Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн деле (демек, жалпы эле Кыргызстан үчүн да!) көптөн күттүргөн “Икс сааты” улам жакындап жылып келүүдө…

Учурдагы саясий турмуштун актуалдуу маселелери катары БУУнун Генералдык Ассамблеясы сыяктуу глобалдуу масштабдагы окуялардан тартып, регионалдык деңгээлдеги маселелерди көтөргөн КМШ мамлекеттеринин Душанбедеги жолугушууларына чейинки коомдук-саясий иш-чараларды атоого болот. БУУнун Ассамблеясы жыл сайын дал ушул датага туш келип, кыйладан бери “дежурное мероприятие” сыяктуу кабылданып калганы менен да, баары бир дүйнө өлкөлөрүнүн өздөрүнүн эң башкы көйгөйлөрүн жалпы адамзаттын алдында ачык айтып алуучу бирден-бир трибунасы бойдон кала берери түшүнүктүү…

Нью-Йоркко жөнөкөй эле рейстик учак менен — ​башка катардагы жарандар менен чогуу учуп барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул ирет да биздин өлкөнү татыктуу көрсөтүп, ички саясатыбыздагы интригалардан алыс болуп, эгемен Кыргызстандын алиге чейин чечилбей келе жаткан экология, суу маселелерин көтөрүп, жана да, мурдатан өзү өтө популярдуу болуп келген көп өлкөлөрдө көзү өткөндөн кийин дароо эле эстен чыга баштаган Чыңгыз Айтматов жалпы адамзат үчүн жана ХХ кылымдын адабияты жана маданияты үчүн ким экендигин дагы бир ирет расмий эске салды!..

Асыресе, адеп башынан эле жупунулукту, карапайымдыкты жана ошонун арты менен өз элине жакын болууну тандап алган президент Сооронбай Жээнбеков үчүн деле (демек, жалпы эле Кыргызстан үчүн да!) көптөн күттүргөн “Икс сааты” улам жакындап жылып келүүдө…

24-ноябрда президенттин жалпы эл алдында ант бергенине бир жыл толсо, андан дагы бир жарым-эки ай өтүп-өтпөй эле — ​өлкө үчүн “тагдыр чечүүчү” маселеге айланган 5-февралдагы чуулгандуу коррупция маселеси көтөрүлгөн Госсоветтин жыйынына бир жыл толот. Демек, алкачкы жыйынтыктар чыгарыла башташы абзел.

Ансыз деле, коррупцияга каршы күрөш оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга каршы гана жүргүзүлүүдө, өздөрү колдоого алышкан коррупционерлерди качырып жиберишип, же калкалап калышууда деген нааразы пикирлер эл арасында улам барган сайын кеңири жайылууда.

Бул күдүк ойлорго алгачкылардан болуп Бишкек ТЭЦи боюнча камакка алынышкан үлкөн мамлекеттик жетекчилердин үстүнөн болуучу сот жараяны жооп берери анык. Мыйзам баарынан жогору болобу, же башка ар кандай кызыкчылыктар үстөмдүк кылып кетеби, — ​бул маселе азыркы бийликтин чыныгы саясатын күзгү сымал чагылдырып берери шексиз.

А чындыгында, айрым кыйыр белгилер боюнча баалай турган болсок, бул бийлик деле мурдагылары сыяктуу эле ар кандай сөзсүз болуучу ички интригалардан жана улуттук менталиттен улам орун алуучу (кадр саясатындагы регионализмдин жана групповщиналыктын таасирлери) бут тосуулардан арыла албай келе жаткандай сезилет.

Дегеле, бардык кырдаалдарда жана бардык учурларда элден артык эч ким таамай, калыс баалай албас. Бул ирет да, Кыргызстандын бешинчи омбудсмени Токтокүчүк Мамытов парламентте шайланар замат эле административдик-мамлекеттик кызмат орундары боюнча реестрде “Акүйкатчы” деген “жаңы ” кадрдык-саясий бейрасмий “термин” да кошо жаралды.

Бир кезде, элдин революциячыл маанайдагы, Акаевден жедеп тажаган бөлүгү эйфорияга батып турган кезде, “Айран жок болсо максым бар, Айдар жок болсо Максим бар!” деген учкул саптар жаралганы маалым. Бул байкоо бутага канчалык таамай тийгендигин кийинки турмуш өзү айкын көрсөттү.

Эми да жаңы “акүйкатчыны” ээрге олтурганда эле кыйшык олтурду деп айтууга болот. Албетте, бул тандоо парламентте кыйла демократиялуу болуп, курч талкуу сымал маанайды жаратканы менен да, мындай аракеттер жалпы жыйынтыкка эч кандай таасир эте алган жок. Себеби, бийлик партиясы СДПК аталган талапкерди алып чыкканда эле, бул маселе жогорку бийлик тарабынан эбак эле чечилген деген пессимисттик божомолдор пайда болгон. Демек, “демократиялуу, эрктүү парламенттеги” талкуу дагы саясаттагы мини-спектакль гана болгон.

Ошол эле учурда, жаңы акыйкатчынын (же Акүйкатчынын) ага тагылган милдетти татыктуу аркалап кетишине деле күмөн жаралууда. Эмне үчүн мындай ишенбестиктер орун алып жаткандыгын аргументациялоо үчүн бир аз артка кылчайып, өткөн саясаттагы айрым фактыларга кайрылалык.

Кадр саясатындагы көшөгө артындагы интригалар дайыма болуп келген жана боло да берет. Арийне, андай оюндар жалпы мамлекеттик жана өлкө кызыкчылыктарынан жогору болуп кеткенде кандай коркунучтуу факторго айланып каларын жогорудагы “айран жоктогу максым” пайда болгондугу эле билдирип турбайбы.

Бул ирет да, президенттин айланасындагы ар кандай топтор өз кызыкчылыктары үчүн көшөгө артында салгылашып жатышканы көзгө урунбай койбойт. Региондор арасындагы тең салмактуулукту сактоо зарыл, баланча региондун электоратын өзүбүзгө тартуу керек деген сыяктуу спекуляциячыл “аргументтер” көп учурларда ишке эч жарамсыз жана дайындалган ордуна татыксыз, “марионетка” сымал адамдардын жогорку бийлик кызмат орундарына келип калышына да шарт түзүп берет.

Алыска барбайлык, мындан жети-сегиз жылча мурда эле дал жогорудагы “критерийлерден” улам кыргыз саясатында “жарк” эте чыккан жаңы “жылдыз” — ​Камила Талиева пайда болгон. Буга чейин аты-жыты такыр белгисиз неме чоң саясатта кандай пайда болсо, дал ошондой эле дароо өчүп, өз алдынча күч болмок турсун, өзү тейлеген тармактарда өтө өкүнүчтүү, булганч издерин гана калтырды. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Адегенде ал “шоопурдун” “гениалдуу долбоору” катарында, парламенттеги “Ар-намыс” фракциясын жана темир генералды алсыздандырып, таасирин азайтууга багытталган аракеттерде өзүнүн чыныгы абалын жана деңгээлин билбей туруп, марионетканын ролун ойносо, кийинчерээк каалайбы-каалабайбы өз алдынча чечим кабыл алууга мажбур болуучу кызматтарга барган соң, анын чыныгы реалдуу деңгээли ашкереленип, абийири айрандай төгүлгөндөй эле болду. Башкасын айтпаганда да, Казакстанга Чыңгыз Айтматовдун 85-жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга барып алып, сөз сүйлөбөй, катышып-катышпай кайра келгендиги интернет айдыңында узун кепке айлангандыгын айтсак, мындай жолдор менен тандалып алынган жетекчи кызматтагылар жеке өздөрүн гана эмес, жалпы эле Кыргызстанды, кыргыз элин да кошо шерменде кылышарын эстен чыгарбоо керектир. Дагы жакшы, Талиеваны “максымы” да кошо төгүлө электе, биротоло четке чыгарып кутулушту…

Ошол “темир генералга” каршы иштелген интригаларда дагы бир тар чөйрөлөрдө гана белгилүү генерал — ​Токтокүчүк Мамытов, бир кездеги акаевчил, кийинчерээк ар-намыстуу боло калган, а азыр өтө эле Ата-мекенчил болуп кеткен Каныбек Иманалиевдер да Камила Талиева менен кошо жүрүшкөн. Башкача айтканда, “сенин досторуң ким экендигин айтып берчи, мен сага сенин ким экендигиңди айтып берейин” дегендей эле болгон.

…Парламент тарабынан 13-декабрда 65ке чыга турган (мамлекеттик жетекчилик кызматтын жеткен чеги) Токтокүчүк Мамытовдун кандайдыр бир шашылыш, жасалма талкуу өткөрүү сыяктуу таризде шайланып калышы да ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратат.

Токтокүчүк Мамытов буга чейин кыска убакыт бою — ​бир жылга жетип-жетпеген убакытта, — ​Кыргызстан Элдери Ассамблеясынын төрагасы кызматында — ​“Свадебный генерал” болуп иштеп келген. Бул коомдук абройлуу кызматка демейде жөнөкөй гана “свадебный генерал” эмес, жалпы Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн, кадыр-барктуу аксакал адам шайланып келген. Башкача айтканда, ал активдүү иштебесе да, жок дегенде өз карааны, аброю менен көп улуттуу диаспоралардын жетекчилеринин алып барышкан иштерин тең салмакташтырып турган.

Ал эми Токтокүчүк Мамытов андай деликаттуу миссияны аткарууга жарабасы жалпы коомчулуктун көзүнө уруна баштаган. Кыскасы, аны башка бир кызмат таап берип, бул иши аз, бирок абдан маанилүү, “свадебный генералдык” кызматтан жылдыруу маселеси табигый түрдө жаралган.

Ушундай аргасыздан кыйпычыктаткан (щепетильный) кырдаалга карабастан, жашсынган (молодящийся) жана тыңсынган отставкадагы генерал кайрадан активдүү иш-аракеттердин чордону болгон омбудсмендик кызматка шайланып, эми жаңы кызматында “жарандык генерал” болууга дилгир экендигин алынын жетишинче демонстрациялоого аракет кылып жатканы менен да, анын жалпыга маалымдоо каражаттарына берген алгачкы интервьюларынан улам, анын мурдагы текирең-таскагы бир аз басаңдаганы, ал тургай, психологиялык маанайына үнүлө карай турган болсок, ал өзүнүн жаңы ишин баштай элегинде эле бир аз жүрөксүп-чүнчүп, үлдүрөй түшкөндөй таасирлер калды.

Токтокүчүк Мамытов коомдук-саясий чөйрөнүн белгилүү бир тармактарында кыйла эле таанымал инсан экендигине карабастан, жогорудагыдай кадыр-барктуу, жалпы кыргызстандыктар үчүн айкөл аксакалдык, керек болсо диаспоралар ортосундагы арбитрлик милдетти да аткара ала турган инсан катары кабылданчу критерийлерге көп жагынан белгилүү себептерден улам ылайык келе бербейт.

Демек, Токтокүчүк Мамытовдун аталган кызматтан жылдырылганы туура эле болгон десек болот. Арийне, айрым терс пикирлерге карабай, жаңы кызматтык орунга басымдуу добуш менен, оңой эле шайланып калуусу дагы кокусунан эле жетекчи кызматка келип калган жогорудагы Камила Талиевадан эптеп арылуу сыяктуу айлакер методду эске салат.

Белгилүү болгондой, чоң калибрдеги саясатчы, “темир генерал” Феликс Кулов өзүнө каршы чыккан “кутумчул” топко фракцияда эч чара көрбөй туруп, тескерисинче, кайра Талиеваны “чоңойтуп”, фракция атынан жогорку — ​вице-премьерлик кызматка сунуш кылган. Амбициясы башынан ашкан, а бирок, дарамети төмөн, даярдыгы жок актрисаны жооптуу спектакльдин премьерасына атайылап чыгаргандай эле эффект жараткан.

Президенттер акаев-бакиев-отунбаева-атамбаев доорлорунан бери кызматтан түшпөй келе жаткан Токтокүчүк Мамытов саясий жактан түрдүү көз караштардын чордону болгон жаңы кызматына киришүү алдында өз позициясын алиге чейин так аныктай албай жаткандай.

Баягы эле өлбөс-өчпөс Кожо Насрединдин өзү үчүн да күтүүсүздөн казы болуп калгандагы абалын эске салган маанайды кармангысы келгени (жабыркаган адамды да, кылмышкерди да — ​“Силер экөөң тең туура айтып жатасыңар!” — ​деп колдоп, анан буга таң калган кемпиринин “Мунуңуз кандай, экөө бир-бирине каршы арызданып жатышса, экөөнүн тең сөздөрү туура дегениңиз кандай?” дегенине, “Сен да туура айтасың, кемпирим” деген сымал) байкалып турат.

Токтокүчүк Мамытов кыска убакытта чек ара кызматына биринчи жетекчи болгону айрым чуулгандуу маселелерди жаратса, калган учурларда ал тек гана үчүнчү-төртүнчү баскычтардагы орун басар болуп келгендиктен, анын атайын органдарда орто звендогу кызматтарга гана татыктуу деңгээли бар экендиги талашсыз факт.

Жаңы омбудсмендик кызматтын табияты боюнча, каалайсыңбы-каалабайсыңбы, баары бир жогорку бийлик менен кайчы келген пикирди ачык, чечкиндүү түрдө айтууга мажбур болгон учурлар да тез эле келет. Дал ошондой кырдаалдардан улам, Токтокүчүк Мамытовго өзүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин эптеп-сүйрөлүп жете алабы, же бир жыл айланып-айланбай эле, парламентке отчет тапшырууга кайра келген кезде, отчету кабыл алынбай, кызматынан кетеби? — ​деген суроо азыртан эле жаралууда.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *