Ишемби, 24 Февраль, 2018 - 15:19
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Чыныбай Турсунбековдун логикасы чатак…

Парламентте Ысык-Көлдүн айланасындагы көлгө жакын салынып жаткан курулуштарды чектөө боюнча маселе каралып, экс- спикер Чыныбай Турсунбеков бул мыйзамыңар иштебейт деп күңкүлдөдү. Жүйө катары «мыйзамда Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метр алыстыкка курулуш […]

Шайназаров калпычыбы?

Жогорку Кеңештин депута­ты Тынчтык Шайназаров парламентте ТЭЦтеги авариядан соң мамлекеттик органдар 386 миллион доллардын дайнын таба албай жүргөн кезде, “Бишкек жылуулук түйүндөрү” ишканасынын башкы инженери Михаил Кургановду коррупцияга айыптап, анын […]

“Казакмыс” компаниясынын жумушчусу өндүрүштө алган жаратынан көз жумду

«Казакмыс» компаниясы 22-февралда Караганда облусундагы байытуу фабрикасынын жумушчусу иш учурунда алган жаратынан көз жумганын билдирди. Маалыматтарга караганда, 1994-жылы туулган жумушчу Жезказган байытуу фабрикасынын көмөк чордон кампасында кабелдерди тегиздеп жаткан маалда жаракат […]

Чубак ажыга мамлекеттин тиши өтпөй калдыбы?

«Ноорузду майрамдабагыла, динден чыгып каапыр болуп каласыңар» деп улуттун баалуулуктарына каршы чыгып, кыргыз элин экиге бөлүп чагымчылдык кылып жаткан Чубак ажыга мамлекет тарабынан катуу көзөмөл керек болуп турат. Антпесе мунун […]

Нарын Айыптын үйү сатылбайт…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналист Нарын Айыптын батирин сатыкка чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу экс-президенттин өкүлү Нурбек Сыдыков билдирди. Канткен менен Атамбаев туура кылды. Эми доодон кечип айкөлдүк кылса деле ашыкча […]

Петербургда токмок жеген өзбекстандык айдоочу каза тапты

Петербургда маршруттук таксинин айдоочусу – Өзбекстан жараны жүргүнчүлөр менен мушташып, алган жаратынан мерт болду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирет. Окуя 21-февралда Ленин проспектисинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 49 жаштагы айдоочу менен […]

Шадиев да жоопкерчилик тартсын

Жогорку Кеңештин депута­ты, 1-вице-премьер министр Аскарбек Шадиев эмнеге жоопко тартылбайт деген суроо коомдо кабыргасынан коюлууда. Анткени Шадиев Жогор­ку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы кезинде КМШнын Парла­мент аралык ассамблеясынын […]

Клара Кабилова депутат болуп келет

БШК Жогорку Кеңештин депу­таты Аида Салянованын соттолгонуна байланыштуу мандатынан ажыратуу боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгарганы турат. Аида айым Жогорку Кеңеште мандатынан ажырай турганын билип, парламент трибунасынан сотторго, прокурорлорго карата нааразычылыгын […]

Тажикстанда маңзат аткезчилери тууралуу маалымат берген киши дискриминацияга кабылды

Пенжикент районунун 47 жаштагы тургуну Муртазо Зубайдов 22-фералда жашыруун түрдө тиешелүү органдарга эки маңзат аткезчи тууралуу маалымат берген. Анын негизинде төрт киши кармалган. Маалымат берүү учурунда ал ысымынын жашыруун боюнча […]

Өзбек-тажик чек арасындагы “Каримовдун дубалы” бузулду

18-февралда Тажикстандын Согди облусу менен Өзбекстандын Самарканд облусун бириктирген «Саразм-Жартеп» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги чоң дубал бузулду. Ал калк арасында «Каримовдун дубалы» деген аталыш менен белгилүү. Дубал эки өлкөнүн чек ара […]

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор камалды

22-февралда Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды. «Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары билдиришкендей, он күн мурун анын 42 жаштагы уулу Алишер Кадыров өлкөдөн чыгып кеткен. 22-февралда Көзөмөл органынын […]

БШК жоопко тартылабы?

Жогорку Кеңеште кыргыз элине мыйзам чыгаруу үчүн, казак жаранына депутаттык мандатты тапшырган Борбордук шайлоо комиссиясы жоопко тартылабы деген суроо туулат. БШКда иштегендердин көзүн май басып калганбы? Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде Казакстандын […]

Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир тонна бешбармак жасалат

Бишкекте 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата бир тон­на бешбармак даярдалат. Иш чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектештиги» долбоорлору уюштурат. Бул тууралуу «Кыргыз тилектештиги» коомунун […]

Алтынбек Сулаймановдун деңгээли Мырзакматовго жетеби?

Жогорку Кеңештин спикерлигин көздөп, бирок тилеги ишке ашпай калган Алтынбек Сулаймановдун учурдагы максаты Ош шаарына мэр болуу окшойт. Шайлоодо Соорон­бай Жээнбековдун талапкерлигин жакшы колдоп берди. Бир ирет Текебаев “Алтынбек Сулайманов […]

Сооронбай эмес, Асылбек Жээнбеков президент болгондой

Сооронбай Жээнбеков эмес эле, анын үкөсү Асылбек Жээнбе­ков президент болгондой элес калтырууда. Кызмат сурагандардын баарысы чака-чайнегин, аны-мунусун көтөрүнүп алышып, Асылбектин ЖКдагы иш бөлмөсүндөгү кабылдамасында кезекте турушат бытырашып. Асылбек эле эмес, […]

“Кудайберген” базарын көчүрүү керек

“Кудайберген” унаа базарын шаардын сыртына көчүрүү керек болуп турат. Базардын айланасын мындай коюңуз, базар жайгашкан көчөдөн өтүү өзүнчө эле машакат жаратууда. Жол жээгиндеги үйлөрдүн баарысы машине оңдоочу жайга айланган. Иретсиз, […]

Замдарды эмес, самдарды жазаласаңар болмок

Премьер-министр Caпap Иса­ков бир топ министрликтердин орунбасарларына сөгүш берип, айрымдарын иштен алды. Качан биздин өлкөдө ЗАМдар эмес САМдар жооп берген мезгил келет? Орунбасарларды жазалагандан баш­ка жол жокпу? Алар өз алдынча […]

Чыныбай Турсунбеков коррупцияга каршы күрөштүн биринчи курмандыгы болуп калышы мүмкүн

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого чейин, өзүн Атамбаевден кийинки киши катарында көрчү эле. Кайран киши, кимдир бирөөлөрдүн саясий оюнуна кабылып калды да. Болбосо тынч эле иштей берет эле. Атамбаев менен кайраштырып […]

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү: “Президент элдин мүдөөсүн ишке ашырганга милдеткер”

– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби? – […]

Премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Өкмөт башчысынын куттуктоо тексти: «Урматтуу жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер, офицерлер жана генералдар! Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн атынан […]

Узарбек Жылкыбаев ичти жылытты

Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев МАИ кызматкерлерине болгон мамилеси менен ичти жылытты. Бул жигит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийээрин, МАИ кызматкерлерин сыйлаарын билдирди. Бишкекте түнкү рейд учурунда […]

Оппозициясыз абал кооптуу

Президенттик жарышта бир тыйын акча коротпой эле жүз миң добушка ээ болуп 3-орунда келген Адахан Мадумаров, шайлоодон кийинки абалга тынчсызданып, «Президенттик шайлоо бүттү. Анан эле жымжырттык өкүм сүрдү. Кечээки өлкөнүн […]

Абактагы үч саясатчынын экөө ачкачылыгын убактылуу токтотту

Саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу менен абактагы саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров ачкачылыгын убактылуу токтотту. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев “Азаттыкка” билдирди. “Дарыгерлер “ден соолугуңар […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Куралдуу Күчтөр – мамлекеттүүлүктүн тиреги!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды Мекенди коргоочулардын күнү менен чын пейилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат […]

Аида Саляновадай билимдүү депутаттар керек эле

Жогорку Кеңештин атамекенчи депутаты Аида Саляновага карата соттун чыгарган чечиминен кийин, анын мандатынан ажыроосу күтүлүүдө. Абдан өкүнүчтүү. Парламентте контрабандисттер, наркобарондор, соодагерлер, коррупционерлер отурганча, Аида Саляновага окшогон билимдүүлөр отурса жарашмак. Салянова […]

Шайырбек Бопонов өзүнүн эле иш бөлмөсүн кооздоп, короздонгонун койсо

Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчысы Шайырбек Бопонов тууралуу гезитибиздин өткөн сандарында жазганбыз. Шаар МАИсине башчы боло калып эле, биринчи ишти өз бөлмөсүн кооздогондон баштаптыр. Мебельдерди алдырып, ремонттотуп дегендей. Кайран жигит, […]

Текебаев мөөнөтүнөн мурда чыгуусуна Атамбаев гана таасир бере алат

“Ата-Мекендин атасы Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда камактан чыгарылат окшойт. Бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кулагыбыз чалды. Бирок укук коргоо органдары Текебаевдин тагдырын өз алдынча чече алышпайт. Сөзсүз түрдө бийликтен көз […]

Чубак ажы оозуна келгенди оттоп калды

“Шарият боюнча ага-инилер куда-сөөк болсо болот, бирок ага салтыбыз жол бербейт” – деп билдирген Чубак Ажы Жалилов күйөрмандарынын суроосуна жооп берип жатып. Мындан улам, учурда бул айткандары коомчулуктун чоң талкуусуна […]

Дамирбек Асылбек уулу ОПГ мүчөсү беле?

Казакстанда кармалган кыргыз де­путаты Дамирбек Асылбек уулу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон деген маалыматтар тарады. Бирок бул маалыматка карапайым эл таңгалган деле жок. Анткени, Жогорку Кеңешке капчыгы калыңдар, соодагерлер топтошуп […]

Видео – Черчиллдин учкул сөздөрү кыргыз тилинде чыкты

Бишкекте Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү. “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунан билдиришкендей, Черчиллдин мыкты сөздөрүнөн турган […]

Сооронбай Жээнбеков ОПГга каршы чыкканга духу жетеби?

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү токтоп калды. Бандиттер баш көтөрө баштады. Ысык-Көлдө жергиликтүү бандиттер ка­рапайым элге, ишкерлерге тынчтык бербей калды. Жергиликтүү укук коргоо органдары алсыз болуп жатат. Чолпон-Ата шаарында Кам­чы Көлбаевсиз […]

Видео – Түрмөдөн кийинки түйшүк

Чехиянын Йиржице аймагында адаттан тыш түрмө иштей баштады. Бул жерде темир тор жок, курал кармаган кароолчуну да көрбөйсүз. “Биз жана дүйнө” берүүсүндө дал ушул “Ачык түрмө” долбоору жөнүндө айтып беребиз. […]

Төлөгөн Келдибаев, жарандык активист: “Президент мындай кадамдарга барбаса элдин бийликке болгон үмүтү өчөт”

– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби? – […]

Арак менен байыса, абийир менен карыса…

Шаршенбек Абдыкеримов деген ишкер Максим Бакиев менен кошуна болоюн деп Лондондон бир кап долларга көп кабат үйдөн квартира сатып алганы бар. Үйдүн бийиктигине көз жүгүртөйүн деп өйдө карасаң тебетейиң түшөт […]

АКШнын Черногориядагы элчилигине граната ыргытылды

Черногориянын полициясы менен АКШнын Мамлекеттик департаменти бейшембиге оогон түнү Кошмо Штаттардын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытылганын ырасташты. Жарылуудан элчиликтин имараты жабыраган эмес, бирок кол салган адам өзү каза болгон. Жергиликтүү прокуратура […]

AI: Казакстанда сөз эркиндиги дале чектелген

2017-жылы Казакстанда көз карандысыз кесиптик кошуундар кысымга учурап, жарандык активисттер жана бийликти сындаган журналисттер куугунтукка алынган. Бул тууралуу эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы […]

Түркмөнстанда быйыл 3 миллион бак отургузулат

Өлкө бийлиги быйыл 3 миллион көчөт отургузууну пландап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады. 9-февралда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы көчөттөрдү, анын ичинде түшүм берчү бактарды отургузуу өнөктүгүн баштоо […]

Тажик-өзбек чек арасында дагы беш көзөмөл-өткөрмө бекет иштей баштайт

Тажик бийлиги Ташкентке эки өлкө чек арасында дагы 5 көзөмөл-өткөрмө бекеттин ишин калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу Тажикстандын Бажы кызматынын Согди облустук башкармалынын жетекчиси Бахром Исматуллоев билдирди. Анын айтымында, жыл […]

Салайдиндин сазайын окутсаңар боло

Жалал-абад шаарынын мэри Салайдин Авазов учурда өзүн эч кимге теңешкис кызматкер деп эсептейт. Чындыгында андай эмес. Жалалабаддыктар Салайдинди көрөйүн деген көзү жок экени бештен белгилүү. Авазов шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чуркап […]

Видео – Орусияда маршрутканы жардырууну көздөгөн алты тажикстандык соттолду

Москва округдук аскердик соту 2016-жылы августта Подмосковьеде маршрутканы жардырууга аракет кылган алты тажик жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эрктеринен ажыратты. Маалыматка караганда, алар «Ислам мамлекети» тобунун жактоочулары болгон жана […]

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Эл көптөн бери күтүп жаткан сөздөр айтылды”

– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби? – […]

Өзбекстанда Анжиян окуясынан кийин камалган активист эркиндикке чыкты

21-февралда Өзбекстанда оппозициячыл активист жана укук коргоочу Исраил Халдаров эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов билдирди. Халдаров 2003-жылдан тарта оппозициялык “Эрк” партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн да жетектеген. […]

Жээнбековдун журналистке доосун канааттандырган өкүм күчүндө калды

Жогорку сот 22-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго койгон доосу боюнча ишти карап, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Карабеков өзү “Азаттыкка” билдирди. […]

Төрага Д. Жумабеков: «Ата Мекенди коргоо – ар бир кыргызстандыктын ыйык парзы»

Ата-Мекенди коргоочулардын  күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоосу Кадырлуу мекендештер! Урматтуу Ата-Мекенди коргоочулар! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Ата-Мекенди коргоочулардын  күнү менен чын дилимден куттуктайм. […]

Фотобаян – 2017-жылы экономиканын өсүшү 4,5 % түздү

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү. Бул туурасында бүгүн, 22-февралда, өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн […]

Светлана Керимкулова: “Бактылуу балалыкты кайрууга болбойт, бирок аны тартууласа болот”

Борбор калаадагы №67 мектеп Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жана алтын медалдарды алгандардын саны боюнча дайыма алдыңкы муниципалдык мектептердин катарында жүрөт. Бул жерде окуу абройлуу болуп саналат, шаардын ар-кайсы жерлеринде […]

Токмоктогу наристелер үйүндө өрт чыгып, 14 бала эвакуацияланды

2018-жылдын 21-февралы саат 14:22де Чүй облусунун Токмок шаарынын Гагарин көчөсү №82 дарегинде жайгашкан “Наристелер үйүндө” электр калканы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №21 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат […]

Клипмейкер Эрнист Сыдыков: «Карыздарымдан чекесинен кутулуп жатам»

Учурда ырчылар, ага жараша клипмейкерлердин да саны арбын. Алардын арасынан суурулуп чыгып биринчи болуу – ар биринин кыялы. Ошондой клипмейкерлердин бири, жаштайынан бул чөйрөгө кадам таштаган, жаш болсо да таанымал […]

Адил Турдугулов, активист: “Коррупция менен күрөшүп жатканды ажобуз сөз менен эмес, иш менен тастыкташ керек”

– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби? – […]