгө уруксат берген. Кыргыз дыйкандары менен “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясынын ортосунда 2 миң тонна картошка сатуу боюнча келишим тузүлгөн. Учурда Өзбекстанга кыргыз тараптан 66 тонна картошка жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 18-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып чыккан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *