Президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда.

Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.

Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *