Өзбекстанда камактагы журналист жакындары менен жолукту

10-январда камактагы журналист Бобомурод Абдуллаевдин апасы, аялы жана балдары убактылуу тергөө абагында аны менен жолугушууга мүмүкүнчүлүк алышты.

Укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, жолугушууга атайын кызматтын өкүлдөрү дагы катышты. Абдуллаевдин туугандары анын ден соолугу канааттандырарлык экенин билдиришти.

– Жолугушууга биринчи апасы кирип, 10 мүнөт сүйлөштү. Андан кийин аялы, 15 жаштагы уулу Алихон менен 11 жаштагы кызы Фарида кирди. Бобомурод жакындары менен жолукканына абдан сүйүндү, аялы жана апасы ыйлады. Жалпысынан жолугушуу 25 мүнөткө созулду, – деди ал.

Абдуллаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө материалдары прокуратурага бериле элек. Мындан тышкары атайын кызматтын өкүлдөрү сот качан болорун дагы журналисттин туугандарына айтуудан баш тартышты.

44 жаштагы ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан былтыр сентябрдын соңунда кармалган. Ага «Бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштуруу» айыбы тагылган.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, ал 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *