Өзбекстанда акимдердин иши жаңы система менен бааланат

Өзбекстан президенти өкмөттүн жыйынында калкты иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдө акимдердин жана алардын биринчи орун басарларынын жоопкерчилигин көтөрүүнү талап кылды.

Өлкө башчы ар айдын жыйынтыгы менен жаңы жумуш ордун түзгөн акимдердин маянасын 15% жогорулатууну, ал эми бул ишти жөндөй албагандардыкын тескерисинче, 15% кыскартууну сунуштады.

Биринчи орун басарлар аталган талапты аткарса, айлыгы 20% көбөйөт, калкты жаңы иш орду менен камсыздай алышпаса, дал ушул өлчөмдө маянасы азаят.

Шавкат Мирзиёев өкмөткө тиешелүү токтомдун долбоорун даярдоону тапшырды. Ага ылайык, быйыл 1-марттан тарта калкты иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдө аткаминерлерге материалдык жактан дем берчү система иштеп баштайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *