Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Россиянын “кол баласыбы” же АКШнын “тыңчы” агентиби?

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун 2015-жылдагы кирешелер декларациясында 127 чарчы метрлүү 5 бөлмөлүү квартира пайда болгону табышмактуу.  Бул квартирасын КР президентинин аппаратынын жетекчиси Бишкектин Бөкөнбаева жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги элиттүү үйдөн сатып алган. Андан кийин тагдырдын тамашасы менен менен ушул эле үйдөн депутат Өмүрбек Текебаев да өзүнө квартира сатып алды.

Ошол эле 2015-жылдагы декларациясында Сапар Исаков 854 миң сом киреше иштеп тапканын жазса, 2014-жылы 840 миң сом тапканын көрсөткөн. Ал эми чыгашасы 3 миллион 933 миң  сомду түзүп, эки жылдык кирешесинен эки эсе көп. Анда ал акчаны кайдан алды? Декларациядагы жакындарынын кирешеси тырмакка да илинбегендей аз жазылган.

Ошол эле учурда анын кызматтык карьерасы Кыргызстанда бир да чиновник менен болуп көрбөгөндөй космостук ылдамдык менен өсө баштады.

2017-жылдын 31-январында Сапар Исаков Алмаз Атамбаевдин указы менен КР президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалат. Бул кызматта Сапар Исаков болгону эки ай гана олтурду.

2017-жылдын 1-мартында Сапар Исаковду КР президенттик аппраратынын жетекчиси кылып дайындашат.

Сапар Исаков, президенттик аппараттын жетекчиси

Баарынан таңкалыштуусу, бул кызматтык дайындоону Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарына байланыштырышканы. Кыргызстандагы майда мүдөлүү кишилер эле эмес ар түрдүү жергиликтүү активисттердин, журналисттердин, саясатчылардын, алтургай айрым саясат таанучулардын да психологиясы өтө кызык жаралган! Алардын баары чейрек кылымдан ашык Кыргызстан – суверендүү, көз каранды эмес мамлекет деп төш кагышат. Бирок, шайлоолорго бир нече ай калганда Владимир Путин келе калса эле Россиянын президенти Кыргызстандын “президентинин мураскерин дайындаганы келди!” деп уу-дуу сөз кыла башташат. Кыргызстан – Россиянын кайсы бир губерниясы сыяктуу…

28-февраль – Путиндин Кыргызстанга келген күнү – көптөгөн кыргызстандыктар телевизорлордун жана мониторлордун экрандарын үңүлө тиктеп олтурушту. Алар россиялык ардактуу меймандын ар бир кыймылын, ар бир сөзүн, ар бир ишараатын, ар бир көз карашын жанталашып байкап турушту. Эмне үчүн? Путиндин ишараат белгисин кармап калуу үчүн! Путин кимге карап койду, кимге көбүрөөк көңүл бурду, кимге азыраак карады… Ушунун баарынан серепчи сөрөйлөр – айрымдары, күлбөңүздөр, өтө олуттуулук менен! – Алмазбек Атамбаевдин мураскери ким болорун байкап калууну издешти.

Мына, мураскер! Дайындалды! Владимир Путин Сапар Исаковго “батасын берди”…

Бул тууралу биздин редакцияга биринчи окурман кабарлаганда биз күлүп гана коюп тим болдук. Анан экинчи, үчүнчү окурман айта баштаганда биз ал күнкү элдин баары кеп кылып жаткан видеорепортажды кунт коюу менен көрүп чыктык.

Россиянын лидеринин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы салтанаттуу жолугушуусу. Путин менен Атамбаев ардактуу күзөттүн алдынан өтүп, протокол боюнча бир катар тизилип турушкан кыргыз жана орус делегацияларындагы чиновниктердин катарына келишет. Атамбаев өзүнүн командасын тааныштыра баштайт. Анда президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков катарда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден кийин эле экинчи болуп турат. Аны – Исаковду – Путин “белгилеп” өтөт: жөн эле кол алышып учурашып гана койбостон аны желкесинен да таптап коёт. Исаковду гана – башка эч кимди анткен эмес! Путиндин ал кыймыл аракети бир секундга да жеткен эмес, бирок ал ишараат кыргыз коомчулугунда көптөгөн божомолдорду, уу-дуу сөздөрдү жаратты.

А балким россиялык президентке Исаков жөн эле мурунку жолугушуулардан улам эсте калып, жагып калгандыр. А балким, Атамбаев тааныштырып жатып ал тууралу бир кызыктуу сөз кыстара кеткендир – Ангела Меркел менен жолугушууда да Атамбаев Исаковду тааныштырып жатып: “Бул менин оң колум” деп кошо кетпеди беле?

Ал эми биздин серепчи сөрөйлөр ушундан да Сапар Исаков “Кремль дайындаган мураскер” деген образды жаратып, апыртып киришти. Аны Кремлдин “кол баласы” катары мүнөздөп башташты.

Көп ызы-чууну жараткан эпизод. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Владимир Путин менен Атамбаевдин жолугушуу учурунда россиялык лидер кыргыз чиновниги С.Исаковду желкеден таптап койду.

Баарынан кызыгы, мындан бир нече жыл мурун эл аралык мамилелер боюнча адис Сапар Исаковдун абройу башкача болчу. Теңирден тескери десе да болот.

Президенттик аппараттын азыркы жетекчиси Сапар Исаков (айрым эксперттер Исаковду Атамбаевдин айланасындагы группировкалардын өз ара чабышынан жеңип чыккан топко киргизишет) бир кезде Кыргызстандагы америкалык “Манас” авиабазасынын сакталып калышы үчүн жан үрөп аракет кылган эле.

Бул тууралу АКШнын мамлекеттик департаментинин, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жана Коргоо министрлигинин жашыруун документтерин ачыкка чыгарып, жарыялап келаткан белгилүү эл аралык “Викиликс” уюмунун документтери (ал документтердин түп нускасы шектүү деп алигиче эч ким талаша элек) далилдейт. Анда Сапар Исаковдун да ысмы калкып чыга келди.

2009-жылдын 28-майы. АКШнын ал кездеги Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфеллер Вашингтонго кезектеги депешасын жөнөтүп жатып, кызыл тилге сала: “Кыргыз инсайдери Кыргызстанда саясый чечимдерди кабыл алуу учурунда жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кыларын билдирет” деп атаган. Билбегендер үчүн айта кетели: инсайдер деген сөз “ичиндеги адам” деп которулат. Инсайдер – эл билбеген жашыруун маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү бар кайсы бир топтун мүчөсү жана ал жашыруун маалыматты кез-кезде “сатып” турат.

Бул жерде инсайдердин ролунда Сапар Исаков чыгып жатат. Ал кезде ал 31 эле жашта болчу, бирок жаштыгына карабай КР өкмөтүнүн тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп турган (премьер-министр Игорь Чудинов болчу). Белгилей кетчү нерсе, АКШнын элчисинин Вашингтонго депешасында Сапар Исаковдун аты аталары менен кашаанын ичинде – «strictly protect” деген белги коюлган. Бул деген инсайдердин ысмы “өтө жашыруун сакталыш керек” деп которулат. Кыскача айтканда бул инсайдер АКШ элчилиги үчүн өтө баалуу жана аны ысмын өтө кылдаттык менен сакташат.

Депешада сөз негизинен америкалык “Манас” авиабазасы жөнүндө жүрөт, Кыргызстандагы ал базанын тагдыры боюнча 2009-жылы жазында Москва менен Вашингтондун ортосунда айыгышкан күрөш жүргөн. Жаш бирок жогорку кызматты ээлеген Сапар Исаков ошол депешаны жөнөтөрдүн алдында Бишкектин чет жакасында өлтүрүлгөн Медет Садыркулов көтөрмөлөп жүргөн кызматкер катары эсептелген.

Сапар Исаков бизге Медет Садыркулов “Манас” авиабазасын жабууга каршы болчу деп айтты”, – деп жазат элчи Татиана Гфеллер. – Сапар Исаков “Манас” авиабазасын жабуу Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн кескин кыскартат деген өзүнүн жеке көз карашын да бизге билдирди. Жай айларында боло турган президент Бакиевди кайрадан жаңы мөөнөткө шайлоонун негизинде администрациядагы Исаковду жана аны колдогон кызматкерлерди кызматтарынан бошотуу күтүлүп жатат. Исаков белгилегендей, Кыргызстандын жашыруун (атайын) кызматтары АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимди жана “жардам берип жаткан америкалыктардын “кол тийбестигин” кайрадан карап чыгууну көздөп жатышат.

Сапар Исаков ошондой эле элчи Т.Гфеллерге 2008-жылдын акырында Медет Садыркуловдун президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан кетиши менен Кыргызстандын саясый лидерлери саясат жүргүзүүдө өздөрүнүн жеке финансылык кызыкчылыктары үстөмдүк кыларын” билдирген. Исаков эгер Кыргызстан “Манас” авиабазасын жапса анын ордуна россиялык тарап көрсөтө турган финансылык жардам боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишимдерди айтып жатат. “Орустар мурункудай эле келишимдеги өз милдеттенмелерин аткарбай жатышат”, – деп билдирет элчиге Сапар Исаков. Ал эми АКШнын элчиси буга төмөнкүдөй комментарий берип жазган: “Москва 450 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөтүү менен бирге эки тараптуу карыздын жабыла элек бөлүгүн да кечкен. Бирок элчилик Россия убада кылган “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн 1,4 миллиард доллар өлчөмүндөгү акчаны бөлүү боюнча эч бир жылышты байкаган жок.

Сапар Исаковдун айтымында, Садыркуловдун кетиши менен башка саясый лидерлер үчүн “жеке пайда көрүү – бул эң башкы мааниге ээ болгон максат” болуп калган. Бул жерде ал жаңы КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевди айтып жатат жана аны “жалаң эле бизнес-кызыкчылыктардын артынан түшкөн” адам катары сыпаттайт.

Бул элчи Т.Гфеллердин Вашингтонго жазган депешасынын бир нече жыл мурун “Викиликис” жарыялаган  фотосу. Сапар Исаковдун фамилиясынан кийин “бул информатордун ысымын өтө жашыруун сакташ керек” деген белги коюлган.

Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык иштер боюнча жогорку кызматтагы чиновниги америкалык дипломат менен мына ушундай купуя сырлар менен бөлүшүп турган. Ошондуктан мындан бир нече жыл мурун Сапар Исаков президент Атамбаевдин командасында пайда болгондо айрым россиялык ММКлар аны америкалыктар атайын жөнөткөн “тыңчы” катары кабыл алышканына таң калууга болобу. Мисалы, 2012-жылдын мартында россиялык “Росбалт” маалымат агенттиги “америкалыктардын  кыргыз чиновниктеринин арасында лоялдуу кадрларды өстүрүү боюнча тынч, тыкыр иштерине” арналган макала жарыялаган. Ал иштердин “жемиши” катары Сапар Исаковдун аты аталган. Мисал катары ошол эле “Викиликис” жарыялаган материалдар менен бирге “Росбалт” маалымат агенттигинин жеке булактары да келтирилген:  “Премьер-министр Игорь Чудиновдун өкмөтүндө Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда, – деп билдирет агенттиктин жеке булагы, – премьер-министр Чудинов өзү кыргыз өкмөтүнүн иш пландары менен демилгелери анын, премьер-министрдин столуна келип түшө электе эле америкалык элчилик билип аларына таң калып айтканы бар”.

Баарынан кызыгы, Сапар Исаков 2010-жылдын апрель революциясына чейин Максим Бакиевдин ЦАРИИсинин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келгенине карабай аны революциядан кийин дароо эле Убактылуу өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүн жетектөөгө кызматка алышкан, андан кийин президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кылып дайындашкан. Ошондон кийин Сапар Исаковдун Кыргызстандан америкалык аскер базасын чыгарууга активдүү катышканы кызыктуу.

Ошондой эле жогоруда, америкалык элчинин депешасында айтылган, 1993-жылкы кыргыз-америкалык келишимди денонсациялоо албетте Сапар Исаковдун катышуусуз болбогондугу түшүнүктүү.

Ошондо Сапар Исаков ким? Россиянын Кыргызстандагы “кол баласыбы”?  же АКШнын Мамлекеттик департаментинин “тыңчы” агентиби?

Булак: Дело N

(Кыскартылып которулду)

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Ушул жерде жaзылгaндaрдын бaaры чын болсо, Сaпaр Исaков мыкты жигит экен. Мынa ушуну колдош керек окшойт. Мен ушул мaкaлaдaн Сaпaр Исaковдун жaкшы тaрбиялaнгaн aппaрaт кызмaткери экендигин көрүп турaм. Демек, бул жигит бaрдык нерсенин ченин билет, протоколду туурa колдонот, өз полномочиесин aягынa чейин aткaрaт, мүмкүнчүлүктү сaя кетирбейт, көп сүйлөбөйт, кылгaн ишин aйтa бербейт. Сүрөтүнө кaрaгaндa, жүргөн-тургaны тыкaн, сaндыктaй жигит көрүнөт. Жери, уруусу, дaгы эмнеси деп жөөлүп отурбaй, колунaн иш келген кишини гaнa колдоо керек экендигин түшүнгөн чыгaрсыңaр дейм, же дaгеле бaягы “өз короомдон кочкор сaлaм” икaясы улaнaбы? Сaлып көрбөдүңөрбү, жеткен чыгaр! Серке бир сүзгөндө тaмтыгы чыкчу кочкорлоруңaрды эми “бaзaргa” жетелеп чыкпaй эле коёсуңaр го дейм, эй, aшaткы жыттaнгaн трaйбaлисттер! Мен бул бaлaны тaaныбaйм, эч нерсем эмес, жер-пери дегеле кызыктырбaйт. Туурa пикирге кулaк сaлгaн, көп туурaнын ичинен эң туурaсын тaндaп aлууну билген, тыкыр жигит экени дa ушул мaкaлaдaн бaйкaлып жaтaт. Сындaйм деп жaтып, реклaмa кылып aлыптыр. Aйтоор, ушул тaй күлүктөй болгон кыргыз уулу бүгүн купулумa толуп туру.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *