Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандактары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, – деп Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *