Бейшемби, 17 Август, 2017 - 7:57
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Украина: Eurovision-2016 cынагына Кыргызстанда туулган Жамала тандалды

Украинада 21-февралда Eurovision-2016 сынагынын улуттук тандоо туру аяктап, ырчы Жамала жеңишке жетти. Эми ал май айында Швецияда өтө турган популярдуу ыр сынакта Европанын башка мамлекеттеринин ырчылары менен күч сынашат. 32 […]

Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди

Кытайда маңзат менен кармалып, өлүм жазасына тартылган кыргызстандык Светлана Кулбаеванын сөөгү Бишкекке алып келинип, 20-февралда уулуна өткөрүлүп берилди. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, маркумду алып келүүгө өкмөт көмөктөштү. Чүй облусунун тургуну […]

Видео – Куудул Тынар Курбаналиев “120 кой” камап койгон “рамкадан” чыкпай концерт берди

Куудул Тынар Курбаналиев 20-21-февралда Бишкектеги спорт сарайында концерт коюп, “120 кой” камап койгон рамкадан чыкпай концерт берерин жарыялады. Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин КСДПчы депутат, Апрель Баатыры Мээрбек Мискенбаев куудул […]

Видео – “Киллерге мени өлтүрүүгө буйрутманы Ички иштер министри Мелис Турганбаев берген” – Турат Акимов

Бүгүн, 22-февралда белгилүү оппозициячыл журналист Турат Акимов маалымат жыйынын өткөрүп, аны өлтүрүүгө болгон акыркы кол салуунун заказчиги КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев экенин жарыялады. Эсиңиздерге сала кетсек, 20-февралда түнкү […]

Кыргыз аткаминерлеринин “эркетайларынын” жашоосу коомдун талкуусунда

Кыргызстанда аткаминерлер байлыгын ачык айтпаганы менен, алардын балдары социалдык тармактарда жашоолорун көрсөтүүдөн тартынышпайт. Азыр социалдык тармактардан кимге байланыштуу болбосун маалымат табууга болот. Кыргызстандын аткаминерлеринин чүрпөлөрүнүн интернеттеги баракчаларына “саякат” учурунда “эркетайлар” […]

Фотобаян – Жалал-Абадда Мекенди коргоочулар Күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында  Мекенди коргоочулар Күнү салтанаттуу майрамдалды деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык иш чарага Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамынын офицерлери менен жоокерлери, областтык […]

Асланбек Сартбаев, журналист: “Албек Ибраимовдун сабатсыз, “2” деген баага татыктуу ишин сынактан өткөргөн Эгемберди Эрматов жана комиссиянын курамы отставкага кетсин”

Белгилүү журналист, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев КСДП партиясынан Бишкек шаарына мэрдикке талапкер катары көрсөтүлгөн Албек Ибраимовдун өтө сабатсыз жазган жазуу ишин текшерип, аны сынактан өткөргөн КР Президентинин […]

Темир Сариев, премьер-министр: «Аскерлердин күжүрмөн даярдыгын күчөтүү керек»

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Балыкчы шаарында өткөн Куралдуу күчтөрдүн резервдик түзүмдөрүнүн аскерик машыгуусунда билдирди. Премьер-министр учурда негизги милдет аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл буруу менен татыктуу деңгээлде […]

Фото – Ноокаттын базарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбайт

КР Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облустук бөлүмү жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматы тарабынан биргеликте Бүткүл […]

Дүйнөлүк белгилүү кийим бренддери жаш балдардын мыйзамсыз эмгеги менен жыйналган түркмөн пахтасынан баш тартууда

Европадагы  эң ири H&M швециялык  кийим компаниясы түркмөн пахтасын сатып албай турган болууда. Аталган компания буга Түркмөнстандын пахта талааларында балдар кара жумушка тартылып жатканын жүйөө келтирди. Мындан тышкары өзү менен […]

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы жума күндөрү кызматкерлерге намаз окуу үчүн кошумча 1-2 саат убакыт бөлүп берүү мыйзам демилгесин колдошту

Кечээ, 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш кылды. Депутат бул мыйзам демилгесин мамлекеттик мекемелерде […]

Дүйшөмбүдө белгилүү ишкер өлтүрүлдү

“Зафар кембагал” деген каймана ат менен көпчүлүккө таанымал ишкер Зафар Азимовдун сөөгү өткөн түнү башкалаанын борборундагы Исмаил Сомони районунда жайгашкан «Наврузгох» комплексинин жанында табылды. Бул күнү маркум Зафар Азимов менен […]

Фото – Оппозициячыл журналист Турат Акимовду түндө сабап кетишти

“Түндө үйдө телевизор көрүп олтуруп, саат 12лерде сыртта турган машинамды короого кийирип койгону чыккамын. Машинаны кийирип коюп, дарбазаны жаап койгону сыртка чыксам бир олбурлуу неме аңдып турган экен, колундагы арматурасы […]

Алмаз Атамбаев: ” Акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бири да пара алган же пара талап кылган эмес”

“Кыргызстандыктар менен кошо өлкөбүздүн сот системасы да калыптануу жолун басып өттү. Судьялардын X съезди кыйла татаал, бирок,  өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жаткан учурда өтүүдө”, – деди Алмаз Атамбаев кечээ, 10-февралда Кыргыз […]

Фотобаян – Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилинен экзаменди көптөгөн каталар менен тапшырды

КРнын “Борбор шаардын статусу жөнүндө”  мыйзамынын 22-беренесине ылайык Бишкек шаардык мэринин кызматына сунушталган жалгыз талапкер Албек Ибраимов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Мыйзамга ылайык шаардын мэри мамлекеттик тилди мыкты билген […]

Криминалдык хроника: 19-февраль

Каракчылык. 18-февралда   Чуй облусунун  тургуну   Т. Р.   арыз менен кайрылган, анда 18 февралда   болжол менен  саат 15:00 чамасында Бишкек ш. Фрунзе-Аларча көчөлүнүн кесилишинен бейтааныш  20-25 жаштагы бала белгисиз үлгүдөгү тапанча […]

Орусия: Коргоо министрлигинин чыгымдары 160 миллиард рублга кыскарат

Орусиянын Коргоо министрлиги экономикалык кыйын кырдаалга байланыштуу аскердик чыгымдарды 5 пайызга азайтууну максат кылууда. Быйылкы жылдын бюджетинде мекемеге үч триллиондон ашык рубль бөлүнгөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4 […]

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х курултайы аяктады

Бүгүн, 2016-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х съезди өз ишин аяктады. Курултайдын расмий ачылышын Судьялар Кеңешинин Төргасы Дастанбай Айжигитов ачты. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын […]

АКШ Сирияда атайын бөлүк жайгашкан жер тууралуу Орусияга кабарлады

Пентагон Орусияны Сириянын түндүгүндөгү райондорго абадан сокку урбоого чакырды. Бул аймакта америкалык атайын бөлүктүн кызматкерлери өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы күрөшүп жаткан жергиликтүү аскерлерди машыктырууда. Азыр бул өтүнүч […]

Болгарияда өткөн эл аралык «Sofia Trophy» муз үстүндөгү бий турниринде Медина Кутманова коло медалга ээ болду

2016-жылдын 11- февралында Болгариянын София шаарында Эл аралык “Sofia Trophy” муз үстүндө бий мелдеши өттү. Муз үстүндөгү бий мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортсмендери катышышты. Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим […]

Анкара жардыруу үчүн күрттөрдү айыптоодо

Анкарадагы 28 адамдын өмүрүн алган жардырууга катышы бар деген шек менен тогуз адам кармалды. Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын жана аларды колдоп жаткан президент […]

Кыргызгидромет: 20-24-февралдардагы аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык дем алыш күндөрүнүн аба ырайы  Бишкек шаарында 20-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин […]

Кыргызстан тажик жарандарына жеңилдетилген паспорт алууну сунуштоодо

Кыргызстан менен чектеш аймактардагы Тажикстандын тургундары кыргыз бийлигинен жеңилдетилген жол менен жарандык алуу сунушу түшкөнүн билдиришти. Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун тургуну Абдухолик Абдуллоев Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин гана ал жактан […]

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксы эли 22-февралда болуучу тынчтык митингин токтотушту”

Аксы элинин бийликке койгон беш талабына бүгүнкү күндө  көңүл буруулар болуп, 22-февраль күнү боло турган тынчтык митинги токтотулду. Бул тууралуу уюштуруучу, апрель революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков “Көк-Арт ИНФО” маалымат борборунда […]

Өмүрбек Текебаев: “Биз мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын кантип сатылып жана тышкы аудит жүргүзүлүп, кийин жооптууларды таппай калган учурларды жакшы билебиз”

Бүгүн, 19-февралда парламенттик “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда негизги маселе катары “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндөгү маселе каралып, талкууланды. Кыргыз Республикасынын […]

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксыда 22-февралга белгиленген митинг өткөрүлбөйт, бизге стабилдүүлүк керек”

Аксы районунун Кербен шаарында үстүбүздөгү жылдын 22-февралына белгиленген митинг өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган райондун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда […]

Бүгүн Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген жума хутбалары айтылат

Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген тематикада жума хутбалары айтылат. Бул боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын […]

«Сен сүйгөн кыргыз макалы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагын 2015-жылдын октябрь айында жарыялаган. Жобого ылайык, сынак 3 тур менен өткөрүлдү. Жалпы билим […]

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары Жогорку Сотто ант беришти

Кечээ, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда жергиликтүү сотторго жаңы шайланган судьялардын ант берүү аземи Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда болуп өттү. Ант берүү аземине Ош шаардык сотунун судьялары: Авазов Мирзат Абдисатарович; […]

Азыркы ханыбыз Манас боло албады. Кыргыздын шоруна бүткөн бүгүнкү Абыке менен Көбөштөр

Шордуу эл окшойбуз кыргыздар. Эгемендүү эл болгондон бери жакшы ажого жарыбай койдук. Төрт президент өлкөнү башкарса да арабабыз алдыга карай жылбады. Арабаны тартчу өгүздөрүбүз өзүнүн, жакындарынын курсагы тойгонуна карт болуп, […]

Укук коргоочулар расмий Дүйшөмбүнү саясий туткундарды бошотууга чакырууда

Human Rights Watch (HRW) менен Norwegian Helsinki Committee (NHC) эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын бийлигин саясий туткундарды бошотууга чакырды. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, укук коргоочулар Ислам кайра жаралуу партиясы […]

Меркель: Сирияда учууларга тыюу салынган мейкиндик керек

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сириядагы гуманитардык кырдаалга тынчсызданып, бул өлкөдө карапайым калкты коргоо үчүн учууларга тыюу салынган мейкиндик түзүүгө чакырды. Бундестагда сөз сүйлөп жатып Меркель Сирияда согушкерлерге сокку уруп жаткан […]

Темир Сариев, премьер-министр: «Апрель айында электр энергиясына карата баа көтөрүлбөйт»

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү жыйынында билдирди. Премьер-министр Темир Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка жатпай турганын билдирип, […]

Фото – Акын, журналист, маркум Орозалы Карасартовдун “Нөшөр” ырлар жыйнагынын бет ачаары болуп өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, акын, жазуу, журналист жана коомдук ишмер, “Аймак” коомдук саясий гезитинин негиздөөчүсү Орозалы Карасартов атындагы “Журналисттик чеберчилик жана практика” каанасы жана анын “НӨШӨР” […]

Ак үйдөгү “шоопурдун” эшик ырчы гезити же “Фас” дегенде бир орунда тура албаган “Тайгандарына” жооп

“ПолитКлиника” гезитиндеги  Акбата Чырпыков деген менин дарегиме сын айтып жаткан  соң жооп берүү менин милдетим. Ал балабы, жоолук салынган кызбы кызыгы деле жок. Гезиттин журналистти деп жазууга колум  барбады. Гезиттин […]

Криминалдык хроника: 18-февраль

Биринчи Май райондук  ички иштер  баркармалыгынын    кылмыш  иликтөө  бөлүмүнүн кызматкери  тарабынан ууру кармалды 2016 жылдын      16 февралында  Бишкек шаарынын  тургуну Д. А. милицияга арыз менен кайрылган, анда 15 февралдан […]

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Эртең Таласта өтө турган форум бийликке каршы нааразычылык акциясына айланып кеткени турат”

“Эртең, 19-февралга укук коргоочу Серен Бейшенов демилгелеп өткөрө турган калктын социалдык абалы тууралу төгөрөк столду бузуу үчүн Таластын губернатору Байыш Жуманазаров менен анын орун басары Данияр Кеникеев кийлигишип, аны Экономикалык […]

19-февралдан 23-февралга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейинки аба ырайы Бишкек шаарында 19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Сыдырым жел  жүрөт.  Абанын түнкү төмөнкү температурасы […]

КР биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иштерин жүзөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын […]

Мурдагы советтик президенттер Орусиянын саясатын сынга алышты

Мурдагы союздун курамындагы мамлекеттердин 12 экс-президенттери Владимир Путин жетектеген учурдагы Орусиянын саясаты совет бийлигинин аракеттерин эске салат деген пикирде. “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын “Орусия жана мен” аттуу жаңы долбоорунун алкагындагы маектер […]

Кыргызстан “патриоттору” аялдарды коркутууда

Кыргызстанда чет элдиктер менен жолуккан аялдарды мазактаган видеолор кайталанууда. Ал тасмаларда эркектер тобу аялдарды чечинтип, уур-токмокко, суракка алып, зордуктоого чейин барууда. Ушундай кыйноодон кийин кыздардын бири бир жумага чыдабай өмүрүн […]

УЕФА орус футболчусу Дмитрий Тарасовдун жосунсуз жоругун иликтей баштады

Европа футбол бирикмеси (УЭФА) Москванын “Локомотив” клубунун футболчусу Дмитрий Тарасовдун аракетин иликтөөгө киришти. 16-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, 2:0 эсеби менен түрктөр жеңип чыккан оюн аяктаган соң “Локомотивдин” жарым коргоочусу […]

«Улуттар биримдиги» партиясынын элге Кайрылуусу: «27-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, шайлоо өнөктүгүнөн баш тартабыз!»

«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын Саясий Кеңешинин Кыргызстандын коомчулугуна КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу мекендештер! Урматтуу «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары! «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн, Улуттардын биримдигин, Саясий стабилдүүлүктү сактоого, […]

Стамбулда Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча сот башталды

Тажикстандык оппозициялык “Группа-24” тобунун лидери Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча Стамбулдагы жараянда негизги эки күбө көрсөтмө беришти. Алардын бири Сухроб Тураев тажик оппоиционеринин өлүмүн уюштургандардын башында Сулаймон Каюмов турганын айтты. Прокуратуранын […]

Бугу уруусунун баатыры Балбай Эшкожо уулунун 225 жылдыгына карата китеп көргөзмө

Эртең, 19-февралда саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө тарыхый инсан Балбай Эшкожо уулунун 225 жылдыгына арналган «Балбай жана анын доору» […]

Казакстанда жаш казак баланы өлтүрүүгө шектүү түрктүн үй-бүлөсү Бурыл айылынан көчүрүлдү

Бул тууралуу Жамбыл облустук прокуратурасы кабарлап, нааразы болгон эл тараганын билдирди. Бурыл айылында алты жаштагы баланын өлүмү улуттар аралык чыңалууну жаратты. 17-февралда жүзгө чукул нааразы адам чогулуп, баланы өлтүрдү деп […]

Кыргыз тили Гугл Транслейт кызматына кошулду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Мамлекеттик тилди интернет айдыңында жайылтуу боюнча 2014-жылы тендер жарыяланып, 5 лотту камтыган тендердин бир лоту  Гугл Транслейт кызматына кыргыз тилиндеги […]

Фотобаян – Ош облусунун молдолору лыжа тебүү боюнча мелдеш өткөрүштү

Кечээ, 17-февралда Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык лыжа базасында “Спорт-ден-соолуктун булагы” аталышында спорттук иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, облустун 7 районунун баш имам-хатибдери […]

Ала-Букада 14-февраль – ыйык Валентин күнү 18 жаштагы кызды үйгө камап, күч колдонуп зордуктаган 23 жаштагы жигит кармалды

Ала-Бука районунда 18 жаштагы  кыз милицияга арыз менен кайрылды. Анткени ал ушул айдын 14-февраль  күнү болжол менен саат 16:00 чамасында тааныш бала  тарабынан  зордукталганын билдирген. Бул окуя боюнча кыздын арызы Ала-Бука райондук […]

Бишкек жана Ош шаарларындагы бүгүнкү аба ырайы

Бүгүн, 18-февралда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4… -6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн […]