Президент эл милициядан эмнени күтүп жатканын айтты

Бүгүн милициянын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “милициянын кызматкерлери биздин жарандардын ден-соолугуна, өмүрүнө, намысына, абийирине жооптуу”-деп билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

“Элдин көзүндө милиция кызматкери ишенимдүү жардамчы жана коргоочу болушу керек, анткени ал мамлекеттик бийликти көрсөтөт. Чын жүрөктөн чыктан ыраазычылык сөздөрүмдү милициянын ардагерлерине айткым келет, алар көптөгөн жылдар бою Ата-мекенге кызмат өтөп, өзүнүн улук адамдык сапатын көрсөткөн”-Сооронбай Жээнбеков.

“Мамлекет милициянын кызмат өтөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүп берет, кызматкерлердин социалдык коргоосун жана материалдык-техникалык базасын чыңдайт”

Президент” эл милициядан коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөн жыйынтык күтүп жатканын кошумчалады. “Башкы максат-коомдук коопсуздукту камсыздоочу, эл ишеним арткан эффективдүү системаны түзүү”-деп жыйынтыктады .

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *