Парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясына Ак-Талаадан 1-орунду алып берген Кылычбек Исамамбетов кайда?

Уучубуз куру эмес, улуттун уңгусун улап, учтан түпкө куроого бел байлаган азаматтар арабызда арбын. Өзгөчө жаштар арасында. Эсеби маселен, Кылычбек Исамамбетов деген жигит бар. Саясий чөйрөгө жаңыдан баш салып ке­ле жатат. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого «Ата-Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан. Кичи мекени болгон Ак- Талаа районунан талапкер болуп чыгып, жыйынтыгында аталган райондон «АтаМекен» партиясын биринчиликке сүрөп чыгарганын баса белгилеп айта кетүүбүз абзел. Арийне, «Ата-Мекен» партиясы Ак-Талаа районунан гана биринчи болуп чыкпаса, башка жерлерден дээрлик араң илээшкени ачуу чындык. Бирок, андан да өткөн ачуу чындыкты кайда катабыз? Дегеним, өз районунан биринчи болгону менен Кылычбек мырза бүгүн парламентте эмес, анын ордуна Нарын областынын квотасынан добуш ала алышпаса дагы Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова де­гендер отурат. Исамамбетовду бул карт бөрүлөр эмне жашсынтып, тил эмизип коюштубу? Же калыстык деген таптакыр караңгылыкка сиңип кеткенби? Арийне, эски кадрлардан эзилип бүттүк, жаштарга орун берилсин деген ураан кайда калды?

Булак: “Де факто

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *