Президенттин кайрылуусу көпчүлүк күткөндөй болбой калды

Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңешке кайрылуусунун негизги мааниси президент Атамбаевден айырмаланып активдүү, зиректүү иштей турганы боюнча дагы бир сигналды жиберүү болду.

Баардыгыбыздын эсибизде, Атамбаев Жогорку Кеңешке беш жылда бир эле жолу басып келип кайрылганы. Акыркы жолу ушул чакырылыш жаңы шайланганда, трибунадан “Максимдин балдары шайландыңар” деп ызырынганын кантип унутмак элек? Экс-депутат Каныбек Осмоналиев айткандай, Атамбаев Жогорку Кеңешке жийиркенүү менен карачу. Жээнбеков болсо мекендин эң жогорку трибунасынан депутаттарга гана эмес, коррупция менен күрөш уланаарын, элдин ырыскысын жегендердин баары жазаланарын дагы бир жолу кайталады. Өзгөчө депутаттарга “жесе дагы биздин бала” деп болушкандан этият болгула деп эскертүү берилди. Административдик-территориалдык реформа ишке ашырылаарын, ал үчүн мекенибиз жыйырмадай шаардын тегерегинде, азыркы райондор жоюлуп, жаңыча түзүлөөрүн айтты. Президенттин сөзүнүн негизги бөлүгү акыйкаттыкты орнотууга арналды. Элибизди Жээнбековдун “адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду” курам деген сөздөрү кубандырды. Муну ал киши чын жүрөктөн айтып жатканы байкалып турду. Бирок эмнегедир президент мырза келе жаткан жылдын 1-январынан күчүнө кирчү кылмыш жаза кодекстеринен катуу үмүт эткендиги таң калтырды. Гезиттерде бир канча жолу ал кодекстер мактай турчу мыйзамдар эмес, шашылыш түрдө кабыл алынган, дүйнөлүк илимий практикада аналогу жок чийки кодекстер экени айтылып келбеди беле. Ошол эле мыйзамдар күчүнө кирер замат, сот реформасы ишке ашып, мекенибизде адилеттүү коом түзүлүп калчудай болсо гана. Жок, улуу урматтуу президент мырза, соттор өзүнөн-өзү эле оңолуп, мыйзамдын негизинде, элди урматтап, Кудайдан коркуп иштеп калышпайт! Ал үчүн сиздин тарабыңыздан өтө чечкиндүү чара көрүү талап кылынат. Акыркы кезде саясий туткундар боюнча кеп көп айтылып атат, бирок алар тарткан запкы боюнча маалымат кеңири тарап атса, түрмөлөрдө эч күнөөсүз миңдеген замандаштарыбыз отурганын унуталыбы? Жалпы эл шайлаган мамлекет башчы ошол болуша турган күчү жок кембагал, байкуштардын сообун алыш үчүн аракетин аябаса, эмки жылдын 1-январын күтпөстөн, чечкиндүү чара көрсө деген элдин үмүтү, апалардын көз жашы жана Кудайга күнүгө жалынып, суранычы гана бар. Экономика маселелеринде президент мырза “бизнести текшербегиле” дегендей эле болду. Абылгазиевдин өкмөтү эч кандай ич жылытаарлык бир демилге менен ушул күнгө чейин чыга алган жок. Равшан Жээнбеков айтмакчы, алар “президенттин уруксаты жок, эшигин кулуптай алышпайт”. Сапардан калган баягы эле жаш балдардын деңгээлиндеги “электрониканы өркүндөтөбүз” деген сыяктуу бир проекттер. Экономикабыз секирик жасай турчу бир дагы жаңы программа жөнүндө ушул күнгө чейин уга алган жокпуз. Биз башка көйгөйлөрдү айтпай эле коёлу. Кечээ күнү бир телеберүүдө “эмне үчүн ордолуу Ош шаарыбызды өлкөнүн жарымы болгон Ош областы менен кошкондо дагы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрдүн төртөө гана алтын сертификат ала алышты?” деген маселени кабыргасынан коюп, акыркы жылдары бийлик мектеп курулушу менен гана алек болуп, билим берүү проблемалар унутта калганы эскертилди. Ушул сыяктуу суроолорго азыркы өкмөт жооп бере турчу дарамети да жетпеши айдан ачык. Президентибиз кайчы жолдо токтоп калгансыгандай элес калтырууда. Тегерегинин баары муруңку кадрлар. Өзү болсо “керек, зарыл, тийиш” деп эле айтат. Анын сөзүн так аткарчу күч жок. Инерция менен эле баягы арабабыз мигранттардын которгон жеми менен гана калдырайт. Азыр элдин көбүндө коррупция иштери менен алек болуп жаткан президент Жээнбековго болгон ишеними чоң. Бирок бара-бара бул эйфория өтөт. Талап күчөйт. Эртең эле болбогон жерден бийлик чалына турган болсо, баары төө басты кылчудай. Сооронбай Жээнбеков тарыхта өнүгүү реформаларынын автору жана тарыхый инсан катары калгысы келсе, убакыт эң маанилүү фактор болгонун эске салабыз. Бийлигин бекемдеди, элдин ишенимине ээ болду, баардык “козырлар” колунда, кеп ошолорду туура пайдаланууда. Майда-чүйдө маселеге алаксыбай, туура жолду таап, элиңизди ээрчитиңиз, мырза президент Сооронбай Жээнбеков! Кечээки кайрылуу сөзсүз керек болгону талашсыз. Бирок, көпчүлүк президент күчтүү сөздөр менен эл алдына чыгып, көпчүлүккө дух берет деп күткөн. Сооронбай Жээнбеков эмоцияга алдырбай, дипломатиялык тилге салып, жумшак гана кайрылып койду. Мына ушул нерсе кээ бир саясатчыларга жакпай калганы ачык. 7 жылда байлык топтоо менен гана убара болгон бийлик менен кыл чайнашып тиреш жүрүп жаткан соң, алардын демин басып коюу үчүн да “зарыл, керек” деген сөздөрдүн ордуна “аткарам, жасайм” деген сөздөрдү басым менен айтып койгондо куп жарашмак. Сооронбай Шариповичтин кайрылуусунан соң анын саясатын колдоп келаткан саясатчылар “Соке көп жүктү мойнуна алып койду. Экономикага да өзү жооп берет. Жоопту ошондон талап кылабыз. Түрмөдө жаткандардын иши алдыга жылбаганы АШАнын буйругун унутта калтырып, саясий туткундардын дооматын да Сокеге оодарды. Күзүндө саясий абал чыңалып, кийинки жылдын жазында “Сооронбай кет!” деген талаптар айтылып калышы мүмкүн” деген сөздөрдү айта башташты. Бул маселеге президент өз командасы менен терең ойлонуп, анализ жүргүзөр.

Кыялбек Тагаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *