Президент Жээнбеков 31-августка “Ала-Тоо” аянтына Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевди чакырды

31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышат. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөз сүйлөйт.

Иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.

1 ой-пикир

  • Алмазбек Атамбаев Ала- тоо аянтындагы Салтанатка кайсы бети менен барат- Кыргызстанды сызга олтургузган Адам!!
    Кыргызстанга Бир тыйын пайда алып келген жок- ОЗУ Гана байлык жыйнады!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *