Бейшемби, 17 Январь, 2019 - 17:31
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Видео – Мигрант атасы кызынын сабак даярдоосуна Скайп аркылуу жардам берет

Тажикстандык Фирдавс акча иштеп табуу үчүн Орусияга кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде анын жубайы менен быйыл гана мектеп босогосун аттаган жети жаштагы Сумая аттуу кызы калган. Атасын унутуп калбасын деп Фирдавс […]

Алматыда шаар күнүнө карата алма фестивалы өттү

Шаар күнүнө карата Алматыда “АЛМАfest-2016” аталышындагы алма фестивалы уюштурулду. 2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын максаты шаардын алма аймагы деген мурдагы атагын калыбына келтирүү. Фестивалга Алматы облусундагы 33 чарба алманын […]

“Азия Ньюс”: Саясый күлкү

Лексиконум чектелүү Камчыбек  Жолдошбаев  тойдо отурат. – Байке, тост айтып коюңузчу, – дейт аңгыча тамада. – Мен тост айтканды билбейм да. – Айтып коюңузчу эми… – А мейли, баарынар ит […]

Путин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады

Орусия президенти Владимир Путин өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады. Акыркы маалыматтар боюнча башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясы мыйзам чыгаруу органындагы көпчүлүк орунун сактап калууда. Путин болжолдуу жыйынтыктарды ишеним көрсөтүү катары эсептей […]

Нью-Йорктун мэри жардырууну “алдын ала ойлонулган иш” деп атады

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио Манхеттендеги жардырууну “алдын ала ойлонуп жасалган иш” деп атады. 17-сентябрда Манехэттендин Челси районунда болгон жардыруудан 29 киши ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Билл де Блазио […]

Азимжан Аскаров боюнча жазык ишин кароо белгиленди

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата жазык ишин кароону 2016-жылдын 4-октябрына саат 10:00го белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. Соттук процесс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу […]

Кеменгер кеп: Эч бир кыз жакшы аял болуп туулбайт. Жакшы аял жакшы күйөөгө тийгенде жаралат

Эркектин чыныгы жүзү чогуу жашаганда гана көрүнөт. (Дайан Китон) Эгер сен ачуулуу болсоң, жашоого канааттанбасаң, эч кандай косметология жардам бере албайт. (Жанна Фриске) Туңгуюктан чыгуунун жолу дайыма бар – анүчүн […]

Лукашенконун Колясы чоң жигит болгондо

Беларусь ЖМКлары акыркы кездерде президент Александр Лукашенконун уулу Николай көрүнбөй кеткенин жазып атышкан. Бирок Николай жакында эле эл алдында кайра пайда болду. “Кээ бир россиялык ЖМКлар, таң калыштуусу бийликке жан […]

Жылдыз Абдыкадырова: “70 миң сомдук коляскага суроо-талап күч”

Жылдыз Абдыкадырова “Балдар дүйнөсү” (“Детский мир”) дүкөнүндө администратор болуп иштейт. Азыркы (акыр замандын) балдар кандай оюнчук менен ойноп, кандай оюнчуктарга ынтызар экенин айтып, өзү бош убактысында эркектер менен топ тебише […]

Видео – 23-25-cентябрь күндөрү Бишкекте XI адал-азык тамак-аш кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 23-25-сентябрь күндөрү Кыргызстандагы Адал(халал) индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп жаткан XI тамак-аш кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Жарманкеде адал азыктардын бир нече түрлөрү сатылат жана базар баасынан […]

Эркин Тентишевдин чыныгы жүзү ашкереленеби?

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге Кайрылуу  Урматтуу Асланбек Нурбекович?! Сиздин дарегиңизге кайрылууга Ысык-Ата районундагы “Сеятель” айыл чарба өндүрүш кооперативинин мүлкүн сатуу менен байланышкан абал мажбур кылууда. “Сеятель” АЧК […]

Сапар Орозбаков, серепчи: “Намазга жыгылып, Меккеге барып, ажы болуп келген Алмаз Атамбаев Христиан дининин эң башкы белгиси крестти (чырым) тагынып жүрсө болобу?”

Мен ислам динин жакшы билген адамдардан сурайын дедим эле. Өзүн мусулманмын деп эсептеген, намазга жыгылып, Меккеге барып келген адам – Алмаз Атамбаев ушундай орденди тагынып жүрсө боло береби? Көрүп турасыңар да, бул […]

Алмаз Атамбаев өзүнүн туулган күнү менен КМШнын саммитин кандай өткөрдү?

Ушул боз үйдү куруу үчүн 179 миллион сом каражат чыгымдалган.   Мындан 25 жыл мурун, 1991-жылы КМШ  түзүлгөндө кыргыздын белдүү дипломаттарынын бири, Кыргызстандын бир кездеги Тышкы иштер министри Мурат Сансызбаев […]

Өзбекстан Үңкүр-Тоодон милиционерлерин алып чыгып кетти

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, бүгүн, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүндө кыргыз тарапка расмий кабарланды. Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу […]

Видео – Бишкектеги КМШ саммитинде Владимир Путин менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко кайым айтыша кетишти

Бишкекте, 16-17-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги саммити болуп өттү. 2016-жылы Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгы аяктап бараткандыктан кийинки 2017-жылга КМШнын төрагалыгына Россияны көрсөтүү сунушу менен Алмаз Атамбаев катышуучуларга кайрылды. – Украина Россиянын КМШга […]

Видео – Алмаз Атамбаев Путинге: “Ал (Александр Невский) мага окшоп татар элинин күйөө баласы болгон”

Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнүн жана 60 жылдык юбилейин куттуктап Александр Невский орденин тапшыруу учурундагы диалог: В.Путин: – Сизди Александр Невский ордени […]

Фото – Путин Александр Лукашенконун 60 жылдыгына берген Александр Невский орденин Атамбаевдин 60 жылдыгына да берди

Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр […]

Видео – Алмаз Атамбаев КМШнын саммитине келген Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону бекем кучактап, өзгөчө жылуу тосуп алды

Бишкекте 16-17-сентябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитине келген Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону  Алмаз Атамбаев бекем кучактап, жаадырап-жайнап,  өзгөчө тосуп алганын байкоочулар белгилешүүдө. Бул тууралу  “Заноза” маалымат агенттиги Диля Юсупова аттуу автордун […]

Фото – Россиянын “Газпром” ишканасы Алмаз Атамбаевдин айылы Арашанга спорттук комплекс куруп берди

Россиянын “Газпром” ишканасынын Кыргызстандагы бөлүмү Аламүдүн районундагы Алмаз Атамбаев туулуп өскөн Арашан айылына аянты 1000 м.кв. келген “Газпром” спорткомплексин куруп берди. Спорт комплекстин ачылышы кечээ, 17-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путиндин […]

Видео – “Тамашоу” тобу Алмаз Атамбаевди туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, “Ак үйдөгү көзү ачык” аттуу чыгармасын жарыялады

Кечээ, 17-сентябрдын түнүндө “Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү жана алып баруучусу Эрмек Нурбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында Алмаз Атамбаевди туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, “Тамашоу” долбоорунун эң популярдуу чыгармаларына кирген […]

Видео – Алмаз Атамбаев өзүнүн 5-ырын кыргызча ырдап, клип тартып чыгарды

Кыргызстанга  музыкалык таланты менен жаңыдан таанылып келаткан Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык юбилейине арнап, 5-ырын кыргызча ырдап, клип тартып чыгарды. Ыр “Кыргызстаным” деп аталат. Буга чейин Атамбаев 4 ырын орусча […]

Алмаз Атамбаев Путинге: “Мен Сизди көргөнгө ар дайым кубанычтамын, анткени Сизди көргөндө бир тууганымды көргөндөй болом”

Бүгүн, 17-сентябрда Алмаз Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын Бишкекте өткөн отурумуна катышкан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. Алмаз Атамбаев Владимир Путин […]

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн делегация курамында Бишкекке келген Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз […]

Кыргыз спортунун патриархы 80 жашты багынтмак

Кыргыз спортуна өчпөс из калтырып, эл-журтка адал эмгеги менен үлгү болуп, улуттук университеттен алган билимин өмүр бою спорт жаатына жумшаган Карыпбай Сарымсаков көзү тирүү болгондо 19-сентябрь күнү 80 жашты багынтмак. […]

Улут жана укук маселесин референдум жолу менен чечели

  Кыргызстан элине, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, саясый партияларга, коомдук уюмдарга  КАЙРЫЛУУ Биз улуттун өнүгүү стратегиясын ишке ашырыш үчүн улуттук идеологияны, коомду жана мамлекетти өнүктүрүүнүн концепциясын жана […]

Атайын оорукананы Сагымбаев сазга тыгабы?

Борбор калаада жалгыз көзгө басар атайын деп аталган ооруканабыз бар. Жалпылап эле «спецбольница» деп атап келебиз. Ушул оорукананын директору бар Марат Сагымбаев деген. Бул кызматка кадимки «курчечен» Адахан Мадумаров жетелеп […]

Мурдагы советтик сателлиттерде жетекчилер алмаша баштады

  “Өзбекстан жаңы президенттин ысымын атады, бейшемби күнү постсоветтик Борбор Азиядагы акыркы бир топ жылдагы ири кайра куруулардын жүрүшүндө Казакстан менен Арменияда премьерлер алмашты”  деп билдирет “Financial Times”. “Бул жумада […]

Азия Ньюс: “Парламент пахмелдери”

Камчыбек Жолдошбаев: – Кээ бирлер үчтөн аял алса, кээ бирлери төрттөн аял алып ийип атат. Анан никеси катталбаса, алардан төрөлгөн балдар кандай фамилия алып атат? Башка бирөөлөрдүкүн ала береби? Ал […]

Саммитке 25, Атамбаевге 60 жыл…

Эртең 16-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн юбилейлик саммити башталганы турат. Чейрек кылым болуптур. Саммитке келе турган ар бир өлкөнүн жетекчиси “Ашуудан берген отчету” сымал жыйын учурунда коомчулукка баштан аяк саймедиреп бериши турулуу […]

Таалай Масабиров ажылыкка кетти

“Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, спортчу Таалай Масабиров мусулмандык парзын өтөп ушул маалда Меккеде зыярат кылып жүргөн учуру. Буга чейин фракциядагылардан Алмаз Баатырбеков, Канат Исаевдер ажылык милдетин өтөп келишип, намазга […]

Сабыр Муканбетов, “Кабыландын” серепчиси: “Чынында “Теке” болбосо, “Кабылан” мындай даражага жетмек эмес”

Ар дайым Акүйдө, же жалпы коомчулукта өнүгүп аткан ар кандай саясый кубулуштарга “Карышкыр” каймана аты бар саясый серепчибиз өз баасын бергенден тажабайт. Бу саам да ички интригаларга, күтүүсүз көрүнүштөргө жеке […]

Коррупция тууралуу билдирсең, ошол акчанын 30%ы сеники болот

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдарды сыйлоого жана укугун коргоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул мыйзамдын демилгечиси ЖК депутаты […]

Өмүрзак Мамаюсупов азыркы күндүн Дүйшөнү

Белгилүү журналист, жазуучу, кесиптеш Мамат Сабыровдун калемине таандык “Ноокат математикалык билимканасы” китеби жарык көрдү. Мына ушу жигит коомдук ишмер Өмүрзак Мамаюсуповдун демилгеси менен түптөлгөн, негизделген алыскы тоо боорундагы билимкананын таржымалын […]

Республиканын аймагында дем алыш күнү күтүлгөн аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин дем алыш күндөрү күтүлгөн аба ырайынын болжолдоо баракчасы. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 17-сентябрында ала-булут каптап турат, […]

Мелис Эшимкановдун арабыздан кеткенине 5 жыл болду

Мындан туура беш жыл мурун, түш ооп калган кезде телефондон бир досум: “Ай, Мелис Эшимканов өлүптүр, сен уктуңбу?” деди. “Койчу дөөрүбөй” деп бир сөз айтканча телефондун үнү өчтү. Атаңгөрү, ошол […]

Кыдыр Кудай! Дүйнөнү диндерге бөлүп, согуштуруп жаткан Шайтан!

Гезиттин өткөн жумадагы санында Кудай деген ыйык сөзүбүз Кыдыр атабыздын өз ысымынан жаралганын, кыргыз тилине фарсы (перс) элиндеги “ХУДО” деген сөздөн киргенин айтканбыз. Кайталай кетсек, Худо деген сөз ХУДОР, ХЫДЫР […]

Роза Отунбаевага экс-президенттик наамды бердик, а неге Ишенбай Кадырбековдон кызганабыз?..

31-августта Кыргызстандын көз каранды эместигинин 25 жылдык салтанатында президент Алмазбек Атамбаевдин “жарандардын көбү Конституция менен бирге мамлекеттин президентин шайлап жатканын билген да эмес. Бир да шайлоо бюллетенинде президенттикке талапкердин фамилиясы […]

Исфанада медреседе окуган студент кыздар аялдардын укуктары боюнча маселелерди окушууда

2016-жылдын 14-сентябрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы Абдулла ибн Аббас атындагы Ислам Институтунда окуган 20 студент кыз “Аялдардын укуктары” темасындагы тренингге катышты. Катышкан кыздар эркектер менен аялдардын ортосундагы бирдей укуктарды камсыз […]

Адахан Мадумаров: «Тойго барбай койсоң болот, а батага сөссүз бар»

Өзбекстандын мурунку президенти, мамлекетти чейрек кылым башкарган Ислам Каримовдун сөөгү жерге берилгени аз эле болду. Анткен менен Россиянын президенти В.Путин Кытай жергесинде өткөн чоң саммиттен кийин Өзбекстан жергесине кайрылып (Москвага […]

ОшМЮИда Конституцияны талкуулаган тегерек стол

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда  «Колдоого татыктуу Конституциялык өзгөрүүлөр—мезгилдин талабы» аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган жогорку окуу жайдын  профессордук окумуштуу окутуучулар курамы катышкан иш чарада өзгөртүүлөр киргизилип жаткан Конституциянын жаңы […]

Мелис Турганбаев, экс-министр: “Польшадан күрөшүп, кыргыздын намысын коргойм”

Милициянын генералы Польша өлкөсүндө өтө турган ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка аттанганы турат. Даярдыктары тууралуу кеп козгоп, тил учунан маек кылдык. – Мелис, октябрь айынын баш ченинде Польша […]

“Ата Мекен” фракциясы жакын арада “Манас” эл аралык аэропортунун” иши менен таанышат

Кечээ, 16-сентябрда “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, анда эки маселе каралды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди. Алгач КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев […]

“Айкөл Ала-Тоонун” Апрель Баатырлары КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаевди ири өлчөмдөгү акчаны кымырып кеткен деп айыптап жатат

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин айрым өкүлдөрү бул уюмдун жетекчиси, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевди ири өлчөмдөгү акчаны кымырып кеткен деп айыптап жатат. Ушул тушта алардын доомат-арызын, материалдарды Экономикалык […]

КМШ мамлекеттеринин башчылары Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кечээ, 16-сентябрда  Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү. Отурумду ачып жатып Алмаз Атамбаев КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн башчылары менен кыргыз […]

Видео – “Ата-Мекен” фракциясы Максим Бакиевдин 2,7 гектар жерин революциядан кийин Алмаз Атамбаев кандай жолдор менен сатып алганын талкуулады

Бүгүн, 16-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин улутташтырылган Максим Бакиевдин Кой-Таш айылындагы 2,7 гектар жерин Алмаз Атамбаев кандай жолдор менен сатып алып, ал жерге үй […]

Кыргызстанга Беларусь Президенти Александр Лукашенко келди

Кыргыз Республикасына бүгүн, 15-сентябрда, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунда Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай […]

Иса Өмүркулов, КСДП фракция лидери: “Коалиция тараган сайын туруктуулукка доо кетет”

– Иса Шейшенкулович, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “башкаруучу коалиция реанимацияга түшүп, жасалма дем алдыруу менен гана жашап жатат” деп айтты. Жетектөөчү коалициянын акыбалы ошончолук эле оорбу? – Бул суроого […]

Кыргызстанга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев келди

Кыргыз Республикасына бүгүн, 16-сентябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри […]

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Мени ОБСЕ колдойт”

– Дайыр, Алмазбек Шаршенович менен соттошууга себепчи болгон маселени коомчулук билет. Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан качышына президент күнөөлүү эмес, көрсө, Убактылуу өкмөт кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганбы? Демек, компромисске баарууну […]

Баңги каражаттары менен кармалгандар соттолушту

2016-жылдын 13-февраль күнү айыпталуучулар А.Бегматов жана К.Шералиев, Ош областынын Өзгөн районундагы автоунаа жүрүүчү «Өзгөн-Жалал-Абад» ашуу жолунда, автоунаада Ош шаарын көздөй келе жаткан жеринен, Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам […]