Премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев, спикер Мыктыбек Абдылдаев болобу?

“Технокрад” Сапар Исаков баштаган өкмөттүн тагдыры албетте бүгүн эмес, 1-2 күн мурун чечилип бүткөн, бүгүн ал макулдашууларды регламентке ылайыктап, формалдуу түрдө мыйзамдаштырып жатышат.  Ал макулдашууларда жаңы өкмөттүн да негизги составдары такталган.

Биздин жеке булактар билдиргендей, парламенттеги башкаруучу коалиция (КСДП, “Кыргызстана” жана “Бир бол”) премьер-министрликке Мухамедкалый Абулгазиевди, спикерликке Мыктыбек Абдылдаевди алып чыгат экен.

Бирок, макулдашуулардын артында да көшөгө оюндары жүрүп жатат дешет. Мисалы, мамлекеттик резиденцияда баарына көз салып олтурган Алмаз Атамбаев партиялаштарына “Спикерликти колдон чыгарбагыла, алдырбагыла, спикерлик КСДПнын колунда калсын, спикерликке Иса Өмүркуловду шайлаткыла!” деп акыл айтып жатыптыр. Ал эми Иса Өмүркулов өзү Премьер-министр болсом дегенде ак эткенде так этип турат дешет.

2 comments

  • Садырбек Чериков says:

    Чечүүчү эмдиги 2019-жылга чейин Апас менен Токтонасыровду деле коё берсеңер боло берет. Өкөө тең элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон батриоттор меспи. Мекенди кандай сүйүш, элге кантип кызмат кылыш керекти силерге брактика жүзүндө үйрөтүп-көрсөтүшөт.

  • Фарид says:

    Исаны жолото көрбөгүлө. Анын ишин эл билет. Коррупциянын атасы да. Спикерге Мыктыбек Абдылдаев татыктуу.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *