Өзбекстанда фермерлерди сабаган раймилиция башчысы жоопко тартылат

Өзбекстанда Каршин райондук ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура кабарлагандай, раймилициянын мурдагы башчысы, фермерлерди сабоого айыпталган Жахангир Раджабов сурак берүүдө.

27-июнда Каршин районундагы фермерлер кургакчылыктын айынан, буудай тапшыруу боюнча планды аткара албай жатышканын билдиришкен. Талапты орундата албагандарды райондук милиция бөлүмүнүн башчысы башка-көзгө койгулап, сабаганы кабарланган. Бул окуя тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы макала жазгандан кийин ал кызматынан четтетилип, облустук прокуратура иликтөө жүргүзө баштаган.

​ Жахангир Раджабовго карата “Ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Фермерлердин бири Рахматулло Ходжамуродов билдиргендей, тергөө башталгандан кийин Раджабов жабырлануучулар менен макулдашууга аракет жасаган.

– 6-июлда төрт фермер Жахангир Раджабов менен талаадан жолуктук. Ал формачан келди. Бул жолу орой мамиле жасаган жок, күлүп, сыпайылыгын көрсөттү. Ал бизге катуу мамиле жасоого аргасыз болгонун, себеби “жогору жактагылар” андан иштин аткарылышын талап кылышканын айтты. Бирок ачык кечирим сураган жок. Биз ага баары мыйзам чегинде болушу керектигин билдирдик, – деди фермер Рахматулло Ходжамуродов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *