Шейшемби, 22 Январь, 2019 - 16:25
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Дубнов: Орусия өтүнсө, Бишкектин Сирияга аскер жөнөтүүдөн баш тартышы кыйын болот

РИА новости басылмасынын Орусия Казакстан менен Кыргызстандын аскерин Сирияга киргизүү үчүн сүйлөшүп жатат деген кабарын эки өлкө тең четке какты. Бул кабар Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечүү чечимине туш келди. […]

Акысыз юридикалык кеңеш алгыла!

Ушул жылдын 20-23-июнунда Кыргызстандын бардык аймактарында КР Юстиция министрлигинин «Өз укугуңду бил!» аттуу калкка акысыз юридикалык консультация берүү боюнча иш-чарасы өтүүдө. Иш-чарага Европа бирлиги демөөрчүлүк көрсөтүүдө. Акысыз консультация берүү акциясы […]

Сооронбай Жээнбеков Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматттын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматттын жетекчиси – Россия Федерациясынын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо […]

Алмазбек Атамбаев Татарстандын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Президент атамбаев кечээ, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Жолугушуунун алдында чогуу сүрөткө түшүү аземи өткөрүлдү, аны улап тар  курамда  сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. […]

Кенжебек Бокоев, «РАЖ» фракциясынан ЖК депутаты: «Импорт буудайга НДСти алып салуу тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон»

-Кенжебек Сатымкулович, импорттолгон буудайга НДС салыгын кайра киргизүү демилгеңизди негиздеп берсеңиз? – Бул мыйзам долбоору 2016-жылдын январь айында өкмөт тарабынан киргизилип, импорттолгон буудайга НДС алынып салынган. Мен ошондо «туура эмес» […]

Сооронбай Жээнбеков жарандарды жеке кабыл алууну өткөрдү

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын жеке кабыл алууну өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт. Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен […]

Масалиевдин кесепети Бакыт Төрөбаевге тийеби?..

Өгүнү «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «7 балалуу энелердин балдарынан бир-экөөсү соттолсо «Баатыр эне» наамын бербеш керек» деп мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө шыкакчы болгонуна, тетири кеткенине көпчүлүк катмар нааразылыгын билдиришти. […]

Бабановго киши салгандар арбыды

Президентгик шайлоодо негизги кармаш Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда болорун билермандардын баары айтып чыкты. «Калк айтса, калп айтпайт» болуп, этегинде элдин айтканы эле келет. Аны жакшы билген айрым президенттикке талапкерлер эмитен […]

Жылына 22 миңдей аял аборт жасатат

Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Бойдон алдыруу, тукумсуздук — мунун баары үй-бүлө пландоодогу көйгөйлүү маселелеринин бири. Саламатгык сактоо министрлигинен билдиргендей, өлкө боюнча бир жыл ичинде болжол менен 22 миң […]

Диний экстремизмге байланышкан 313 окуя болгон

Кыргызстанда экстремисттик көз карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирген. Анын айтымында, 2010-2017-жылдар аралыгында 1 миң 600 […]

Урмат Самаев, «Кыргызстан» фракциясынан ЖК депутаты: «Токмокто контрабанда менен иш кылган эмесмин, бирок, тааныштарым бар…»

Чүйдүн тыңчыкма жаштарынын бири, «Чемпион» каймана аты бар эл өкүлүн интервьюга тартып, азыноолак ой бөлүштүк. Эске сала кетсек, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы эң алгачкылардан добуш берген дал ушул маектешибиз болчу. – […]

Бишкек туристтер үчүн эң арзан шаар

2017-жылдагы туристтик сезондо Бишкек шаары КМШ өлкөлөрүндө туристтер үчүн жагымдуу 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу «ТурСтат» аналитакалык агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, агенттактин рейтинги боюнча саякаттоону сүйгөндөр үчүн Бишкек арзан […]

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Ар бир өлкөнүн, ар бир мамлекеттин күчү, биринчи кезекте, мамлекеттик башкаруунун […]

Алмазбек Атамбаев Татарстан Республикасынын Казан шаарына келди

Президент Атамбаев бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстан Республикасынын Казан шаарына келди Бул тууралуу маалыматты Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады. Аэропортто Президентти Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов тосуп […]

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу гендер маселесин талкуулоого арналган эл аралык семинарга катышты

Жогорку Кеӊештин депутат-айымдары Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева, Айнура Осмонова Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү менен бирге Вестминстер фондунун Кыргыз Республикасындагы демократия үчүн өкүлчүлүгү уюштарган семинарга катышты. Бул […]

Каракол шаарынын жашоочусу 4 кг 250 гр баңгизаты менен кармалды

КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча өкүлдөрү баңгини мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктады. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга тиешеси бар мурда сот жообуна […]

Бишкек шаардык куткаруу кызматы Франциядан келген кесиптештери менен тажрыйба алмашышты

Бишкек шаарында 2 күн чет өлкөдөн келген куткаруучулар менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тажрыйба алмаштырышты. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт. Франциядан келген […]

Алмазбек Атамбаев Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун археология жана этнография музейинде болду

Президент Атамбаев бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитовдун коштоосу менен Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Р.Г.Кузеев атындагы этнологиялык изилдөөлөр институтуна караштуу археология жана […]

«Акыйкатчы тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өттү

«Акыйкатчы (Омбудсмен) тууралуу» мыйзам долбоорунун Акыйкатчыны дайындоо жана бошотуу бөлүгүнө анын көз карандысыздыгы боюнча сунуштама түшкөн. Акыйкатчынын көз карадысыз болуусу кепи кепилдик бере турган мындай сунуш эл аралык талаптар менен […]

Адахан Мадумаров: “Мен президент болуп калсам Кыргызстандын аскерлеринин Сириядагы согушка катышуусуна жол бербейм”

Күзүндө өтчү президенттик шайлоонун талапкерлеринин бири Адахан Мадумаровго кайрылып, Кыргызстандын аскерлеринин Сириядагы согушка катышуусу боюнча маектештик. – Кечээ, 22-июнда Алмаз Атамбаевдин Москвага сапарынын алкагында Путин менен сүйлөшүүлөрү аяктап, Башкырстанга учуп […]

Өмүрбек мырза туура айтты

Жакынкы эле күндөрү Ө.Бабанов Кара-Суу районунун эли менен жолугуп жатканда шайлоочулардын биринин “Россия мыйзамы өзгөрүп, биздин айдоочулук күбөлүктөрүбүз жараксыз болуп калууда” деген суроосуна мындай деп жооп бериптир: “Биз ЕАЭБге кирип алдык, […]

Өкмөт Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы каза болгондорго жана жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү

Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, 2017-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу станциянын жарылуусунун кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан бир жолку материалдык […]

Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Бир күрөгү жок компания да тендерди утуп жатат!”

Расмий маалымат боюнча мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. 2016-жылы сатып алуучу уюмдар 43 млрд 520 млн сомго 44 070 конкурс өткөрүшүп, мамлекеттик сатып алууларды электрондук негизде жүргүзүүдөн бюджеттен […]

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда ызы-чуу чыкты

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму ызы-чуу менен аяктады. Сотту котурум саат 16:00гө чейин уланмак, бирок түштөн кийин сот отурумду 7-июлга жылдырып салды. Айыпталуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов соттук отурумду улантуу керектигин […]

Казакстанда мунай сактоо жайындагы өрттөн бир киши каза болду

Шымкент шаарындагы мунай сактоо жайында өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашты. Маалыматка караганда, өрт «ПетроКазакстан Ойл Продактс» ишканасынын аймагында эртең мененки […]

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды жарым жылга узартты

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск ЕБге мүчө мамлекеттер Украинадагы конфликтке байланыштуу Орусияга карата санкцияларды дагы жарым жылга узартууну макулдашканын Твиттердеги баракчасына жазды. Жарым жыл мурун жарыяланган санкциялардын мөөнөтү 31-июлда аяктайт. […]

Сауд Арабия Дүйшөмбүдөгү парламенттик комплекстин курулушун каржылабайт

Эр-Рияд Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө жаңы парламенттик комплекстин курулушун каржылай тургандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты. Аталган өлкөнүн Тажикстандагы элчиси Мухаммад ал-Бади Эр-Рияддын курулушка акча бөлөрүн ММКлардан укканын жана ал маалыматтын чындыкка […]

Араб өлкөлөрү Катар менен байланышты калыбына келтирүү үчүн 13 шарт коюшту

Төрт араб өлкөсү– Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн жана Египет Катарга карата жарыяланган байкотту токтотуу үчүн бир катар шарттарды койду. Бул тууралуу «Аль-Жазира» телеканалы билдирди. Алар Катардан “Мусулман агайындар” […]

«Солчул күчтөр» Чүй проспектисине Сталиндин атын берүүнү сунушташты

Бишкекте “Коалиция Левых Сил” деп аталган кыймылдын Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү сунушу интернет колдонуучулар арасында кызуу талаш жаратты. Кыймыл көчөнүн атын өзгөртүүгө кол топтоо баштаганын билдирүүдө. 20-июнда борбор шаардын […]

Жумакадыров Сирияга аскер жөнөтүү боюнча жооп берди

Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде сөз болгон. Бул тууралуу бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди. […]

Кыргызстан өзүнүн аскерлерин Сирияга жөнөтүүгө даярбы?

Россия Казакстан жана Кыргызстан менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча маселени сүйлөшүүгө даярданууда. Россиянын думасынын депутаты “Россиянын аскер полициясынын өкүлдөрүн Сирияда тартипти орнотуу боюнча иштерге катыштыруу маселеси каралып жатат. Мындан тышкары Казакстанга жана […]

Шайлоо шааниси: КСДПдагы өзгөрүүлөр

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын жетекчисинин орун басары алмашты. Партиянын 21-июнда жыйынга чогулган саясий кеңеши алты жылдан бери бул кызматты ээлеп келген парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду дайындашты […]

Депутаттар “Кыргызстанда аз камсыз болгондор калбай калды” дейт

Депутаттар мыйзамдан “аз камсыз болгон үй-бүлө” деген терминди алып салышты. Жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн депутаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу түшүнүктү атайылап алып салышкан. Анткени, демилгечилердини бири КСДПчы […]

Атамбаев “памирликтер келбесин” деди

Президент А.Атамбаев Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүүгө каршы чыгууда. Анын Москвага барып билдирген пикиринде памирликтер Кыргызстанга келүүгө ынтызар эмес экен. “Эгер аларды мажбурлап алып келсек, биз жактын шарттарына чыдай алышпайт. […]

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлүүдө!

2017-жылдын 23-25-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу […]

Жогорку сотто судьялар үчүн семинар өтүүдө

Бүгүн, 2017-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамы менен каралган аткаруу өндүрүшүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө семинар өтүүдө. Бул туурасында Жогорку […]

Шайлоонун кымгуут оюндары башталды, бирок эрежелер дале бүдөмүк бойдон

Эксперттер БШКнын шайлоо иштерине даярдык жүргүзүүдөгү баш аламандыктарын сындоодо. Алардын жүйөөсү боюнча, шайлоо комиссиясы шайлоо эрежелерин аныктаган жоболорду улам-улам өзгөртүп, чала сабат жасалган документтерин оңдоо менен алек болуп жатат. Алсак, […]

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2017-жылдын 28-февралындагы №39 буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде иш кагаздарын […]

Анвар Артыков тизелеп кечирим суроого даяр

Депутат Анвар Артыков менен юстиция министри Уран Ахметов Жогорку Кенештин жыйынында паспортту жана ПИН кодду алмаштырууга ким укуктуу экени тууралуу талашып, кайым айтышып кетишти. Министр Уран Ахметов соттор ПИНди өзгөртүүгө […]

Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып чыккан «Манас» эпосун тартуулады

Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм  Хамитов Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Уфада жүргөн Президент Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып  чыккан «Манас» эпосун тапшырды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды. […]

Алмазбек Атамбаевдин КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнүнө карата куттуктоосу

Президент Атамбаев КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнүнө карата куттуктоо жасады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады: Урматтуу  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Акыркы 5-6 жылда Кыргызстанда саясий туруктуулук орноп, өлкөбүз […]

Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгеленди

Бүгүн, 23-июнда Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жыйынга райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын […]

Министрдин айтканы жүйөлүүбү же депутаттыкыбы?

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Анда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилээри жазылган. Ал эми […]

Жалал-Абадда муниципалдык кызматкерлер сыйланышты

Жалал-Абад шаардык муниципалдык кызматтарынын кызмактерлери бүгүнкү Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн жана шаар мэриясынын сыйлыктары ыйгарлыды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Шаар […]

Какин Сулайманкуловду кесиптештери жана илим жаатындагы санаалаштары акыркы сапарга узатышты

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында КРнын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет. Коштошуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, […]

Видео – Россия кечкен 240 млн доллар кайда кеткен?

20-июнда кол коюлган документтердин арасында Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү боюнча протоколго да кол коюлду. Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматында 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 млн. доллар болчу, […]

Видео – Текебаевдин сотуна Отунбаева келгенде прокурорлор чочуп кетти

Кечээ, 22-июнда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Сотко экс-президент Роза Отунбаева күбө катары келди. Ал чет өлкөгө кетип жаткандыгына байланыштуу көрсөтмө берип коюуну чечкен. Отунбаеванын келүүсү прокурорлор үчүн […]

Видео – А.Келдибеков: “Ташиев-Мадумаров-Келдибеков үчилтиги тараган жок”

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, саясатчы Ахматбек Келдибеков Next.TV телеканалына маек курду. Ал жерде алдыдагы пландары, учурда талкууга алынып жаткан Ташиев-Мадумаров-Келдибеков үчилтиги тууралуу айтып берди. Булак: “NEXT TV Kyrgyzstan“

Алмазбек Атамбаев Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитов менен жолугушту

А. Атамбев кечээ, 22-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм  Хамитов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды. Жолугушуунун жүрүшүндө Башкырстандын  Башчысы Руcтэм  Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди  […]

Аламүдүндө автоунаа жолдон чыгып кеттип, бир адам каза болду

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө “Гольф 2” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S3262G номериндеги унааны айдоочусу башкара албай даракты сүзгөн.  Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызмты билдирет. Унаанын ичинде эки адам […]