Өзбекстан жараны уулунун майып болушуна милиционерлерди айыптады

Каракалпакстанда укук коргоо кызматкерлери кечки саат 10дон кийин көчөдө жүргөнү үчүн 24 жаштагы жигитти катуу сабап салышканы айтылууда. Токмок жеген Закир Юлдашев майып болуп калган.

Окуя быйыл 8-мартта болгон. Жабырлануучунун апасы Гүлхон Нуруллаева Өзбекстан президентинин администрациясына, Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албагандыктан “Азаттыктын” өзбек кызматынан жардам сураган. Ал далил катары редакцияга уулу ур-токмокко алынган учур жазылган тасманы жөнөткөн.

–​ Ууулум 8-мартта 4-5 досу менен көңүл ачуу жайларынын биринде майрамдап жатканда, милиция келип аларды кубалаган. Достор көчөгө чыгып баратып өз ара тамашалашып, күлүшкөн. Ошондо милиция кызматкерлери булар бизди шылдындап жатат деп ойлошуп, аларды сабап башташкан. Мажбурап автобуска тыкмакчы болгондо, уулум каршылык көрсөткөн. 5-6 милиция кызматкери аны жерге жаткырып алып кол көтөргөн. Балам өзгөчө токмокту ИИМде жеген. Тааныбай калсын дешкенби, милиционерлер жарыкты өчүрүп туруп сабашкан, – деди Гүлхон Нуруллаева.

Анын айтымында, катуу токмоктолгондуктан, уулунун уйку бези жарылып кеткен. Операциядан кийин ал алты күн комада болуп, кырк күн ооруканада жаткан. Үй-бүлөсүн жалгыз баккан уулу түбөлүк майып болуп калган.

Гүлхон Нуруллаева Каракалпакстан прокуратурасына кайрылган. Бирок тергөөчүлөр милиция кызматкерлеринин аракетинде кылмыш белгилери жок деп, ишти жаап коюшкан. Андан соң ал Өзбекстан Башкы прокуратурасына арызданган. “Бирок азыркыга чейин эч кимди суракка чакырышкан жок. Мен ал жерде да ишти жаап коюшабы деп коркуп жатам”, – деди Гүлхон Нуруллаева.

Беруни райондук ооруканасынын дарыгерлери жана соттук-медициналык экспертиза адистери Закир Юлдашев жыгылып кеткен учурда жаракат алган деген бүтүм чыгарышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *