Пенсия көбөйдү

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 1 -октябрдан тарта пенсиянын көлөмүн жогорулатуу боюнча токтомго кол койду. Пенсиянын орточо көлөмү 5173 сомду түзөт. Эске салсак, 2016-жылдын башына пенсионерлердин жалпы саны 604,8 миң кишини түзсө, пенсиянын орточо көлөмү 4753 сом болуп келген. Токтомго ылайык 1-октябрдан тарта 10 миң сомго чейин пенсия алгандардын акчасы кеминде 350 сомго чейин жогоруласа, 10 миң сомдон ашык пенсия алгандардыкы 8 пайызга көбөйөт. Ал эми 2000 сомго чейинки пенсия орточо эсеп менен эки эсе көбөйүп, 4000 сомго чейин көтөрүлөт. 1-топтогу майыптардын акчасы да көбөйүп, жыл соңуна чейин 4700 сомго жетет.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *