Президенттин аппарат башчылыгына Медет Садыркуловдун кадры ылайыктуубу?

Дээрлик беш айга чукул убакыттан бери президенттин аппарат башчысы эмнеге дайындалбай келет? Бул көрүнүш өлкөнүн кадр саясатындагы кризистин жеткен чегиби же башка да сыры барбы? Өлкө башчыбыз Сооронбай Шарипович образдуу салыштырганда эмнеге болочоктогу «оң колу» болчу таасирдүү фигураны тандай албай убара? Бул жагын өлкөдөгү көрүнүктүү инсандарыбыз кандайча чечмелешет?

Досбол НУР уулу, экс-министр:

– «Вазир жакшы – хан жакшы» деген сыңары, президенттик аппарат башчысынын ээлеген орду өтө жооптуу, чоң. Ага аппараттын уюштуруу иштери эле эмес, өлкөнүн ички-тышкы саясатынын данегин чаккан, улуттун жүгүн көтөргөн, билимдүү, уюштургуч адам керек. Учурда президент Жээнбеков өзүнө ылайыктуу кадрды издеп жаткандыр. Азыркы президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев деле такшалган, күчтүү кадр. Мезгилинде айтылуу Медет Садыркуловдун мектебинде сугарылган, ишеним артылса алдыдагы ишин камчы салдырбай алып кете алат. Негизи эле кадрды тандоо өтө жооптуу, ары татаал. Президенттин тагдыры кандайдыр бир деңгээлде ага байланыштуу. Күтө туралы.

Бекбоосун БӨРҮБАШЕВ, юридика илиминин доктору:

– Биздин Башмыйзамда «президент өзүнүн аппарат жетекчисин өзү дайындайт» деген берене бар. Андыктан, бул аралыкта эмнеге силер айткандай болочоктогу «оң колу» болчу фигураны тандай албай жатканы анын баардыгы өзүнөн. Менимче, ал киши бул орунга ылайыктуу дасыккан кадрды таппай жаткандай. Ал эми ажонун аппарат жетекчисинин негизи милдети Башмыйзамыбызда президенттин ишин камсыз кылуу экендиги жазылып, такталган. Мындай шартта өлкө башчысынын түйшүктүү, оңой эмес ишин камсыз кылыш үчүн күчтүү команда болуш керек. Ошондой күчтүү команданын башында аппарат жетекчи өзү болушу зарыл. Ал эми ар бир ажонун оюна, боюна, максаттарына жараша бул орунга өздүк кадры керек. Ушул күндөрү Жээнбековдун аппарат башчылыгынын милдетин жетекчинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев аркалоодо. Ал киши канчалык милдетин аркалабасын, ишке бөгөт болуп жаткандыгы билинип эле турат. Аппараттын иши шар болушу үчүн биротоло ошол кишиге беришпейби, туурабы? Беш айдан бери ажобуз аппарат башчысын тандай албай жатышы – өлкөбүздө кандайдыр бир деңгээлде кадрдык таңсык бар экенин билгизип турат.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер:

– Бул суроого эки негизде жооп берсе болот. Биринчиден, чын эле көп жылдан берки кадр маселесине жасалган кайдыгер, өзүм билемдик мамиле өлкөдө мамлекеттик кадр кризисин пайда кылды. Бул жөнүндө учурунда мен чоң макала жазгам. «Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтарга татыктуу кадр коюуда кыйналат» деп. Экинчиден, бизде тээ союз мезгилинен бери келаткан бир «оору» бар. Кадрларды коюуда регионалдык теңдикти сактоо деген. Маселен, «президент түштүктөнбү, демек, аппарат башчысы түндүктөн болушу керек» деген сыяктуу. Эч жерде жазылбаса да бул«мыйзамды» баардык мамлекеттик жетекчилер карманышат. Бул да аппарат башчыны тандоого өз кедергисин тийгизип жатканын ачык айтышыбыз керек. Мамлекет үчүн таза иштеген, өз кесибине татыктуу кадрлар ушундай «каскактардын» кесепетинен учурунда кызматка көтөрүлө албай калышкан фактылар көп. Аппарат башчылыгына кадр тандоодо президенттин шашпай, аяр мамиле кылышы бир чети колдоого аларлык көрүнүш. Себеби, «вазир жакшы – хан жакшы» деген кызмат так ушул кызмат. Белгилей кете турган нерсе, аппарат башчы жок болсо да президенттин аппараты ийкемдүү, жакшы иштеп келатышканын көрсөтүшүүдө. Буга өлкө башчынын өткөзгөн жолугушуулары, ал иш-чаралардагы көтөрүлгөн маселелер, президенттин сүйлөгөн сөздөрү далил болуп берет. Кыскасын айтканда, президент Жээнбековдун ар бир кадамы аппараттын элегинен өтүп турат. Муну кызмат тили менен айтканда «протокол» дешет. Кайсы жетекчи болбосун протоколдон чыкпаса оңой менен жаңылыштык кетирбейт. Анткени, ар бир жолугушуу, андагы сүйлөнгөн сөздөр күнү-түнү тынымсыз иштеген түйшүк менен даярдалат. Экспертизадан өтөт. Жаңылыштык кетсе ошол даярдагандардын баштары кетет. Мамлекеттик жетекчинин баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү тамаша иш эмес да. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жакшы сапаттарынын бири ал протоколду сыйлап, жакшы сактайт экен. Бул өлкө жетекчисине аброй гана алып келүүчү сапат. Буга чейинки айрым президенттерибиз протоколду сыйлабагандыктан өтө одоно каталарды кетирип келишкен. Мындай түркөйлүктү бир да мамлекеттик жетекчиге каалабас элем.

Зулпукар САПАНОВ, журналист:

– Президенттик аппараттын башчылыгы бүткүл мамлекеттик саясаттын чылбырын кармап турат. Дегеним, тизгин кармаган президентти ары-бери буруп, ажонун алдына кимдерди киргизип, кимдерди алыстатып коюучу рычагы бар. Эми ошол чечүүчү жерге беш айдан бери эч кимдин дайындалбай жатышы, биринчиден, ишенимдүү адамдын жоктугунан кабар берет. Бул жагдай талашсыз түрдө кадрлык кризис бар экенин туюнтууда. Экинчиден, президенттик аппарат жетекчинин 1-орун басары болуп иштеген Досалы Эсеналиев агабыздын мыкты иштеп, аппарат башчынын ордун өксүтпөгөнү шыкак болууда десек жаңылышпайбыз. Эгер аппарат аксап, иштей албай алапайын таппай калганда алдакачан эле шашылыш түрдө бирөөнү дайындамак. Андай коркунуч жоктугунан улам президент камсанабай иштеп жатат деген жыйынтык чыгарсак болот. Албетте, мындай шартта кайрылып келеби дегенчелик кылып акыйып Фаридди күтүп отуруунун кажети деле жок. Ылайыктуу эч ким табалбаса, тайсалдабай туруп бир нече ай мурун эле Досалы аганы бекитиши кажет болчу. Себеби, кызмат бош турган сайын сөз көбөйөт, бийликке болгон ишеним кетет.

Урмат САМАЕВ, ЖК депутаты:

– Кадр саясатында кризис дегенге кошула албайм. Анткени, бизде бул кызматка татыктуу кадрлар абдан көп. Президент Сооронбай Шарипович трайбализм жана башка жат көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн ротация жолу аркылуу кадрларды алмаштырып жатат. Ошол сыяктуу эле өзүнүн аппарат башчысын кайра-кайра алмаштыра бербей, ар кайсы кызматта өзүн көрсөткөн ийгилигине жараша биротоло дайындайын деген максатта күтүп жүрдү болуш керек. Ошол себептен, президенттин аппарат жетекчисин дайындоо көпкө созулуп кетти. Менимче, жакында өлкө башчыбыз бул орунга татыктуу адамды дайындайт деп ойлойм.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *