Премьер-министр Сапар Исаков жүргүнчүлөр учагы кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жүргүнчүлөр учагынын кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз:

«Россия Федерациясынын Москва областынын аймагында 2018-жылдын 11-февралында орун алган «Саратов авиалиниялары» авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунун натыйжасындагы көптөгөн адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», – деп айтылат телеграммада.

Премьер-министр Сапар Исаков курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну жеткирип коюуну өтүндү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *