Президент ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-мартта өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына укук коргоо органдар системасын реформалоо алкагында аткарылып жаткан чаралар комплекси тууралу маалымат берилди. Аталган реформа кылмыштуулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, укук тартибинин органдарына жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн, ошондой эле жарандардын милицияга ишеним деӊгээлин көтөрүүдө зарыл шарттарды түзүүгө тийиш.

Улан Исраилов Президентке өзгөчө өлкөнүн өтө тыгындуу жол тилкелеринде кыймыл коопсуздугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдар системасынын реформасын натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчысынын айтымында, укук тартиби органдары өлкөнүн, анын экономикасынын жана коомдун өнүгүү деӊгээлине төп келип, өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *