Парламенттин 6 фракциясынын лидерлери Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу жөнүндө кайрылуусуна кол коюшту

Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын депутаттары экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу жөнүндө кайрылуусуна кол коюшту.

Белгилүү болгондой, кайрылууга  Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»), Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан»), Алтынбек Сулайманов («Бир Бол»), Бакыт Төрөбаевдар («Өнүгүү-Прогресс») кол коюшкан.

Кийинчерээк колдорун КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов дагы койгон.

Аталган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлөт.

Бүгүн Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу суранычын жазып, парламенттин алты фракциясынын лидерлерин аны колдоого чакырган.

Булак:KyrgyzToday

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Оо, кыргыздын бечара саясатчылары, ушул кимге керек? Текебаевге ырайым кыл деп башкалардын суранышы – түркөй популизм. Текебаевге чындап ак санаган киши мындай кылбайт: Президенттин ырайым кылуусун эмес, укуктук негизде акталып чыгуусун каалайт. Ырайым менен түрмөдөн чыгышы – Текебаевдин саясатчы катары бүтүшү, компенсациялардын бардык түрлөрүнөн куру калышы болот. Же силерге ошол керекпи? Эжекеңер го өзүнүн эмне деп сүйлөгөнүн өзү түшүнбөгөн неме экен.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *