Падишахан Султаналиева: «Элизабет экөөбүз Олимпиадага эки жума калганда муз үстүндө жалгыз калып, бирде ыйлап, бирде күлүп Кореяга жөнөп кеттик…»

Өткөн дем алыш күнү бүткүл дүйнө жүзүн эки жума бою дүңгүрөткөн Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өткөн XXIII кышкы Олимпиадада аяктады. Анда кыргызстандык лыжа боюнча катышкан эки спортчубуз медал утпаганы менен муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча Казакстандын атынан катышкан Элизабет Турсынбаева алгачкы кыска программадагы мелдеште 15-орунду ээлеп, кийинки кеңири программага жолдомо алып, алтын медаль үчүн таймашкан 24 мыкты бийчинин тең ортосу болуп, 12-орунду ээлеп, кыргыз, казак элдеринин бүйүрүн бир топ кызытып койду. Анткени Элизабет кыргыздын жээни, апасы Падишахан Султаналиева Аксы районунан болот. Биз мындай кубанычка жетине албай, Кореяда кызынын апасы гана эмес, машыктыруучусу да катары камкордук көрүп жүргөн Падишахан айым менен байланышып, кыскача маек курууга үлгүрдүк. Андыктан өзүнүн толкунданып тургандыгына, убактысы тар экендигине карабастан “Жаңы Ордо” гезити менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк тапкандыгы үчүн Падишахан айымга алдын-ала ыраазычылык билдиребиз.

— Падишахан айым, кызыңыз Элизабет Турсынбаеванын Пхёнчхаң шаарындагы кышкы Олимпиадага катышуусу жана анда алгачкы программада 57,59 балл менен 15-орунду ээлеп, кийинки кеңири программага жолдомону утушу жана жыйынтыгында 12-орунду ээлеши бир эле өзү желегин көтөрүп чыккан Казакстанды, казак элин эмес, Кыргызстан менен кыргыз элин да кубанычка бөлөдү. Алгач Сиз өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Мен Султаналиева Падышахан Биймырзаевна 1971-жылы 1-майда Аксы районунун Итагар айылында туулгам. Мектепти бүтүп эле Москва шаарына окууга кетип, көп жыл билим алгам. Эки жогорку билимим бар, Горячкина атындагы МГАИУнун инженер-педагогикалык факультетин бүткөм. Андан кийин Ломоносов атындагы ММУнун Экономикалык факультетин аяктадым. Башка да көптөгөн кесиптердин ээсимин. Азыр болсо Алматыдагы спорт академиясында окуйм. Өмүр бою окуп иштейм, мен ушундай адаммын.

— Сиз кызыңызды качан муз үстүндө бийлөөгө машыктыра баштадыңыз жана Олипиадага чейин кандай мелдештерге катышты?

— Элизабет Турсынбаева кызым жана менин окуучум, төрт жашынан машыктыргам муз бийине, агасы Тимур Турсынбаев экөөсүн. Тимур спорттун чебери. Элизабет эл аралык класстагы спорттун чебери. Элизабет 2000-жылы 14-февралда, Тимур 25-июлда 1998-жылы Москва шаарында жарык дүйнөгө келишкен. Кичинекейинен ар кандай кесиптерге үйрөткөм экөөсүн. Музыкалык окуу жайын бүтүрүшкөн 8 жыл эң жогорку баалар менен окушуп. Элизабет скрипка, Тимур синтезатор бөлүмүндө. Азыр Канадада, Торонто шаарында жашап, машыгабыз. Дүйнөдөгү эң профессионалдуу тренер Брайн Орсер менен. Мен да, кызым да көп нерселерге үйрөндүк. Келечекте өз улуттарыбыздын спортсмендерин сөзсүз дүйнөгө алып чыга алабыз деп ишенебиз. Анткени куру кыялданбай, терең мээнеттенип, өзүбүз үлгү көрсөтүп жүрөбүз. Элизабет Турсынбаева көп жолку эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2016-жылы Норвегиянын Лиллехамер шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк жаштар Олимпиадасында коло медалды жеңип алган. Мындан тышкары 2017-жылы Япониядагы Азия кышкы оюндарында да коло медал алды. Эл аралык 30дан ашык мелдештерге катышты. Төрт жыл Олимпиадага даярданып, анын ичинен 16 жолу алтын медалдуу болду, калганы күмүш, коло байгелер.

— Балким, Олимпиадага катышуу үчүн лицензия алуу да оңой болбогондур? Элизабет алгачкы ирет Олимпиадага катышканы менен өзүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү. Бирок жакында эле травма алган турбайбы.

— Ооба, мындай дүйнөлүк чоң мелдешке катышуунун өзү эле оңой эмес. Элизабет Турсынбаева быйыл Шанхайдагы мелдеште жаракат алып калды. Ага карабай өтө каттуу аракет жасап, күмүш медалды жеңип алды. Торонтодо дарыланып жакшы болуп калган эле. Андан кийин Тайбей шаарына төрт континенттин чемпионатына барганда мурдагы травмасы козголуп кетти. Аргасыздан Олимпиадагы бир ай калганда Алматыга учуп келүүгө туура келди. Чоң кесипкөй врачтар чогулуп, консилиум өткөрүшүп, тез арада натыйжалуу дарылануу үчүн Дубайга жөнөп кеттик. Күндөр зуулдап өтүп жатты Олимпиада жакындап, көптөн күткөн Олимпиада бизсиз өтүп кетсе мээнет күйүп кетмек. Казак өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу аялзаттын муз үстүндөгү бийи боюнча Элизабет Турсынбаева дүйнөгө өзү менен кошо мамлекетин да көрсөтүп, өткөн жылы Хельсинкидеги дүйнөлүк жарышта Олимпиадага 2 лицензия утуп алып, бүткүл дүйнөнү таң калтырган. Ошентип казак мамлекетинин кыздары үчүн чоң жол ачылды Пхенчхаңда өтүп жаткан Олимпиадада. Дүйнө биринчи жолу көрдү Борбор Азияда да муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча кыздар бар экенин. Канча сөздөр болду, канча интрига болду 2-бекер белек лицензия үчүн ким барат деп. Оюна, түшүнө да кирбеген Олимпиадага жекече күрөшүп бара албаган Айза Мамбек кызына берилди. Бактылуу экен катышып, максатыма жеттим деп Инстаграммга сүрөтүн салды. Ким аркылуу жетти, кантип эмгектенди? Алга деп колдоп жүрөбүз биз бүткүл казак жана кыргыз кыздарын.

— Ушунча интрига, травмадан кийин кыска аралыкта кантип жогорку деңгээлде машыгууга жетиштиңиздер?

— Ошол жаракаттан кийин Дубайдан Алматыга келип, баарын башынан баштап машыктык. Эки эле жума калды Олимпиада башталарына. Мен жана Элизабет экөөбүз эле калдык бүткүл көйгөйлөрүбүз менен муз үстүндө. Бир күн ыйлайбыз, бир күн күлөбүз, чачтарым агарып кетти. Бирок биз Элизабет Турсынбаева кызым экөөбүз ушунчалык тырышчаакпыз, бири-бирибизди терең түшүнүп, кандай абалда болсок да жеңүүчү болуп чыгууга умтулабыз. Кылым карыткан өтө оор эки жума зуулдап өтүп кетти бир паста. Бекем кучакташып Элизабет Турсынбаева экөөбүз учуп кеттик Кореядагы Олимпиадага, эмне болсо болсун, Кудай жар болсун деп. Тарых жасоо жолун ушунча жылдар аракет жасап башка бирөөгө берүүгө акыбыз жок эле. Эгер травманын айынан барбай калганда, өзүбүз сүйрөп алып чыккан Айза Мамбек кызы тарых жасаган болуп калмак, мен бул жагдайды өтө кылдаттык менен түшүндүрдүм Элизабетке. Бүткүл жардамыңды аяба Казакстан, Кыргызстан өлкөң үчүн, бирок өзүңдү кор кылба, ар дайым бек тур деп. Алгач кыска программада 15-орунду алды. Бирок программадагы алынган бонусту кошпой эсептеп коюшкан экен, барып айтсак кайра баштан эсептеп, кечирим сурашты. Андан соң Олимпиадада произвольная программага жолдомо алып, буюрганы экен, 12-орунду ээледи.

— Социалдык тармактагы баракчаңызда Элизабеттин Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен жолугушкан сүрөтү жүрөт. Ал качан, кай жерде болгон жолугушуу?

— Казакстандын Президенти Нурсултан Абишович Назарбаев менен жолугууга 2017-жылы Азия Кышкы оюндарында коло медал алып, Олимпиадага 2 лицензия утуп алганда чакырган Элизабетти. Айта кете турган нерсе, Элизабеттин атасы қазак, Кызыл-Ордодон болот. Бул өзүң кыргыздын кызы болуп туруп эмнеге Казакстандын атынан чыгасыңар дегендерге жооп. Бирок Элизабет орус курама командасында болгон эң башында. Бирок кийин андан баш тартканбыз, өзүбүздүн элдерибизге мээнет кылалы деп. Эң башында өтө кыйналдык, көп каражаттарды өмүр бою балдарыбызга жумшайбыз жолдошум экөөбүз.

— Ар кандай эл аралык мелдештерге даярдануу, катышуу чоң каражатты талап кылат эмеспи. Ушул маселелер кандай чечилүүдө жана Элизабетти канадалык машыктыруучу кантип машыктырып калды?

— Учурдан пайдаланып кызым экөөбүзгө баардык жардам берген казак жигиттерине ыраазычылык билдирем. Жаракат алганда спорт министри, спорттук бейтапкана, көптөгөн чиновниктер кайдыгер болбой, жардам беришти. Урматтуу жолдошум Байтак Абилханович Турсынбаевке чексиз ыраазычылык билдирем, бардык чыгымдарды өзү жапты. Урматтуу уулум Турсынбаев Тимур Байтаковичке да рахмат. Эң оор күндөрү атайын жумушун таштап Алматыга учуп келип, карындашы Элизабетти машыктырууда колдон келген жардамын берди. Үй-бүлөлүк достук эң кымбат нерсе. Брайн Орсерге рахмат, Олимпиадага келерибиз менен профессионалдуу жардам көрсөттү. Канадалык профессионалдар бизден ар дайым жардамын аябайт.

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *