Дүйшөмбү, 21 Январь, 2019 - 10:18
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Өзбекстан чарба жерлерин кайрадан бөлүштүрөт

Өзбекстан өкмөтү өзбек фермерлеринин жер тилкелерин үч жылдан соң кайрадан оптимизациялоо ишин баштады. Үч жыл мурун бийлик чарба жерлерин азайтса, эми дыйкандарга кеминде 100 гектардан жер таратууну көздөөдө. Өзбек фермерлеринин […]

Трамп Ак үйгө 300 гамбургер алдырып, акчасын өзү төлөдү

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Ак үйдө Клемсон университетинин америкалык футбол командасынын мүчөлөрүн кабыл алды. Аларга таратылган гамбургер, пицца жана картошка-фринин акчасын өз чөнтөгүнөн төлөдү. Президенттин уюштуруу иштерин өзү аткарып, […]

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши […]

Британия парламенти Тереза Мэйге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт

Британ оппозициялык партиясынын лидери Жереми Корбин парламентке өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун киргизди. Добуш берүү шаршемби күнү кечинде өтөт. Премьер-министр Тереза Мэйди отставка коркунучу күтүүдө. Былтыр декабрда консервативдик партиянын ичинде Мэйге […]

Шымкентте 9 жашар кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шымкент шаарында 9 жашар кызды зордуктоого шектелген Алматы калаасынын тургуну кармалды. Бул тууралуу 15-январда Шымкент шаардык полиция департаменти билдирди. Маалыматка караганда, шектүү 5-январда Ички иштер министрлиги менен шаардык департаменттин кызматкерлеринин […]

Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушталууда

Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюш үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Бул – коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири. 15-январда […]

Динара Кемелова Кыргызстандын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кемелова Динара Амантуровна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Отунбаев Болот Исакович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Жумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап,  […]

Кайрат Иманалиев КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды

Иманалиев Кайрат Олжобаевич Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана […]

Парламенттик комитет Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Кореядагы элчилерин дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди. Бул тууралу парламенттин басма сөз […]

Ысык-Атада 15 жаштагы кыз көз жарды

Ысык-Ата районунда 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Чүй облусунун Башкы ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка караганда, өспүрүм 11-январ күнү аймактык ооруканаysya төрөт бөлүмүнө түшкөн. Бала өз мөөнөтүндө, дени […]

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коомдук уюм өкүлдөрү менен балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча эл аралык жана коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан жакындарын жоготкон  балдар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч самолеттун кыйрашынын кесепетинен өз жакындарынан айрылып калган балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын […]

Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги сунушталууда

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуштады. 2017-жылдан тарта Жанат Бейшенов Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген. 2015-2016-жылдары […]

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты. Жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин […]

Тажик дыйкандары пияз баасынын кескин төмөндөшүнө тынчсызданышууда

Тажикстандын Согди облусундагы фермерлер пияздын баасынын кескин төмөндөп кеткенине тынчсызданышууда. Алардын айтымдарында, быйыл пияздын түшүмү мол болгону менен, баалдардын төмөндүгүнөн улам дыйкандар чыгымга учурап жатышат. «Азыр ишкерлер биздин пияздарды килограммын […]

Алматыдагы Баум токою өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын катарынан чыгарылды

Казак өкмөтү Алматыдагы Баум токоюн мамлекеттик маанидеги корголгон аймактардын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Өкмөттүн 14-январда жарыяланган токтому менен Алматы акимчилигине Баум токоюн жергиликтүү маанидеги мамлекеттик жаратылыш фондунун объектилеринин катарына […]

БУУнун Конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” […]

Кабулдагы жардыруудан төрт адам мерт болду

14-январь кечинде Кабулдагы жардыруудан кеминде төрт киши мерт болуп, 90дон ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн расмий адамдары кабарлашты. Ооганстан Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш автоунаага салынган […]

КСДП: Кытайларга каршы митингдерди уюштуруу үчүн Атамбаевди күнөөлөө аракети болууда

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) өлкөдөгү кытайларга каршы маанайдын курчушун партиянын ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракеттери болуп жатканын билдирди. «Биздин саясий оппоненттер кезектеги мындай калп жана ыпылас маалыматтык чагым таратуу менен өзүлөрү […]

Кабул «Жамаат Ансаруллах» тобунун экс-лидеринин уулун Тажикстанга өткөрүп берди

Ооганстан бийлиги тажик жоочулары тарабынан негизделген «Жамаат Ансаруллах» террордук уюмунун мурдагы лидеринин уулу Саидджалолиддин Табаровду Тажикстанга экстрадициялады. Бул тууралуу 14-январда Ооганстандагы тажик элчиси Шарофиддин Имомов билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары […]

Анжиянда ишкерлерди кыйноого алган төрт милиция кызматкери сурак берүүдө

Өзбекстандын Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кеминде төрт кызматкери кармалып, Улуттук коопсуздук кызматында сурак берүүдө. Бул маалыматты 14-январда облустун ички иштер органдарындагы өз булактар ырасташты. Жергиликтүү ишкерлердин бири учурда бизнесмендерди […]

Марат Иманкулов, генерал-майор: “Биздин паракор-аткаминерлерибиз акча каражаттарын ташып кеткендигине Кытай өкмөтү күнөөлүүбү?”

Антикытай маанайлары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында КМШнын антитеррористтик борборунун жетекчиси генерал-майор Марат Иманкулов билдирди. Ал кыргыз-кытай мамилелери, Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган Кытайдын […]

Жалал-Абад: Социалдык төлөмдөр артып баратат

Жалал-Абад шаарында өткөн жыл ичи социалдык төлөмдөрдү жыйноо планга карата ашыгы менен аткарылып, социалдык фондго болгон карыздар 5,: миллион сомго азайды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти. […]

ИИМ: Москвада Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматташуусу менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн

Москвада  Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматташуусу менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө 2018-жылдын июль […]

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакта калат

Бишкек шаардык сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйщөнбек Зилалиевдин кылмыш ишинин каралышы аяктады. Акыркы сөзүндө айыпталуучу коллегияны адилеттүү чечим кабыл алууну суранды. Кеңешүү бөлмөсүнүн чыккан соң, сот чечимди окуду, ага ылайык, буга […]

Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди берди

«Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому менен жетишилген келишимге ылайык, Өзбекстандын темир жолу жүктөрдүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын […]

Депутат Талайбек Масабиров Сокулук районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Чүй облусунун Сокулук районунда болуп,  жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу паламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактагы маанилүү маселелер […]

Хорогдогу ок атуу иликтенүүдө

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун прокуратурасы жергиликтүү тургунга ок атуу фактысын иликтей баштады. Окуя 13-январда болгон. Тажикстан ИИМи билдиргендей, Хорог шаарынын тургундары менен ОМОН кызматкерлери кагылышып, күч түзүм өкүлдөрү пневматикалык курал […]

Мамкарыздын босого деңгээлин ИДӨгө карата 70 пайыз деӊгээлинде белгилөө демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бюджеттик мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү, аны эл аралык стандарттарга жакындатуу жана мамлекеттин каржылык башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап жаңычылдыктарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан «КР Бюджеттик […]

Видео – Иранда кыйраган учак Кыргызстандан эт жүктөп бараткан

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу “Boeing 707” учагына иран армиясынын керектөөсү үчүн Бишкектен 30 тонна эт жүктөлгөн болчу. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова […]

«Кум-Бел» көмүр кенинин бүгүнкү абалы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алдын-ала жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй маалыматты билдирет. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын ишинин алкагында белгиленгендей, […]

Пашинян Армения премьер-министри болуп дайындалды

Армения президенти Армен Саркисян Пашинянды өлкөнүн премьер-министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ өлкө президентинин сайтында жарыяланды. Пашинян Армениянын өкмөт башчысы болуп былтыр майда жапырт каршылык акцияларынан кийин […]

Өлкө бийлиги Кытайга каршы маанайга кабатыр

Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти. 2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай […]

Президент Сооронбай Жээнбеков учактын кыйроосунан жарандардын каза болгонуна байланыштуу Ирандын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ирандын Карадж шаарындагы «Фатх» аба майданында Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу […]

Казакстанда браконьерлердин кол салуусунан экоинспектор каза болду

Караганды облусунда белгисиз адамдар мамлекеттик “Охотзоопром” мекемесинин инспекторлоруна кол салышты. Анын кесепетинен бир кызматкер мерт болуп, дагы бири олуттуу жаракат алды. Бул тууралуу Токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма […]

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат

Жакында Өзбекстанда мыйзам деңгээлинде мугалимдерди мажбурлап иштетүүгө, ар кыл төлөмдөр үчүн айлык акыларынан кармоого, анын ичинде зордоп гезит-журналдарга жаздырууга тыюу салуу пландалууда. Бул талаптар Элдик билим берүү министрлиги тарабынан иштелип […]

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы быйыл партияны ичинен тазалоону көздөөдө

Бүгүн, 14-январда КСДПнын ардагер мүчөлөрүнүн демилгеси менен “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын активисттери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында алар менен жолугушуп, жакынкы учурдагы иш-чараларды талкуулашкан. Бул тууралу аталган кыймылдын жетекчиси Сагынбек […]

Парламенттин жыйынына эки жолу катышпаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан алуу сунушу киргизилди

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кароосуна депутат Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коюлган. Бирок, бул маселе боюнча эң негизги жоопкерлер – экономика […]

Кыргыз Республикасынын Герби бүгүн 25 жашка толду

25-жыл мурда- 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары  өздөрүнүн токтому менен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик белгиси-Мамлекеттик герби кабыл алынган. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган? Бул тууралуу ИИМдин Басма […]

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарылыкка ылайык, Токтогулов Кадыр Мирбекович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Канададагы […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы […]

Арина Сулайманова, “Кыргызстан сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү: “Сынакка катышууга ырчы айым Анжелика чакырды”

Болочокто моделдик бизнес менен ийгиликтерди жараткысы келген сулуу кызыбыз Арина Сулайманова биздин бүгүнкү коногубуз. – Арина, канча жаштасың? Ийгиликтериң тууралуу ой бөлүшсөң? -16 жаштамын. Жакында эле болуп өткөн «Кыргызстан сулуусу-2018» […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот

«2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин […]

Кайрат Итибаев: “Ички дүң продукция начарлап, инвестиция көлөмү жылдагыдан азайып баратат”

Германияда соода өнөр жай палатасында иштеп келген, андан сырткары Чехияда докторантурада сырттан билим алган, чет элдик инвесторлор ассоциациясынын жетекчиси, экономикалык эксперт Кайрат Итибаев менен маек курдук. – Дүйнө жүзүндөгү, Кыргызстандагы […]

Жыргалбек Мамасали уулу: “Бир күндө 12 операция жасасак, анын алтоо өттөгү таш илдети менен жабыркагандар”

Туура эмес тамактануу, аз кыймыл аракетте болуу ар кандай ооруларга алып келери маалым. Бирок, буга баарыбыз эле анчейин маани бере бербейбиз. Убакыттын өтүшү менен мындай кайдыгерлик өнөкөт ооруларын илештирет. Өт […]

Трамп Түркияга Сириядагы күрттөргө чабуул жасабашы керектигин эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия Сириядагы күрттөргө карата агрессиялык аракеттерден алыс болушу керектигин эскертип, алар жихадчыларга каршы күрөштө АКШнын союздашы экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды. «Эгер күрттөргө чабуул […]