Президенттик бийлик, демократия жана алардын улуттук колориттеги өзгөчөлүктөрү

Учурунда “Борбордук Азиядагы демократия аралы” атка конгон Кыргызстан, өзүнүн чейрек кылымдан ашкан эгемендик тарыхында, али күнгө чейин туруктуу өнүгүү багытын таба албай, улам бир жаңы жолду кайсалап, издеп таап, “эксперименталдык-утурумдук” сыноочу-аракеттерден өйдө көтөрүлө албай келе жатат. Стратегиялык багыттагы, туруктуу бет алган программа, идеология али күнгө чейин иштелбеген бойдон калууда. Айрым бир абдан чаржайыт, декларативдик мүнөздөгү “каалоо-тилек-үмүт” сыяктуу болгон билдирүүлөр кагаз бетинде гана калып калууда…

Ачыгын айтканда, эгемендик доор учурунда келишкен өлкө жетекчилеринин дээрлик баары тең негизги маңызы мурдагы жетишкендиктердин баарын бүлүнтүүчүлүк-талкалоочу саясатты улантып келишти. Алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда сөз жүзүндө демократияга умтулуу, демократиялык коомду орнотуу декларацияланган менен, алардын ички маңызы жалпы элдин кызыкчылыгына кайчы келип, анын акыры революциялык жол менен бийликтин алмашуусуна алып келгендиги маалым.

Азыр өткөнгө кайрылып, ар кандай жагдайларды талдап олтуруп, мурдагы төрт экс-президенттин (эгерде, убактылуу президент Роза Отунбаеваны да бул тизмеге кошо турган болсок) ичинен жалгыз гана Курманбек Бакиевде саясий-экономикалык идеологиянын элементтери жана туруктуу өнүгүүгө негиз болуучу жагдайлар бар экендиги байкалат. Салыштырмалуу кыска иштегенине карабастан (төрт жылдан бир аз гана көбүрөөк), ал учурда өндүрүш, өнөр-жай жана айыл чарбасы кадимкидей жандана баштаганы көрүно баштаган болчу…

Тилекке каршы, “революциячыл-төңкөрүшчүл” жол менен келген кийинки экс-президентибиз Алмазбек Атамбаев да өз ишинде саясий декларацияларга көбүрөөк басым жасап, өзүнөн мурдагы президенттин тушунда башталып калган айрым бир гана проектилерди ишке ашырганы гана болбосо (“Датка-Кемин” шакектелген-энергетикалык түйүн, Ош-Бишкек альтернативалык жолу ж. б.), экономиканын өсүшүнө шарт түзмөк турсун, элди ого бетер жумушсуздукка, жакырдыкка батырып гана тим болбой, мурдагы 1,5 млрд долларлык сырткы карызды 4 млрдга чейин “өстүрүп” коюп кетти!..

Өлкө экономикасына жети жылча убакытта (анын 2010-жылдагы апрелдеги окуялардан кийинки мурдагы өкмөттү жетектеп турган учурун дагы кошуп санай турган болсок), бул үчүн өз колунда бийликтин жетишерлик түрдөгү бардык рычагдары бар болсо да, көзгө көрүнөрлүк салым кошо албаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кадрдык саясатына ичи чыкпай, нааразы болуп жаткандыгын анын кечээ жакындагы эле ишенимдүү шакирттеринин бири, СДПК партиясынын активдүү депутаттарынын бири Рыскелди Момбеков жалпы элге жарыя кылып, айтып чыкты.

Кечээ жакында эле СДПК партиясына кайрадан төрага болуп шайланган Атамбаевдин бул партиянын парламенттик башкаруу фракциясы менен жолугушуусу болду. Бул саясий окуя жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кадрдык саясаттагы бир нече чечкиндүү кадамдарынан кийин болгондуктан, бийлик олимпиндеги экс-президенттин соңку чечүүчү өзгөрүүлөргө карата болгон мамилесин билдирүүсү — ​табигый эле нерсе. Башкача айтканда, бул анын жекече көз карашы жана аталган партиянын ички маселелери бойдон гана калууга тийиш. Ал эми президент Сооронбай Жээнбенков СДПКнын мурдагы мүчөсү экендигине карабастан, азыркы жагдайда Конституция боюнча партиялык ишмердигин эбак токтоткон адам. Ал өлкөдөгү бардык партияларга жана жарандарга бирдей көз карашта жана мамиледе болуучу инсан.

Асыресе, экс-президент статусуна ээ болгон партия лидери менен болгон жолугушууга кимдер катышканы тууралуу жарыяланган тизмеге көз жүгүртө турган болсок, бул партиянын ичинде жүрүп жаткан “быжылдап-ачып” жаткан процесс көзгө урунбай койбойт. Парламенттик фракциянын жарымы гана катышыптыр. Болгондо да, басымдуу бөлүгү — ​түндүк региондун өкүлдөрү. Ал эми түштүк тараптан — ​Анвар Артыков, Карамат Орозова, Мурадил Мадеминов сыяктуу кийинки жолку парламенттик шайлоодо да бул партия аркылуу депутат болууга үмүт байлашкандар гана… Ошол эле учурда, мурда түндүк региондун өкүлдөрү катары депутат болушкандардын дагы айрымдарынын келбей коюшканы (Ирина Карамушкина, Осмонбек Артыкбаев, Жылдыз Мусабекова ж. б.) дагы көп көмүскө оюндарды каңкуулап турат. Өз аты-заты менен айта турган болсок, экс-президенттин жалпы партияга гана эмес, парламенттик фракцияга болгон мурдагы чеүүчү таасири жоголо баштагандыгын жана партия лидери катары деле аброю чакталуу боло баштагандыгын тастыктап турат.

Албетте, парламенттеги чечүүчү мандатка ээ болгон башкаруучу фракциянын ичиндеги мындай ажырымдын “жаңы президент жана экс-президент” деген эки чоң саясий фигуранын тегерегинде пайда болгондугу эч кимге жашыруун деле эмес. Ошентсе да, биздеги “партиялык демократиянын” “улуттук колориттүү өзгөчөлүктөрү” ачык сезилип тургансыйт. Бул да болсо, баягы эле жердешчилдик, уруучулдук!..

Сен канчалык кооз сөздөрдү сүйлөбөгүн, кандай саясий-декларативдүү аныктамаларга жамынбагын, баары бир түпкүлүгүндө региондук-уруучулдук деңгээлден көтөрүлө албасаң, анда кайсыл арыңа жалпы мамлекеттик, улуттук масштабдагы партия дегенге умтулуп жатасың? — ​деген суроо жаралары шексиз. Азыркы түзүлүп калган бул жаңы жагдай келечекте дагы улам тереңдеп жүрүп олтуруп, эң акырында бул жагдайдын СДПК партиясынын биротоло алсырашына да алып келип, кийинки парламенттик шайлоодо ал үчүн олуттуу тоскоолдукка айланары турган иш.

Албетте, партия лидери алысты көрө билген, чыныгы саясий лидер болсо, өзү дал чокусунда олтурган фундаменттин түбүнөн мындай жарака кетишине жол бермек да эмес. Дегеле, азыркы түзүлгөн саясий кырдаал, — ​жаңы президент менен экс-президенттин ортосундагы кадр саясаты боюнча тымызын тиреши Сооронбай Жээнбековдун аброюна эч кандай таасир этпей, ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий-инсандык аброюна терс таасир эте баштаганы дагы көзгө уранат.

Эмне демекчибиз, ансыз деле, 2010-жылдагы апрелдеги-июндагы окуялардан соң, адегенде абдан чечкиндүү жана жетишерлик деңгээлде эр жүрөк (смелый) саясатчы катары өзүнө гана таандык саясий жүзү-портрети калыптана баштаган Алмазбек Атамбаев, кийинчерээк, жогоруда айтылгандай, мезгил өткөн сайын бара-бара мамлекеттик ишмер жана ишкер (созидатель) жетекчи катары дээрлик эч ким эмес (никчемный) экендигин эң биринчи иретте өзүнүн жеке аракеттери аркылуу дал өзү ашкерелеп салгандай болду. Анын үстүнө, анын эл алдындагы дайымкы болуп келген, көнүмүшкө айланып калган ой-келди, эч ойлонбой сүйлөй берүүчү адатынан жалпы эл деле жадап бараткандай болгон…

Кыскасы, жаңы президент менен саясий-кадр маселелери боюнча тирешүү экс-президентке жалаң ого бетер терс-негативдүү “очколорду” гана алып келет. Бул жагынан алганда, Роза Отунбаева саясатчы катары алда канча салмактуу мамиле жасады. Өзүнөн мурунку экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди аргументтүү сындоого далалат кылып, эч кандай ашыкча жана ойлонулбаган кадамдарга барууга өзүнө жол берген жок.

Атамбаев узакка созулган тыныгуудан кийинки эл алдына кайрадан чыккан алгачкы пресс-конференциясында (СДПКнын кезектеги съездинен соң), эгерде өзү кааласа ал президенттик орунда кала алмактыгын айтканы бар. Чынында эле бул өтө оңой жол менен эле ишке аша турган нерсе болчу. Анын оозунан сөз чыгары менен эле, азыркы анын сөзүн уккусу келбей калган башкаруучу фракциянын жетегиндеги парламент Конституцияга каалагандай өзгөртүүлөрдү дароо киргизип бермек!..

Арийне, Алмазбек Атамбаевдин бийликтен кетишинин чыныгы мотивдери да такыр башкача болгондой маанай да жаралган. Азыркы кезде анын расмий жарыялаган пикири гана (мен Конституцияны ыйык сактадым, бузганга барган жокмун деген) үстөмдүүлүк кылууда.

Ошол эле учурда, тереңирээк талдап көргөн адамга такыр башкача жагдайлар дагы баары кошулуп келип, ушундай кадамга шарт түзгөндөй. Президенттик кызмат — ​бул милдетке ат үстүнөн мамиле кылбай, чын дилинен берилип иштесе, “өтө оор иш” экендигин экс-президент өзү деле моюнга албадыбы?..

А чындыгында, кээде Аламзбек Атамбаевдин андай зор энергиялык чыңалуу менен, өзүнүн бүт дитин берип, тулку-боюн толугу менен таштап коюп, берилип иштөөчү ниети деле жок болгон сыяктуу таасир калчу. Экс-президенттин улам-улам “кыска мөөнөттүү эс алууга чыгуулары” дагы көнүмүш көрүнүштөрдүн бири болуп калган. Ал эми “анча зарылдыгы жок болсо, шаардагы Ак-Үйгө барбай эле, резиденцияда деле иштей берсе болорун” өзү эл алдында билдиргенине караганда, ал президенттикке өзү үчүн ыңгайлуу талапкерди таап, жалпы жонунан, кол жоорутпай–бел оорутпай, четтен туруп алып гана (саясий багыт, идеология, бийликтик-экономикалык рычагдарды колдон чыгарбоо боюнча) башкарууну мурдатан эле эңсеп келгендей…

Мындай аналогияларга таяна турган болсок, мамлекетти башкаруучу бийликке жасалган бул сыяктуу мамиле стабилдүү өнүгө баштаган, өнүгүү багыттары дээрлик толугу менен аныкталып бүткөн өлкөдө гана болушу мүмкүн. Айталык, Россия Федерациясында Владимир Путин дал ушул Конституциялык тосмолордон аттап өтүш үчүн гана, беш жылга Дмитрий Медведевди өз ордуна президент кылып шайлатууга жетишкендиги маалым. А кийин ал өз ордуна убактылуу калтырып кеткен адамды кайра алмаштырып, мурдагы иштерин кайрадан уланткандай эле болду да?!

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанды толук парламенттик өлкөгө айлантуу идеясы да ал үчүн эбак эле идея-фикске айланган идеялардын бири. Бирок, ал качан жана кантип ишке ашары да туман бойдон калууда. Айрыкча, азыркыдай башкаруучу фракциясы бар, ара туулган баладай болгон парламент турган кезде!..

Дагы бир жолу башка жаңы тажрыйбага кайрылсак, — ​символикалуу президенттүү болгон Армения Республикасы азыр парламенттик өлкөгө айланып, жаңы президент Армен Саркисян мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министр кылып бекиткени зор саясий толкундоолорду жаратууда. Ал эми россиялык саясат таануучулар — ​биз сыяктуу эле Армениянын дагы стратегиялык өнөктөшү деп эсептелген өлкөдө! — ​табалагандай, “Серж Саргсян өзүнүн ордуна элге кайра эле өзүн сунуш кылды” деп, табалаган какшык мисалында баа берип жатышат…

Ал эми бизде экс-президенттин түздөн-түз колдоосуна ээ болгон Сапар Исаковдун өкмөтү тарыхтагы эң эле чабал, иш билбеген, теоретикалык декларациялардан ары узап кете албаган, тажрыйба жүзүндө конкреттүү практикалык иштерди жасай албаган аткаруу бийлиги катары калыптанды… Азыркы жер-жерлерде болуп жаткан нааразычылыктар, толкундоолор — ​бул кийинки чоң нааразычылыктардын эпкини гана болушу мүмкүн.

Эгерде парламенттик өлкөгө айлана турган болсок, абал азыркыдан да кескин түрдө начарлай тургандыгын алдын ала айтуу анча деле кыйын эмес.

Азыркы жаңы гана күчүнө кире баштаган мыйзамдуулуктун сакталышы, коррупция менен күрөшүү да солгундап олтуруп, биротоло кайра жок болуп, өлкөдө бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара таасир этүү чөйрөсүн талашкан анархиялык жагдай жаралышы да толук ыктымал.

Ошондуктан, азырынча биздин өлкө күчтүү президенттик бийликке муктаж. Жана да күч-кубаттуу, энергиялуу, иш тажрыйбасы да жетишерлик президент керек. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков андай талаптарга азырынча толук жооп бере алат. Арийне, ал үчүн экс-президенттен үлгү ала турган бир оң тажрыйба бар: Конституциянын айрым пункттарынын (2019–2020-жылдарда аракетке кирет деп эсептелген) ишке киришүү мөөнөттөрүнө убактылуу түрдө (белгисиз мөөнөткө, же бери эле болгондо, экс-президентчесинен, өз кызматтык мөөнөтү аяктаганга чейин!) мораторий коюу жолу менен, өзүнүн азыркы кызматтык полномочиелерин сактап калууга умтулушу зарыл.

Бул азыркы саясий кырдаалда бир топ реалдуу. Соңку парламенттик чечүүчү кадрдык добуш берүү — ​мурдагы генералдык прокурорду кызматтан алуу боюнча, — ​парламенттеги контролдук пакет толугу менен жаңы президенттин көзөмөлүнө өткөндүгүн билдирип турат. Демек, президент азыр бул парламент аркылуу, эч кандай кошумча проблемаларсыз эле, өз полномочиелерине тиешелүү болгон бардык маселелерди да оңой эле чече алат.

Бул жалпы коомчулук тарабынан да табигый жана күтүлгөн кадам катары кабылданары шексиз. Анткени, Конституцияга киргизилген эң соңку өзгөртүүлөргө ылайык, азыркы президенттин полномочиелери ансыз да мурдагы президенттикине салыштырмалуу кыйла чектелүү болуп калгандыгы маалым. Бийлик рычагдарынан аз-аздап улам ажырай берүүнүн натыйжасы — ​өз таасири чектелүү болуп калган президенттик бийликти алсыз, катардагы бийлик бутактарынын бирине айлантат. Андай президент өлкө жашоосуна орчундуу өзгөртүүлөрдү канчалык кааласа да, бүт күч-кубатын, энергиясын жумшаса да, эч качан киргизе да албайт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *