Президент Жээнбековдун демилгеси менен ачылган коррупционерлерден өндүрүлгөн акчалар эсебине 95,9 миллион сом келип түштү

Бүгүн, 11-июлда КР УКМКсы Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен КР өкмөтү өзүнүн 22-июндагы № 298-токтому менен ачкан коррупционерлерден өндүрүлгөн акчалар эсебине 95,9 миллион сом которду.

Бул сумма КР УКМКсынын коррупцияга каршы күрөшүнүн натыйжасында коррупционерлерден өндүрүп алынган акча болгон. Эми ал акчалар УКМКнын эсебинен КР Каржы министрлигинин бирдиктүү депозит эсебине барып түштү.

Коррупцияга каршы күрөш дүйнөлүк практикада адатта ошол коррупционерлерден мамлекеттик казынага кустурулган акчанын көлөмүнө жараша бааланат. Ал эми биздеги мурунку бийлик коррупционерлерди кармап акчасын өзүнө тартып алганды гана билчү. Бүгүнкү “тырмак алды” ийгиликке кубанып, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү өлкө казынасына канча миллиард сом алып келет деп жакшылыктан үмүт кылып туралы.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *