Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот.
Фасолду кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат.

Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *