Партияны кол жоолукка айландыра берсек парламенттик өлкө боло алабызбы?

Кээ бир “сары жамбаш” гезиттер сенсациянын артынан кууганга кызыктар. Дегеле чындыктын “элементи” бардай чуулдатышат. Жоктон бар кылганга умтулушканда тимеле чаң чыгат. Кыргыз өлкөсү парламенттик башкарууну тандаганы боюнча элдин аң-сезиминде түшүнүк бар. Азыркы ажобуз деле ушул башкарууну бекемдөөгө дитин коерун айтканын эшиткенбиз. Демек, парламенттик башкарууга кадамдарыбызды сала турганыбыз айкын болуп калды десек натуура болбостур?

Арийне, партиялык курулушту чыңдабасак, баралына келтирбесек чийкиликтен оолактай албайбыз. Тилекке каршы учурда кубаттуу делген партияларды салаа бүгүп саноого болбой турат. Ал эми азыр парламентте сакталып калган фракциялардын деле абалы мактанарлык эмес. Көбүнчө алар кантип жан сактап калуунун амалында болгону ачык көрүнүп турганын деле кыстара кетели. Интригалык шахматтык жүрүштөрдү ишке ашырган айрым депутаттардын арааны ачылганы боюнча имиштер коомчулукту чуулганга салууда. Акыйкатына келсек андай сүргүлөшүүлөрдүн, ойт бермечиликтин парламентте жашап жатканын эл өкүлдөрү өздөрү деле танууга чамасы жетпейт. Парламентте орноп калган табиятын өзгөртүүгө учурда мүмкүнчүлүк жок деп кесе айтсак капа деле болушпастыр?

Эмесе, сөзүбүздү партияларга буралы. Маселен бүгүнкү күндө “Республика” партиясынын лидери жок томсоруп турат. Анткени Өмүрбек Бабановду өзүнүн жазган арызы боюнча лидерликтен кетиришкен айласы жоктон. Фракция лидерине капыстан шайланып калган лидер Жыргалбек Турускуловду мындан ары толук кандуу лидер деп эсептөөгө болобу? Жок. Себеби, эртең, же бүрсүгүнү аны “кулатып” салышаарынан күмөн саноого болбойт. Анткени лидер “ойноок колдой” болуп калганы ырас. Парламенттик шайлоого ушул партиянын учурда даярдыгы кандай деген суроо жаралбай койбойт. Даярдык нөл деп койсок бап келет. Башы жок, каражаты чабал партияда кайсыл даярдык болмок эле? Ал тургай кийинки шайлоого булар кирбей калышы да ыктымал. Мурдагы күпүлдөгөн лидер Ө. Бабанов партияга эми каражат салбайт. Ким билет, өлкөдөгү абал өзгөрүп кетпесе…

Убагында кызыл желегин туш тарапка желбиреткен “Ата Мекен” партиясынын азыркы деңгээли деле адамдын көңүлүн жубатпайт. Өмүрбек Текебаевдин карааны жоголгон соң он депутаттын ичинде ар кандай түстөгү “мышыктар” пайда болду. Кээ бирлери мандатынан ажырады, айрымдары олку-солку абалда турганы калп эмес. Жон терисин сактап калуунун амалында жүргөндөр эптеп илээшип күн көргөн кези. Эгерде айтылган кептелме кептерге ынансак Алмамбет Шыкмаматов лидерлигин сактап калат. Мунун деле жашыруун сыры жок. Өрүлгөн камчынын “уусуна” чыдоого баарынын эле кудурети жетпейт. Чамгарактаса кийиз казыктай жерге житире кагып салат күчтүүлөр. Ошондон улам бул партиянын деле “келечеги” бүдөмүктөнүп калды.

“Өнүгүүнүн” мактанарлык иши болбогонун баары байкоого алып турат. Лидер Бакыт Төрөбаевдин калпыстыктары боюнча узун сабак сөз илешкени деле чын. Шайлоодо ишенген кожолору бул ирет көмөк көрсөтөөрү да чалагайымданып калды. Ал үчүн стратегиялык пландардын өтөсүнө чыгуу керек болчу. Анте албаган соң кол сунуудан баш тартышат десек аша чаап кетпейбиз. Ушундай эле сыпаттаманы “Бир Болго”, “Кыргызстанга” чаптасак неге болбосун? Туурасын айтканда булардан да айдарым жел сокпой калганын неге жашырабыз?

КСДПнын азыркы абалы кооптуу дегенге негиз бар. Анткени анчалык дарамети билинбеген, арабөк жүргөн Сагынбек Абдракмановду үстүртө чарпып кеткен басылмалар башкы каарман кылууга жан үрөп киришкени жөн жерден эмес. Мурдагы ажого ичи бышкан айрым саясатчылар (алардын басылмалары) соктурма адаттарын күчөтүштү. Партияны тартып алуу пландары ачык байкала баштады. Анын түбүнө жетиш оңой эмес экенин акылга салган коомдук ишмерлер, ошол эле Атамбаевге өчүгүп келген саясатчылар айтып жатышат. Кара күчкө салып эле партияны шалтурук кылабыз деген эргулдар кысынбай эле “жортуулун” эпке келтире башташты. Ал эми ушул партиянын амири аркылуу чоң кызматты чеңгелдегендер, депутат болгондор, турмушун жакшыртууга жетишкендер каралай башынын кызыкчылыгына кам көргөнү адамкерчилик эместир? Партияны кол жоолукка айландыра берсек кантип парламенттик өлкө болобуз? Мына ушул омоктуу маселени да көңүл сыртында калтырбасак…

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *