Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Москва шаарына келди.

Эртең, 16-ноябрда өтө турган Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана  Россиянын өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоорун карашат.

Мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин талкуулашмакчы.

Делегациянын курамында  – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси  Болот Отунбаев, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын  Евразия экономикалык кеңешиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, КР Премьер-министринин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков,   Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *