Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот пайда болот

Өзбекстанда «Нооруз» майрамына чейин 100 миң сумдук жаңы банкнот пайда болот. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 28-декабрда кол койгон.

Маалыматка караганда, жаңы банкноттун алгачкы сериясы басылып чыгып, өлкө жетекчилигине тааныштырылды.

Учурда Өзбекстанда колдонуудагы эң чоң банкнот 50 миң сум. Ал жүгүртүүгө 2017-жылы августта киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *