Өзбекстанда 10 миң сумдук акча жүгүртүүгө киргизилет

Өзбекстанда 10 миң сум номиналындагы эң ири жаңы акча жүгүртүүгө киргизилет. Банкноттун дизайны Олий Мажлис Сенатынын чечими менен бекитилген.

Документке ылайык, жаңы акчанын эскизи өлкөнүн Улуттук Банкына берилди. Жакынкы күндөрү 10 миң сомдук банкнотту жасоо иштери башталат.

Өзбекстанда учурда эң ири акча – 5 миң сум. Бул банкнот 2013-жылы 1-июлда жүгүртүүгө киргизилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *