Өзбекстан Тажикстанга барчу темир жолду калыбына келтирет

Өзбекстан Тажикстанга бара турган темир жолду калыбына келтире баштады. Бул тууралуу тажик ММКлары кабарлашты.

Тажикстандын Хотлон облусуна бара турган темир жол он беш жыл мурда бузулган.

Маалыматка караганда, темир жолду калыбына келтирүү иштери жакынкы күндөрү аяктап, поездден марттын биринчи жарымынан тарта жүрө баштайт.

Ал күндөргө Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга мамлекеттик сапары белгиленген.

Ошондой эле ТашкентДушанбе жүргүнчү темир жол каттамдарын ачуу пландалууда.

Буга чейин эки өлкө өкүлдөрү Орусияга Өзбекстан аркылуу Түркмөнстады айланып өтчү темир жол байланышын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *