Өзбекстандагы тажик тилдүү мектептер жабылып калышы мүмкүн

Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районундагы беш тажик айылдын жашоочулары мугалимдердин жетишсиздиги маселесин чечип берүү өтүнүчү менен Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерине ачык кат жолдошту.

Кат Өзбекстандагы тажик тилдүү «Овози тожик» гезитинин акыркы санына жарыяланды. Анда 100дөн ашык тургун адискөй мугалимдердин жетишсиздигинен улам тажик мектептеринин жабылып калуу ыктымалдыгына тынчсызданылууларын билдиришкен.

Бул Өзбекстандагы тажик диаспорасы эне тилинде билим алуудагы маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийлигине кайрылган акыркы 25 жылдагы алгачкы учур. Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда тажик тилдүү мектептердин саны кескин кыскарып, жогорку окуу жайлардагы тажик тилинде билим берген факультеттер биротоло жабылып калган.

Бостанлык районунун тургундары быйыл жазында Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, тажиктердин өз эне тилинде билим алуу маселесине көңүл бурушат деп үмүттөнүн жаткандыктарын билдиришкен.

Катта ошондой эле Чирчик шаарындагы Педагогикалык институттун алдында тажик тилдүү мектептер үчүн мугалимдерди даярдай турган топторду түзүү өтүнүчү жазылган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, мугалимдердин жетишсиздигинен улам райондогу тажик улутундагы жашоочулардын көбү балдарын өзбек тилдүү мектептерге которууга аргасыз болушууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *