Периштелүү проза

Эстеп көрсөм, колума китеп кармай элегиме көп болуптур. Жазуучу Мамат Сабыровдун “Акыркы сапар” аттуу китеби колума жаңы тийгенде Ысык-Атага, бээнин сүтүн ичкенге жөнөп аткам. Китепти өзүм менен кошо ала кеттим. Он күнчө жатсам-турсам бирге болду.

Элдин билбегени жок, бээнин сүтүн жылуусунда ичели деп бир тобубуз күндө желенин түбүн сагалайбыз. Баарынын колунда курсагына чактап тапкан курушкасы бар. А мен колтугума Маматтын китебин кошо кысып алгам. Өзүңүз билесиз, кыргыз бошой калды, эрмек издейт. Саясаттын узун-туурасын жоно берип жадаштыбы, “бу сиз менен тоого чейин келген кайсы китеп?” дешип асилдешип суроо узатышты. “Мамат Сабыровдун жаңы чыккан китеби” десем ичкен сүтү ичеге ылдый кулдурап-чулдурап бараткан кыкемдер жамбаштап жаткан бойлорун түзөй калышты. Тээ Таш-Көмүрдөн бери сүттөн-сүт тандап, акыры ушул жерге келип токтогон Асанбек абага карап: “Асаке, Мурза Гапаров, Кубат Жусубалиев деген жазуучуларды уккан белеңиз?” десем, “угушун угуп жүрөм, бирок китептерин окубапмын, болгонун болгондой айтыш керек да…” деп чекелей берди эле, “ээ, анда көп нерседен кур калыпсыз” дедим тамашага чалып. «Эй ука, сен дагы кызык экенсиң, биз китеп окуп отуруп алсак, малыбызды ким багат?!» Мен түшүндүм, кепти көбөйтпөдүм…

Жанагы мен айткан беш салаа менен саналган жазуучулардын экөөсү жөнүндө, алардын чыгармачылыгы тууралуу кеп баштап, Мамат Сабыров ошолорду устат тутуп жолун улаган калемгер экенин, экинчи жагы мага ини болоорун айтсам, бир-экөө “жакшы жазса укаңиздин китебин каяктан тапсак болот?” деп калды. Сүт ичип жаткандардын бул сөзү мага жакты… Күн сайын китептен бирден-экиден аңгеме окуйм. Андан ашырбайм. Он күндө “Акыркы сапардын” аягына чыктым…

“Пүлгөндүн шамалы” жаңылбасам, жазуучунун экинчи повести. Чыгармада журналисттик кесипке ээ болгон Мухтар жумуш издеп, жолу болбой түштүктү түрө кыдырат. Иш издеп жүрүп, жоолуккан, сүйлөшкөн адамдардын кыял-жоруктары, түркүн тагдыры кызыктуу жазылган. Окуп баратканда кыргыз аңгемесинин классиги М. Гапаровдун “Кыштакча” повести эске түшөт. Элет адамдарынын муң-зарлуу, ары юморлуу жашоо үзүмдөрү карегиңде калып, көңүлүңө уюйт. М. Сабыровду айрымалап турган касиетчактап жазганы, көлөм кубалабаганы. Повестти окуп баратып, улам азайып бараткан беттерине ичиң ачышат… “Акыркы сапар” аңгемесинин аталышы китепке ыроологонуна караганда жазуучунун ишенген чыгармасыбы деген ой келет. Ошондой эле экен! Аңгемеде айтылуу Полотхан кадимки Кокон хандыгын башкарып, кийин-соңу тагынан тайып, дүйнөсү тарып тагдыр жазымышынын коон тилигиндей күндөрүн жан-дүйнөнү титиреткен абалга жеткире сүрөттөйт. Доор үнүн, мезгил жүзүн өз боёгу менен элестүү берет. Полот хандын дарга түбүндө ажалга тике караган эрдигин жазган чебер сүрөткердин калеми тарыхый чоң темага талпынып тургандай. Аны”Зыңдан” аттуу аңгемеси да тастыктап турат. Өз кезегинде ата-бабалардын жердеги агып кеткен заман-доорлорун кагаз бетине түшүрсөк деп армандаган залкар акын агабыз Жолон Мамытов минтип жазып атпайбы:

“Айланып өтүп жатат

чиркин дүйнө

Көзүмдөн тегеренип

ала-була

Батырам кантип гана

бул күндөрдү

Сыядай сыгып алып

барагыма” –

деп жүрөгүн тилдирип, анан “…ким ырдайт өткөн күнүн бабалардын?!” дептир. Каңырыгы түтөгөн кайран Жокем бизге чоң суроону таштап кетиптир…

Маматты байкасам, бармактайынан эле адамга ынак, сөзгө куйма кулак, кызык адамдардын кулк-мүнөзүн аңдап чоңойгон экен. Ал көп чыгармаларында турмуштун миң-сан кырын, түмөн сырын, замандын кыйма-чийме салаасынан келди-кетти өмүрдүн ызаасын да, кубанычын да ийне көзүнөн өткөзүп жазганга ыраса бышыптыр. Алсак, Ак Үйдүн алдында (“Атамды бошоткула!”) деген плакат көтөргөн Алымкан, карыз менен кредит желесинен чыга албай жанталпаз болгон, өз өмүрүн кыйгысы келген каарман баяны (“Табылга”), көр оокат буйткасына камалган Кемелдин (“Макен байке”) арасат учурунда көзүн ачкан Макен байкенин кайталангыс бейнеси бүгүнкү ыйман тайыздаган маалда айрыкча актуалдуу экенин, өз айылына келип адамдардын (“Көк пакет”) пейил-куюн көрүп ичинен сызган Ашыр, кезегинде түштүгөнүнө жорго минип, кийин оомал-төкмөл заманда кудайдын бир момуну болуп акыретке узаган Жамалбек (“Карыз”), Меккеге мойнуна көтөрүп барып парзынан кутулууну кыялданган каармандын өлүмгө кайыл болуп калган атасы менен аргасы жок коштошкон жери (“Көкөй кести”), философиялык кайрыктары муун-жүнүңүздү какшатат-ов! Жазуучу жөнөкөй чындыкты поэтикалуу кудурет-күч менен сезимине уютуп, каармандарды туруш-турпаты менен говор-күүсүн бузбай бергенге өтө маш. Аңгемелеринин “сылтыган” жерин көрө албадым. “Арзыкан”, “Келин гүл”, “Жазгүл”, “Күйүт” аңгемелери өзөктөш. Сүйүү таасири жүздөп, миңдеп жазылса да жаңы боёктору ачыла берет го. Анын сыңары, жогорудагы чыгармалар өзүнүн ыры, өзүнүн шору менен, жаңы күтүлбөстүктөрү менен кызык. Ал эми “Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апай” аттуу аңгемесине кадимкидей суктанасың. М. Сабыров тээ илгери баштан кечирген күндөрүн да кунарын кетирбей акыл кесесинде сактап, аны дайыма “учтап” жүргөнү ыраазы кылат. Шол мезгилди обон-күүсүнө чейин оймолоп кагазга түшүрсө кечээ-бүгүн болгондой таасири бир керемет!

Мамат стилин тапкан жазуучу. Идеясын өз кайрыгы менен кештелеп, окуганды эриктирбейт. Диалог түзгөнгө өзгөчө уста. Каармандардын “үндөрү” угулуп турат. Психологиясын көөрүк баскандай көлкүтүп, кайталангыс баяндоо ыкмасы окугандын ышкысын козгойт. Чыгарманын аягына чыгып, кыйлага “дем аласың”, ойго чөгөсүң. Тегерек-четке көз чаптырып, сага көрүнгөн турмуштан бөлөк дагы бир жашоо-турмуш бар экенин туюп, тунжурайсың… Бул таланттын күчү!

Мамат Сабыров жазып жатып калем тизгинин колдон чыгарбайт. Ал сөзгө сараң, көлөмгө сараң. Аны Чеховдон үйрөнгөн, Гапаровдон үйрөнгөн… Сөздү барктаган калемгер. Дүйнөлүк улуу ойчулдардын сөз берметтерин, учкул сөздөрүнөн турган “Кеменгер кеп” аттуу афоризмдер жыйнагын түзүп, жылда жаңылап басмадан чыгарат. Ал кыргыз элинин колдон түшпөс таберигине айланды. Жыйырма миң нускада жарык көрүп жаткан элдик “Жетиген” журналына сандан санга жарыяланып келүүдө.

Көп эмгектенүү — ​бул тытынып жазуу деген кеп эмес. Кээ бир учурда өзүнчө толгонуп, изденип жүргөнү менен ишибиз жок, “кийинки мезгилде жазбай кетти” деп кейип-кепчип, наалып калабыз. Аз жазгандарды шаштырыштын кереги жок, алардын жүрөк кумарына салып, кушкер жазганын күтүш керек. Көркөм өнөрдүн саябанын салкындаган бир чындык бар, ал сан эмес, сапат! “Чыныгы жазуучу жазам деп жазбайт, жазбай коё албаганынан жазат» (Бунин). Ошол калемдин жазганын окурман күтөт, жүрөгү каалап зарыгып күтөт. Ошол күтүлүп окулган жазуучулардын сап башында Мамат Сабыров иним да бар экенине сыймыктанам. Бар бол, асыл ойдун, периштелүү прозанын жаратманы!

Абдиламит Матисаков, жазуучу-публицист

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *