Өзбекстанда «өзгөчө» автоунаа номурлары аукциондордо сатылат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу системасын жакшыртуу чаралары тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«2017-жылдын 1-сентябрынан тарта транспорт каражаттары үчүн талап кылынган сандар менен тамгалар айкалышкан мамлекеттик номурларды тандап алуу, анын ичинде аукцион өткөрүү аркылуу кымбат сатуу тартиптери киргизилсин», – деп жазылган токтомдо.

Өлкөнүн министрлер кабинетине бир айдын ичинде «өзгөчө» автоунаа номурларын тандап алуу тартиптерин бекитүү тапшырылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *