Премьер-министр Нарындагы Борбор Азия Университетинин мугалимдери жана студенттери менен жолукту

Эч качан өз принцибиңерди өзгөртпөгүлө, ошондо силер жашоодогу көп ийгиликтерге жетесиңер. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусунун Нарын шарында жайгашкан Борбор Азия Университетинин мугалимдери жана студенттери менен жолукканда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Борбор Азия Университетин түзүү — биздин өлкө үчүн чоң окуя. Аталган университет дүйнөлүк талапка жооп берген жогорку окуу жайы. Жаңы окуу жай ар кайсы өлкөнү жана түрдүү улуттун өкүлдөрүн бириктирүү менен өнүгүү жана кеңейүү жолунда экени баарыбызды кубандырат», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия Университетинин жетекчилиги республиканын 20дан ашык жалпы билим берүү мекемелери менен кызматташуу тууралуу келишимдерди түзүүгө жетишкенин баса белгиледи.

«Бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү системасын, өнүккөн окутуу ыкмаларын, андагы  тажрыйбаларды улуттук билим берүү системасы менен  бириктирүүгө салым кошо турган пилоттук долбоор болуп эсептелет», — деди Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Сапар Исаков «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын милдеттерине токтолуп, учурда аны ишке ашыруу аквтивдүү журүп жатканын билдирди.

«Жакынкы эки жылда биз ар бир айылды жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууну көздөп жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн жакынкы аралыкта биздин өнөктөштөрдүн колдоосу менен Нарын шаарына заманбап DATA-борборун куруу пландалууда», — деди ал.

Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия Университетинин студенттери берген бир топ кызыктуу суроолорго жооп берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *