Папанда жер боюнча ызы-чуу чыгышы мүмкүн

Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө он жылдан ашык убакыттан бери жер маселеси аягына чыкпай келет. Абал абдан кооптуу болуп турат. Эгер аталган айыл өкмөттүн маселеси тез арада көзөмөлгө алынбаса, Тогуз-Тородогудай чатак бул жерде да башталаарынан шек жок. Жергиликтүү укук коргоо органдарынан үмүт жок. Аларга эл ишенбейт. Бардыгы табакташ, коррупцияга малынышкан экен. Ошол себептүү, Папан эли Бишкектен текшерүүчүлөрдү чакырышууда. Президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашат. Маселени алдын албаса болбойт. Кененирээк, гезиттин кийинки сандарына чагылдырабыз. Учурда журналисттик иликтөө жүрүп жатат.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *