Президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов 2017-жылы тапкан кирешесинин бардыгын коротуп жиберген

Фарид Ниязов 2017-жылы Президенттин аппаратынын жетекчиси жана кеңешчиси болуп турган учурда 521миң 35 сом киреше тапкан, ал каражаттын 450 миң сомун короткон. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин кирешеси жана чыгашасы жазылган Бирдиктүү салык декларациясынын негизинде билдирди.

Мурунку президенттик кеңешчинин мүлкүн аянты 45,2 чарчы метрди түзгөн батири, “Ауди 80” үлгүсүндөгү автоунаасы, ЛТЗ-60 үлгүсүндөгү трактору жана бир нече жер тилкелери түзөт.

Ишенимдүү башкарууга ал чабандык үйү менен кошарын жана айыл-чарба иштерине багытталган жерин өткөрүп берген.

Анын жакын туугандары 450 миң сом киреше таап, анын 310 миң сомун коротушкан. Аларга аянты 45,2 чарчы метрди түзгөн батир таандык. Кыймылдуу мүлктө 655 миң сомго сатып алынган ири мүйүздүү мал жазылган.

Булак:KyrgyzToday 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *