Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө негизденип, Момуналиев Нурханбек Сакеновичтин отставкасы кабыл алынды жана ал берген арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министри кызматынан бошотулду. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Момуналиев Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдерди даярдоодогу сабатсыздыгы үчүн кызматынан алынганы белгилүү болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *