Павел Зарифулин, Лев Гумилев Борборунун директору: “Жээнбековдордун кланы Кыргызстанды толук ээлеп алды”

Кыргызстанда шайлоо алдында түзүлгөн кырдаал тууралуу жана бул шайлоого чет мамлекеттердин таасири жөнүндө “Yenicag.Ruга” Лев Гумилев Борборунун директору, саясат таануучу Павел Зарифуллин айтып берет.

– Сиз Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалды кандай баалайсыз?

– Азыркы учурда Кыргызстанда шайлоо алдында татаал кырдаал түзүлдү. Болгону 59 талапкер катталды. Булар партиялардын өкүлдөрү жана өзүн-өзү көрсөткөндөр. Бирок кыйынчылык талапкерлердин саны көп болгондугунда эмес, бул учурдагы президент А.Атамбаевдин мураскери үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Шайлоодо түндүк электорат аябай бөлүнүп-жарылат. Ошондуктан бул аймактын бир да талапкери шайлоодон өтпөйт. Ошол эле Ө.Бабанов ушундай абалда экинчи турга өтүп кетери арсар. Экинчи тур болбойт. Бул плюс, башка жагынан алганда чоң минус.

Президенттин администрациясы тарабынан сөзсүз административдик ресурс колдонулат, албетте Кыргыз Республикасынын “Шайлоолор тууралуу” мыйзамдары бузулат. Бул жагдайды оппозиция колдоно алат жана шайлоодон кийин заматта биригип, өзүнүн тарапкерлери менен азыркы  Кыргызстанда ар бир “ири саясатчыда” бар куралдуу жоочуларын көчөгө чыгара алат. Бирок бул деле эч нерсе эмес. Укук коргоо органдары азыр “толпаны” кууп таратып, алардын арасынан чагымчылар менен бузукуларды таап чыгууга машыгып калышты. Баарынан коркунучтуусу, азыркы Кыргызстанда исламга басым жасаган адамдар бийликке умтулгандыгында болууда.

Мечиттердин имамдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (Муфтият) чыныгы мусулман, күндө беш убак намаз окуган, Сауд Аравиясы, Катар, Түркия жана башка бир катар аны мурдагы жумушунда эле билген мамлекеттер колдогон С.Жээнбековго өз добушун берүү үчүн көрсөтмө алышкан.

– Талапкерлердин кимиси күчтүүрөөк болууда?

– Менин көз карашымда, Кыргызстандагы шайлоодо өтө күчтүү талапкер – С.Жээнбеков. Анын кланы бийлик түзүмдөрүндөгү көптөгөн чечүүчү кызматтарды ээлеп алышкан. Алсак, А.Жээнбеков парламенттин мурдагы спикери, азыркы премьер-министр (макала С.Жээнбеков премьер-министр кезинде даярдалган,-  редакция) жана 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу башкы расмий талапкердин бир тууган иниси;

Бир туугандар Жээнбековдор-Шариповдордун үй-бүлөлүк кланы көп жылдардан бери Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен кызматташып келет. Алардын эң чоңу старший – Ж. Шарипов – Марокко, Иордания, Бахрейн жана Кувейтте элчи кызматын аркалайт;

КРнын Сауд Аравиясы жана биргеликте Египттеги элчиси А. Жумабаев – Жээнбековдордун тууганы;

Кыргызстан мусулмандарынын учурдагы диний башкармалыгынын жетекчиси (Муфтий) М.Токтомушев, Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн тууганы;

Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн КРнын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев жана Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков менен бизнес- байланыштары бар.

Үй-бүлөнүн туруктуу өнөктөшү болуп Катар өнүгүү фонду жана “Социалдык реформалар коому” деп аталган көптөгөн өлкөлөрдө терс мүнөздөлгөн, анын ичинде Россияда кабыл алынбаган фонд саналат. Жээнбековдордун кланы азыр Кыргызстандын тышкы саясатына да, диний чөйрө менен  баардык аймактын коопсуздугуна да толук таасир бере алат.

– Кыргызстандын келерки президенттигине батышчыл талапкер болот деген божомол барбы?

– Жогоруда айтылган жагдайлардан улам Кыргызстандын кийинки мамлекет башчысы ошол эле батышчыл деп саналган Ө.Бабанов, Р.Карасаротва же башкалар болуп калат деген ишенич өтө аз. Ө.Бабанов “түндүктүн” талапкерлери менен жалпы тил таба албады. Азыр шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталуу алдында турат жана “түндүктүн” талапкерлери өздөрүн булутта жүргөндөй сезишип, Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер болгондугу үчүн эле толук эйфорияга алдырышууда. Сыягы, алар ушул кадамы менен түштүктүк талапкердин жолун ачып, “түндүктүктүн” жолун тороп жаткандыгын түшүнбөй жатышат

– Көптөгөн эксперттер Кыргызстанда саясый кризис болушу мүмкүн деген божомолго көбүрөөк басым жасашууда. Сиз кандай ойлойсуз, бул мамлекетте кайрадан Россия жана АКШнын тирешүүсү канчалык чын?

– Эксперттердин Кыргызстан саясый кризиске кабылат деген пикирине кошулса болот. Кыргызстан бир гана диний агымдардын эмес, бул өлкөнү өздөрүнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыгынын зонасы деп эсептеген мамлекеттердин да полигону болуп калган. АКШ менен Россиянын Кыргызстанда таасир талашуусу азыр да уланууда. АКШ “демократияны өнүктүрүү үчүн” өтө ири суммадагы долларды чегерип, Кыргызстандагы кызыкчылыгын жоготту деп айтууга болбойт.

Ошондуктан АКШнын Кыргызстандагы саясый таасири өтө жогору жана ал күч алууда. Мисал катары ошол эле батышчыл жана америкачыл кызыкчылыкты толук колдогон жана турмушка ашырып жаткан Р.Отунбаева же Ө.Бабановду алалы.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *