Өзбекстан Ооганстанга “Талибан” менен сүйлөшүүгө жардам берет

Өзбекстан  ооган өкмөтү менен “Талибан” ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча түзүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Ооганстан Ислам Республикасынын президентинин КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча атайын өкүлү Шакир Каргар билдирди.

Дипломат маалымдагандай, Ташкент Кабулдун өлкөдөгү тынчтыкты калыбына келтирүү аракетин кубаттап эле тим болбостон, жарашуу жараяндарын дагы колдойт. Буга байланыштуу өз аймагында талиптер менен жолугушуу уюштуруп берүүнү сунуштоодо.

Мындан тышкары Өзбекстан Кабулдун Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуу үчүн берген арызын колдойт. Өзбекстан ошондой эле Ооганстанга маңзат коркунучу менен күрөшүүгө жардам берет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *