Пара берип жаткан жеринен чет элдик жарандар кармалды

2018-жылдын 25-январында КР МУКК органдары тарабынан ЕАЭБ аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүнү жана контрабандалык ишмердүүлүктү аныктап, аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында,  ири өлчөмдөгү бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу максатында 100 миң евро, ошондой эле 138 миң 600 АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандары «М.М.», «С.В.», «Г.Д» жана «Ч.Г.» кармалды.

Такталган маалымат боюнча чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп, мындайча айтканда “жалган транзит” аркылуу тамеки продукцияларын жана башка товарларды алып өткөргөндүгү тууралуу жасалма документтерди уюштурууну көздөшкөн.

Бул факты боюнча КР Башкы Прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 210 ( Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө ), 30 жана 304 ( Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шыкакчы болуу ) жана 314 (Пара берүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар КР МУКК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *