Өзбекстанда иш учурунда медицина кызматкерлерин көчө тазалоого мажбурлашууда

Өзбекстан президенти мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин шаарды тазалоо иштерине тартууга тыюу салганы менен жер-жерлерде бул тажрыйбаны колдонуу токтой элек.

Фергана облусунун Кувасай шаарындагы медициналык бирикменин дарыгерлери менен медайымдары көчөлөрдү тазалоого мажбурланып, ооруканага келгендер узак убакыт кезекке туруп калышкан.

– Шаар башчысы Адхам Зиявутдинов көчөлөрдү тазалоого мажбурлоодо. Биз медициналык бирикмеге көчөлөрдү тазалоо үчүн ишке орношкон эмеспиз да, биз дарыгербиз, бейтаптарды карашыбыз керек. Биз көчө шыпырып жүргөндө оорулуулар кезекке туруп калып жатат, – деди бирикме кызматкерлеринин бири.

Кувасай шаардык медициналык бирикмесинин жетекчилиги кызматкерлер шаарды көрктөндүрүү иштерине тартыларын тастыктады. Бирок көчөлөрдү негизинен техникалык кызматкерлер тазалашарын, алар бул жумуштарды өз ыктыярлары менен аткарышарын айтышты.

Быйыл 14-мартта Каттакурган районунда магистралдык жолдо таштанды тазалоо учурунда 23 жаштагы мугалимди жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Алган жаратынан улам ал ооруканага жетпей көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *