Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ошко жөнөкөй каттамдагы эле учак менен учуп келди

Бүгүн, 14-апрелде КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкектен Ошко жөнөкөй эле каттамдагы учакта катардагы жүргүнчүлөр менен кошо учуп келди. Бул тууралу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, белгилүү адвокат Улан Жумаков жазып чыкты.

Көрсө президент былтыр каза болгон агасы Кантөрө Токтоматовдун бир жылдык ашын өткөрүүгө өзүнүн кичи мекени, Кара-Кулжага дем алыш күндөргө тууралап келген экен.

Буга чейин Атамбаев дарыланууга же эс алууга жылына бир канча жолудан Индияга, Түркияга, Кытайга мамлекеттик самолетту өз менчигиндей айдатып, ар бир каттамына 100 миңдеген долларларды бюджеттин эсебинен чыгаша кылып келгенин эске алсак, жаңы президент Жээнбеков бүгүнкү кадамы менен жакшы прецедент түздү. Буйруса, кыргызбайчылыктан арылып, мамлекеттик бюджетти ысырап кылып чачпай, сарамжалдуу пайдаланган, Европанын айрым лөктөрүндөй велосипед минип жумушка келген президентти да көрөт окшойбуз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *