Планеталар парады.. премьер-министрлер парады

Азыркы күндө да чуулгандуу чатактары, коомдук-саясий аренадагы ызы-чуусу басылбай, басылмак турсун, уламдан-улам кайра күчөп, жана да экономикалык-бизнестик, жеке ишкердик аралашкан былык, көмүскө жагдайлары ачыкталбай, ылайланган сууну кечкенде ого бетер балчыкка айланган сымал, улам жаңы “күбөлөр” жана дагы тергөө кызыгуусун пайда кылган жооптуу адамдардын пайда болуп жатышы, беш айга жакын созулуп келе жаткан мезгилден бери көнүмүш деле болуп калгансыды. Арийне, кылмыш ишинин тегерегиндеги ар кандай бул чуулгандуу жана чубактын кунундай созулуп бара жаткан иште өзгөчө дыкаттык менен карай турган болсок, атайылап көңүл бурдура турган жана да өзүнчө сөз кылууга муктаж бир линия бар экендиги байкалбай койбойт.

…Жакында эле шайланган жаңы өкмөт курамынын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхындагы отузунчу премьер-министри болуп калгандыгы айтылгандыгы маалым. Башкача айтканда, чейрек кылымдан бир аз ашуун убакта, орточо эсеп менен алганда, жыл сайын иштегенине тогуз же он ай гана болгон премьер-министрлер кол жоолуктай алмашылып турган… Албетте, алардын арасында үч ирет (эгерде совет мезгилинде да министрлер кабинетин жетектегенин кошо турган болсок) премьер-министр болуп, салыштырмалуу алганда, башкаларга караганда кыйла узагыраак иштеген Апас Жумагулов да болду. Ошол эле учурда, мунун тескери мисалы — ​эки ай гана премьер-министрлик креслодо олтуруп, бул орунда өзү башкарган министрлерди да али толук алмаштыра элегинде кош айтышкан Азим Исабеков сыяктуулар да болду!..

Кыскасы, ошол 30 премьер-министрдин ичинен ыраматылык Султан Ибраимовдой деңгээлге жете алгандары бар болдубу, же жокпу деген суроонун коюлушунун өзү орунсуз экендиги түшүнүктүү. Объективдүү айтканда, эгемендик учурундагы коомдук-саясий жана экономикалык кырдаал дагы кескин түрдө өзгөрүлүп, мурдагы совет доорундагы пландуу экономикага караганда алда канча татаалдашып кеткен болчу. Ачыгын айтканда, министрлер кабинетине эгемендик жылдардын эң башында эле сөздүн чыныгы маанисиндеги профессионал жана чыгаан мамлекеттик ишмер, ар тараптуу билимдүү мыкты адис гана эмес, чиновниктер армиясына дем-күч, ишеним берип, алардын баарын эч кылчактатпай, өзүнүн артынан ээрчитип кете ала турган лидердин келиши күтүлүп жаткан. Тилекке каршы, тарых, доор муктаждыктары өзүнөн өзү анын коомдук-саясий аренага келишин талап кылып жаткан ошондой инсан биздин улуу кыргыз элинен чыкпай калгандыгы эле көп ой-толгоолорду жаратат…

Далай доорлордон бери өз эркиндигин баарынан бийик тутуп, өз жерин кашык каны калганча коргоп, баскынчылык кылып, жерин ээлеп алып, өзүн кул кылмакчы болуп келген далай элдерди, — ​анын ичинде мындан бар болгону бир жарым-эки кылымча мурда убакытта басып кирип келген элди деле! — ​таш-талканын чыгарып талкалап, айкөлдүгүнөн улам гана тирүү калтырып койгон айрымдарын өзүнүн арасына биротоло “сиңирип” кете алган, башкача айтканда, алардын өз тилин, дилин, улутун, ата-тегин да биротоло унутушуна жетишип, алардын улуттук сезимин баш-мээсинен, аң-сезиминен биротоло өчүрүп, алардын баарын адам кебетесиндеги маңкурттарга айландырып салууга жетише алган байыркы улуттун арасынан неге ушундай кыйчалыш кырдаалда бир дагы чыныгы, чыгаан лидер табылбай калды? — ​деген татаал суроо дагы далай мезгилге чейин кабыргасынан коюула берери түшүнүктүү…

Жалпы планетардык, глобалдык алкактан, масштабдуу алып караганда, советтик жана коммунисттик системанын кулашы үчүн жарым кылымдан ашуун мезгилден бери эле (тээ Улуу Ата Мекендик согуштан кийин эле) максаттуу түрдө, дээрлик бүт дүйнөнү кучагына алып, бардык тармактарда өжөрдүк менен, системалуу түрдө иштеп келе жаткан күчтөрдүн пландары ишке ашкандыгы маалым. Ал эми ошол глобалдуу масштабда чакан жана геополитикалык чоң оюндарга катышууга жөндөмсүз болгон Кыргызстан ошол системанын бир бөлүгү катары гана кыйроого туш болгондугу дагы анык!.. Асыресе, биз эгемендик доорунан кийинки мезгилди — ​тескерисинче, улуттук кайра жаралуу доору болуп калган учурду сөз кылуудабыз… Ушундай аралыктан, азыркы жетишкен мезгилдик “бийиктиктен” карап олтуруп, артта калган эгемендик доорундагы окуялар дагы баары тең бири-бирине чиркелишип, алдын ала ойлонулган жана иштеп чагылгандай тартипте жүрүп олтурганына аргасыздан ынанууга болот.

Бул сыяктуу ой-толгоолордун призмасы аркылуу карай турган болсок, демек, азырга чейин элдин эсинен кетпей жүргөн, өмүрү трагедиялуу автокырсыктагы өлүм менен аяктаган эгемен Кыргызстандын эң биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун өлүмү дагы эч кандай кокустук-кырсык эмес болгондугу анык! Анткени, ал ошол кыйратуучу жана улуттук өз алдынчалык, кайра жаралууну биротоло өчүрүп, башкаларга тизе бүктүрүп, чет өлкөлүк бирөөлөргө көз каранды кылып, жалаң гана чет өлкөлөрдөн жардам сурап, ошону менен гана жашай ала тургандай кылып, тилемчи абалга жеткирүүнү каалагандардын аракеттерине өз жеке дүйнөтаанымы боюнча да, жеке адамдык сапаттары боюнча да караманча каршы тургандыгы талашсыз.

Башкача айтканда, Насирдин Исановдун кызыкчылыктары — ​Кудай-Таала өзү кыргыз улутуна белек кылган Кумтөрдү кыргыз элине жана урпактарына ыраа көрбөй, чет жактан келишкен бир ууч шылуундар менен кошо гана биргелешип пайда көрүшмөкчү болгондордун аракеттерине кайчы келери алдын ала күтүлгөн эле иш болчу. Эгемен Кыргызстандын алгачкы президенти Кыргызстандын алгачкы премьер-министрин өзү суранып жатып — ​бул чет өлкөлүк кадырлуу инвесторлор менен премьер-министр өзү кошо барбаса болбойт деп! — ​Исанов ооруп жатканына карабастан, ошол акыркы сапарга жөнөткөнү да таң калтырбай койбойт…

Ошентип, ошол азыркы отуз премьер-министрдин көч башында турган эң алгачкы залкар инсандан айрылуунун өзү эле кыргыз улутунун алдында турган дагы далай зор сыноолордун эпкининен келген эң алгачкы алдын ала кабарчысы болуп калган. А андан кийинки улам кол жолуктай алмашыла берген премьер-министрлердин басымдуу бөлүгү өз алдынча, мамлекеттик деңгээлде системалуу саясат жүргүзүүгө дээрлик жөндөмсүз жетекчилерден болушкандыгы табышмак деле эмес. Ал гана тургай, мамлекеттик-чарбалык, экономикалык мааниден алып караганда эң эле маанилүү болгон бул кызматтык орундун жедеп баркы кетип бүтүп, министрлердин арасындагы эң башкы министр катары гана каралып калганына чейин да жеттик. Идея боюнча, анын үстүнө азыркыдай премьер-министрдин ролу абдан жогору көтөрүлгөн Конституция боюнча, премьер-министр керек болсо өлкө жашоосуна, элдин турмушуна президенттен да көп таасир эте ала турган жетекчиге айланышы керек эле.

Андай бийик деңгээлге жетмек турсун, жогоруда аталган отуз премьер-министрдин тизмесине карап олтуруп, тек гана өз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарышкандары дагы абдан аз болгондугуна ынанууга болот. Дал ошондуктан улам, ошол отуз премьер-министрдин ичинен басымдуу бөлүгүнүн ысымдары да эл эсинде калбай, дароо эле биротоло унутулуп калышты. Же, тескерисинче, элдин эсинде калса дагы, кандайдыр бир чуулгандуу, чыр-чатактуу же шектүү жагдайларга байланыштуу гана “даңкы” чыгып, эсте калгандар бар…

Эгемен доорунун экинчи премьер-министри Турсунбек Чыңгышев Насирдин Исановдон калган эстафетаны татыктуу улантып кете алмак тургай, Кумтөр алтын кени чырына байланыштуу, “колхозный премьер-министр” деген каймана ысым менен (Москвалык “Комсомольская правда” газетасынын кабарчысы Камиль Баялиновдун Швейцариялык банктарда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, анын ысымына “Колхозная көчөсү” деген дарек менен жекече банктык эсеп ачылган!) эсте калды. Ал эми калган жыйырма сегизинин ишмердигин да ар бирин өз-өзүнчө карап, иргей берсек, дал ушул сыяктуу эле кандайдыр бир күмөндүү жагдайлар, шек туудурган былыктары чыга берери турган иш сыяктуу сезилет…

Ошондуктан, мисалдарды издеп, алыска барбай эле коёлук. Мына, эми эң эле соңку жаңы мисалдарга келе турган болсок, кечээ жакында эле Бишкек ЖЭБинин кылмыштуу чырына байланыштуу үч-төрт премьер-министрдин ысымдары катары менен аталды. Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев жана Сапар Исаковдор… Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чыгарган жыйынтыгында дагы ушул эле ысымдар кайра-кайра аталып жатат. Албетте, эң соңку чечимди тергөө органдары гана чыгарып, сот гана укуктук-кылмыштык баа берери белгилүү.

Ошентсе да, мындан бир жарым айча мурда эле экс-премьер министр статусуна расмий түрдө ээ боло албай, Жогорку Кеңеш тарабынан куулуп, аргасыздан кеткен мурдагы премьер-министр Исаковдун фигурасына УКМКнын тергөө бөлүмү өтө кызыгуу артып калганы, анын кечээ эле суракка экинчи ирет кайрадан чакырылганы көп нерселерди каңкуулап тургансыйт. Демек, алдыда дагы далай көмүскө жана былык иштер ачыкка булайып чыгары турган иш.

Ал гана эмес, Бишкек ЖЭБинин чуулгандуу авариясы катаал кыш учурунда орун алып, калың калк катмарынын арасында ушундай зор резонанс жаратышынын өзү да кандайдыр бир деңгээлде алганда, мыйзамченемдүү жана дагы эртедир-кечтир сөзсүз боло турган окуя болчу. Астрономиялык образдуу салыштыруу аркылуу айта турган болсок, планеталар деле качандыр бир кезде бир катарга келип тизилип калган сымал, соңку учурда кетишкен премьер-министрлердин бир катарга тизилип, Жогорку Кеңештеги кароодо да бир катарга тизилип олтуруп калышы да, мыйзамченемдүү эле көрүнүш десек болот. Улуу акылмандык бир ой, — ​коомдо жашап туруп, андан четте калууга болбойт демекчи, — ​азыркы бийлик системасынын бир бучкагын, болгондо да эң башкы, аткаруу бийлиги деп аталган бучкагын чоюп олтуруп, ошол кездеги жасалган былык жана күмөндүү иштерден четте калуунун өзү эле абдан шектүү болмок!..

Демек, “түштөнүүдөн кийин кайра келесиң” деп убактылуу гана, бир аз убакытка кайра коё берилген Сапар Исаковдун жеке иштери дагы чатак жагына айлана баштаганы көрүнүп турат. Чынын айтканда, чарба-өндүрүш-экономика иштери боюнча эч кандай тажрыйбасы жок бул жаш жигиттин өкмөттү башкарып калуусунун өзү эле коомчулукта дароо көптөгөн суроолорду жараткан. Эми гана, алгачкы кара туман суюлуп, бир аз таркай баштаганда, бул кадрдык жүрүштөрдө деле алдын ала ойлонулган, тереңде катылган кандайдыр бир “сырлар” болгонбу деген ойлор келет. Маселен, бул абдан жаш, перспективалуу, бирок, эч тажрыйбасыз кадрды өлкөдөгү эң башкы (азырынча — ​премьер-министр өлкө президенти жана спикери менен теңата, ал эми жакынкы эле келечекте — ​Конституцияга киргизилген эң соңку өзгөртүүлөр боюнча — ​эң башкы фигурага айланат!) жетекчилердин биринин ордуна алып келишкен күчтөр анын өкмөт башчылыгына али караманча даяр эместигин, чарба-экономика жана өнөр жай, өндүрүш тармактары боюнча түшүнүктөрү өтө чектелүү экендигин билбей калышкан беле?!

Албетте, алар бул жагдайларды билгенде да, эң эле сонун жана да башкаларга караганда жакшыраак билип турушкан (алар элпек Сапар Исаковго башынан эле башкалардан кыйла жакын болушуп, аны “ичкертен”, жакшы билишкендиктен улам). Демек, башка күчтүү жана тажрыйбалуу, өз алдынча саясат жүргүзүп кете ала турган талапкерге караганда, алардын жеке кызыкчылыктары үчүн дал ушундай элпек, “атка жеңил тайга чак”, алардын айткандарын дароо аткарган жана да өзү эмне кылып, эмнени көздөп жатканын да жеткире түшүнө бербеген адамдын келиши аларга кыйла ыңгайлуураак болгон.

Башкача айтканда, эгерде тергөө кызыкчылыгы улам тереңдеп, Сапар Исаковго карата кылмыш иши козголо турган болсо, буга тажрыйбасыз жана жаш кадрды ушундай кырдаалга түртүшкөн ошол эле көмүскө чөйрөсү жана анын айланасындагы таасирдүү күчтөр себепчи болушканы көрүнүп турат. Бишкек ЖЭБи боюнча деле, Айбек Калиев сыяктуу жаш, таза, али булгана элек жигиттин башка коррупционерлерге кошулуп акча жеп жибергени шек туудурат.

Ал өз жетекчиси (өзүн кызматка чоңойтуп, кандайдыр бир деңгээлде милдеткер болуп калган шефи — ​премьер-министр же президенттин жакын чөйрөсү) “кол коюп бер!” деген көрсөтмөсүнөн улам гана, тажрыйбасыздык кылып коюп, тузакка илиниши да толук ыктымал.

Ушуга байланыштуу, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге байланыштуу да бир катар ойлорду айта кетүү зарылдыгы туулуп жатат. Айта кете турган нерсе, соңку он беш-жыйырма премьер-министрдин ичинен башкаларга салыштырмалуу кыйла эле жемиштүү иштегени жана да, болгондо да, ырааттуу программа иштеп чыга алып, өз алдынча иш жүргүзө баштаган премьер-министр катары тез эле эл арасында аброю өсө баштаганы маалым. Аны менен чогуу иштешип калып, жакшы билгендердин айтымында, ал жанын сабап, чын дилинен берилип иштеп, жекшемби күнү гана эс алып, башкаларга да тыным бербесе, башка күндөрү он эки-он беш сааттан иштеп жүргөн. Дал ошондуктан улам, экс-президенттин “кыска мөөнөттүү эс алуулары” деле көп сезиле бербеген… Бирок, ага бир жарым жылдан бир аз гана ашуун убакыт берилип, аны ошол эле Кумтөр алтын кенинин айланасындагы интригалар боюнча, Жогорку Кеңештин колу менен “чаап” түшүшкөнү маалым. Кийинчерээк гана, адегенде соратниктер катары каралып, кийин оппозицияга айланган соң, азыркы абактагы Өмүрбек Текебаев экс-президент “Жантөрө Сатыбалдиевди кетирип бер” деп суранганын айтып, моюнуна алганы белгилүү!..

2010-жылдын июнундагы Ош окуяларынан кийин, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү боюнча өкмөттүк курулуш дирекциясынын иштери жана вице-премьер министр рангасындагы анын Генералдык директору Жантөрө Сатыбалдиевдин ошол кездеги финансылык жактан кетирилген кемчилдиктери боюнча тиешелүү органдар тарабынан бир нече ирет иликтөө аракеттери жасалып, бул эч кандай натыйжа бербегени маалым. Арийне, коомчулукта такталбаган жана да тактоого да эч качан мүмкүн болбой турган кептер чын жагына айлана турган болсо (бизде көп эле ушак-айың деңгээлиндеги кептер кандайдыр бир мезгил өткөн соң, чындыкка айланары көндүм болуп бара жатпайбы?!), анда дал ошол учурда ири суммадагы акчалар желгени да анык. А бирок, жеке Сатыбалдиев тарабынан эмес, — ​СДПК партиясынын ошол кездеги парламенттик шайлоолор кампаниясынын чыгымдары үчүн коротулуп кеткен делет. Сыягы, өз иштеринде дайыма ашкере сак жана так жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев бул жагдайларды алдын ала көрүп, тиешелүү документтердин баарын жайгаштырып койсо керек. Дал ошондуктан улам гана, аны пайдаланып туруп, андан соң, Сапар Исаков сыяктуу “курмандыкка чала албай” калышкан сыяктуу!..

Азыркыдай бир ууч топтордун жеке кызыкчылыктары мамлекеттик, жалпы элдик кызыкчылыктардан жогору коюлган саясаты улантыла берсе, андай топтордун колундагы марионетка болушуп, кереги жок болуп калган соң, курмандыкка чалына бере турган премьер-министрлердин тизмеси мындан ары дагы улана берери анык.

Ишенбек Муртазаев

Булак: Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *